Дүйнө менен бөлүшүү
3,2%дүйнөлүк ИДӨ түзүмүнүн
2,2%дүйнөлүк өнөр жай өндүрүшүнүн
2,7%дүйнөлүк экспорттун

Жалпы экономикалык
көрсөткүчтөрү

  • Ички дүң өндүрүм ЕАЭБда 2023-жылы —
    2 391,9 трлн. АКШ доллары
  • Өнөр жай өндүрүшү 2023-жылы —
    103,7% к 2022
  • ЕАЭБ өлкөлөрүнүн үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодасынын 2021-жылдагы көлөмү —
    988,2 млрд. АКШ доллары
2,3%дүйнөдөгү калктын санынан
2,6%дүйнөлүк санынын
ЕБ деңгээлинен
 2%
төмөн

Калкы

  • 2022-жылдын 1-январына карата калктын саны — 185,4 млн. киши
  • Экономикалык активдүү калктын саны 2022-жылы —
    93,4 млн киши
  • Жумушсуздук деңгээли — 4,2% (ЕБ – 6,2%, АКШ – 3,7%, Дүйнө – 5,3%)
14,5%дүйнөлүк өндүрүштүн
20,3%дүйнөлүк өндүрүштүн
4,7%дүйнөлүк өндүрүштүн

Энергетика

  • Мунай казып алуу — 611,7 млн. тонна
  • Газ казып алуу — 818,0 млрд. куб м
  • Электр энергиясын өндүрүү — 1 335,3 млрд. кВт саат
4,3%дүйнөлүк өндүрүштүн
4,3%дүйнөлүк өндүрүштүн

Өнөр жай

  • Болот өндүрүү — 84,0 млн тонна
  • Чоюн өндүрүү — 57,5 млн. тонна
3орун дүйнөдө
4орун дүйнөдө
3,9%дүйнөлүк интернет колдонуучулардын

Инфраструктура

  • Темир жолдордун узундугу —
    145,2 миң км
  • Автомобиль жолдордун узундугу —
    1 952,4 мин км
  • Интернет тармагына жеткиси ар калктын үлүшү —
    калктын 84,9%
2,7%дүйнөлүк өндүрүштүн
6,1%дүйнөлүк өндүрүштүн
5,3%дүйнөлүк өндүрүштүн

Айыл чарбасы

  • Айыл чарба өндүрүшү —
    135,6 млрд. АКШ доллары
  • Дан жана дан-буурчак өсүмдүктөрүнүн жалпы түшүмү —
    171,7 млн. тонна
  • Сүт өндүрүү — 51,0 млн. тонна

Еразия
экономикалык
бирлиги

Евразия экономикалык бирлиги - эл аралык укук субъектилигине ээ жана Евразия экомикалык бирлиги тууралуу Келишим менен негизделген чөлкөмдүк экономикалык интеграция боюнча эл аралык уюм.

ЕАЭБте товарлардын, кызматтардын, капитал жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылы, ошондой эле экономиканын тармактарында координацияланган, макулдашылган же бирдиктүү саясат жүргүзүү камсыз кылынат.

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер - Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясы.

ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин улуттук экономикаларынын ар тараптуу жаңыланышы, кооперациясы жана атаандаштыгынын жогорулашы жана калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуунун кызыкчылыгында туруктуу өнүгүү үчүн шарт түзүү максатында түзүлгөн.

республикасынын казакстан республикасынын армения россия федерациясынын беларусь республикасынын кыргыз республикасынын
Никол Пашинян

Армения
Республикасынын
премьер-министри

Никол Пашинян

Александр Лукашенко

Президенти
Республикасынын
Беларусь

Александр Лукашенко

Касым-Жомарт Токаев

Президенти
Республикасынын
Казакстан

Касым-Жомарт Токаев

Садыр Жапаров

Кыргыз
Республикасынын
Президенти

Садыр Жапаров

Владимир Путин

Россия
Федерациясынын
Президенти

Владимир Путин

Армения
Республикасы
Беларусь
Республикасы
Казакстан
Республикасы
Кыргыз
Республикасы
Россия
Федерациясы
Артка жалпы картага
Негизги көрсөткүчтөрү
Улуттук экономиканын приоритеттери
Ереван Армения
Республикасы
Ереван

Борбору — Ереван
Аймагы — 29,7 мин км2
Калкы — 3,0 млн человек


Никол ПашинянАрмения
Республикасынын
премьер-министри
Никол Пашинян

Армения Республикасынын премьер-министри
Никол Пашинян

Биз товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, жумушчу күчүнүн жана капиталдын эркин жылышуусуна иш жүзүндө жетишүү, ошондой эле Бирликтин укугу менен регламенттелген экономикалык кызматташтыктын преференциалдык режимдерин киргизүү кызыкчылыгында ЕАЭБдеги өнөктөштөрүбүз менен активдүү өз ара аракеттенүүгө багыт алуудабыз.

НЕГИЗГИ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

ЭКОНОМИКАЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

2018-жылда ички дүң өнүм учурдагы баалар менен 12,4 млрд АКШ долларын түздү. Ички дүң өнүмдүн физикалык көлөмүнүн индекси (туруктуу баалар менен) 2018-жылда 2017-жылга карата – 105,2%.

2018-жылда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен 4,0 млрд АКШ долларын түздү. Өнөр жай өндүрүшүнүн индекси (туруктуу баалар менен) 2018-жылда 2017-жылга карата – 104,2%.

2018-жылда айыл чарба продукциясынын көлөмү учурдагы баалар менен 1,8 млрд АКШ долларын түздү. Ички дүң өнүмдүн физикалык көлөмүнүн индекси (туруктуу баалар менен) 2018-жылда 2017-жылга карата – 92,4%.

ӨНӨР ЖАЙДЫН НЕГИЗГИ ТАРМАКТАРЫ

Куруу материалдарын казып алуу жана иштетүү, түстүү металлургия, шарап-коньяк азыктарын өндүрүү. Металл кескич алеттерин, пресс-калып жабдуусун, так аспаптарды, синтетикалык резина, шина, пластмасса, химиялык була, минералдык жер семирткичтерди, электр кыймылдаткычтарын, куралдарды, микроэлектроника, зер буюмдарын, жибек кездемелерин, трикотаж, байпак өндүрүмүн чыгаруу боюнча иш-чаралар иштейт.

ЕАЭБ ТЫШКЫ ЧЕК АРАСЫНДАГЫ БАЖЫ ИНФРАСТРУКТУРАСЫ

Бажы чек арасынын узактыгы: 1 254,0 км (1,9%).

4 автомобиль, 1 темир жол, 2 аба өткөрүү түйүнү жайгашкан.

УЛУТТУК ЭКОНОМИКАНЫН ПРИОРИТЕТТЕРИ

АЙЫЛ ЧАРБАСЫ

2006—2010-жж. өлкөнүн ИДӨнүн 18% үлүшүн ээлеген, Армениянын экономикасынын маанилүү тарагы. Жергиликтүү экологиялык жактан таза айыл чарба азыктарынын аркасы менен Арменияда азык-түлүк тармагы бат өсүп келе жатат жана чоң экспорттук потенциалга ээ.

ТОО ӨНӨР ЖАЙЫ

Армениянын жери айрым минералдык ресурстарга бай. Өлкөнүн аймагында 480ден ашуун пайдалуу кен чыккан жерлер ачылган. Тоо-кен тармагы Армениянын экономикасына маанилүү салым кошуп келет жана бул акыркы жылдардагы экспорттун эң бат өсүп келе жаткан секторлорунун бири — рудалар жана металлдар өлкөнүн экспортунун жарымынан көбүн түзөт.

ЭНЕРГЕТИКА

Энергетика — Армениянын экономикасынын эң толук кандуу иштеп жаткан жана өзүн актаган тармактарынын бири. Армения өзүнүн ички энергетикалык керектөөлөрүн канааттандырат. Армения энергетика, жаратылыш газы жана жылытуу боюнча көз карандысыз жөнгө салуучу агенттик түзгөн. Олуттуу прогресс лицензия берүүнү өнүктүрүүдө, кайчылаш субсидия берүүдө жана өзүн актаган баа койууда жана тарифтик түзүмдө байкалууда. Өнөр жайлык күйүүчү май ресурстары жок болуп, Армения өзүнүн калыбына келүүчү энергия булактарын, мисалы, гидроэнергетиканы, шамал жана күн энергиясын, өнүктүрүүгө чоң маани берет.

МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ ЖАНА ТЕЛЕКОММУНИКАЦИЯЛАР

ИТ/тeлекоммуникациялар — Армениянын экономикасынын эң өндүрүмдүү тармактарынын бири. Өкмөт ИТ тармагын артыкчылыктуу тармак деп жарыялап, аны ар кандай уюмдардын, мисалы, АР премьер-министри төрагалык кылган ИТ өнүктүрүү жана колдоо кеңешинин, Инкубациялык ишкерлик фондунун, аркасы менен колдоп келет. Армениянын ИТ жана телекоммуникациялар тармагы эбак Synopsys (ал өз ишмердүүлүгүнүн олуттуу бөлүгүн Арменияда аткарат), Microsoft, National Instruments, Mentor Graphics, Ericson жана Orange сыяктуу ааламдык бренддерди тарткан.

ХИМИЯ ЖАНА ФАРМАЦЕВТИКА ТАРМАКТАРЫ

Жогорку сапаттуу химиялык заттарды өндүрүүнүн бай салттары фармацевтика тармагына акыркы он жыл ичинде Армениянын экономикасындагы эң ийкемдүү өнүгүп келе жаткан тармактардын бири болууга мүмкүндүк берди. Өндүрүлгөн өнүмдүн 57%ы экспорттолот, ал эми орточо жылдык өсүш 24% (2003-жылдан бери) түзөт. Мындай өсүш бир нече маанилүү факторлор менен түшүндүрүлөт: ишбилги жана жогорку билимдүү жумушчу күчү, ишкерлердин ышкыбоздугу жана олуттуу жергиликтүү жана түз чет өлкөлүк инвестициялар.

TУРИЗМ

Туризм — Армениянын экономикасынын алдыңкы жана ийкемдүү өнүгүп келе жаткан тармактарынын бири. Бай тарыхый-маданий ресурстарга ээ болуу менен, Армения атаандаштыкка жөндөмдүү туризм өнүмдөрүн жана жогорку ишбилгилүү кызматтарды сунуштоого жөндөмдүү. Арменияга келип кеткен туристтердин жылына өсүшү акыркы жылдары орто эсеп менен 25% түзүүдө. 2011-жылы өлкөгө 800 000 чамалуу турист келген.

Булак

Артка жалпы картага
Негизги көрсөткүчтөрү
Улуттук экономиканын приоритеттери
Минск Беларусь
Республикасы
Минск

Борбору — Минск
Аймагы — 207,6 мин км2
Калкы — 9,5 млн человек


Александр ЛукашенкоПрезиденти
Республикасынын Беларусь
Александр Лукашенко

БЕЛАРУСЬ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
Александр Лукашенко

Беларусь үчүн эң жакын кошуналары менен терең, жемиштүү интеграция өнүгүүнүн табигый жолу болгон, болуп келет жана болмокчу. Эки референдум абсолюттук көпчүлүк менен бийликке интеграцияга анык мандат берди.

Бирлик мамлекетинин алкагында интеграциялык даярдануулар аларды кеңирирээк, ар тараптуу форматта эс-акылдуу жана ишенимдүү колдонууга жардам берди. Бирлик мамлекети, Бажы бирлиги, Бирдиктүү экономикалык мейкиндик бири-бирин байытып, өз ара толуктап турушчу.

Азыр биз тагдыр чечүүчү деп аталуучу чечимдерди ишке ашыруу баскычына чыгып жатабыз. Биздин интеграцияны чечкиндүү түрдө тереңдетүү ниетибиз — кокустук эмес. Бул, мындайча айтканда, жашоодон келип чыккан манифест.

НЕГИЗГИ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

ЭКОНОМИКАЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

2018-жылда ички дүң өнүм учурдагы баалар менен 59,6 млрд АКШ долларын түздү. Ички дүң өнүмдүн физикалык көлөмүнүн индекси (туруктуу баалар менен) 2018-жылда 2017-жылга карата – 103,0%.

2018-жылда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен 54,1 млрд АКШ долларын түздү. Өнөр жай өндүрүшүнүн индекси (туруктуу баалар менен) 2018-жылда 2017-жылга карата – 105,7%.

2018-жылда айыл чарба продукциясынын көлөмү учурдагы баалар менен 9,3 млрд АКШ долларын түздү. Ички дүң өнүмдүн физикалык көлөмүнүн индекси
(туруктуу баалар менен) 2018-жылда 2017-жылга карата – 96,6%.

2018-жылда мунай, анын ичинде газ конденсатын казып алуу – 1,7 млн тонна, киши башына – 176,1 кг.

2018-жылда жаратылыш газын казып алуу – 0,2 млрд м3, киши башына – 22,3 м3

Беларусь Республикасынын 2018-жылдагы экспорту 33,9 млрд АКШ долларын түздү (2017 жылы – 29,2 млрд АКШ доллары),

Беларусь Республикасынын 2018-жылдагы импорту 38,4 млрд АКШ долларын түздү (2017 жылы – 34,2 млрд АКШ доллары).

ӨНӨР ЖАЙДЫН НЕГИЗГИ ТАРМАКТАРЫ

Металлургия өнөр жайы, машина куруу, металл иштетүү, химиялык и нефтехимиялык, жеңил, азык-түлүк өнөр жайы.

ЕАЭБ ТЫШКЫ ЧЕК АРАСЫНДАГЫ БАЖЫ ИНФРАСТРУКТУРАСЫ

Бажы чек арасынын узактыгы: 2 334,3 км (3,5%).

25 автомобиль жолу, 13 темир жол, 7 аба жолу, 3 дарыя жолу, 34 жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрүү түйүнү жайгашкан.

УЛУТТУК ЭКОНОМИКАНЫН ПРИОРИТЕТТЕРИ

АЛЬТЕРНАТИВАЛЫК ЭНЕРГЕТИКА

Беларусь Республикасы альтернативалуу энергетиканын бардык багыттарын өнүктүрүү үчүн олуттуу жаратылыш-климат жана ресурс потенциалына ээ.. Айрым баалоолорго ылайык, калыбына келүүчү энергия булактарын (мындан ары — ККЭБ) өнүктүрүүгө Беларустагы техникалык потенциал жылына жалпысынан 80 млн тонна шарттуу отун түзөт, бул өлкөдөгү энергия ресурстарын керектөөнүн жалпы көлөмүнөн көп.

ЭЛЕКТРОНИКА ЖАНА ТИРИЧИЛИК ТЕХНИКАСЫ

Беларусь Республикасынын аймагында тиричилик техникасын жана электроника өндүрүүнү уюштуруу БЭМ мүчө өлкөлөрүнүн (Беларусь, Казакстан, Россия) бат өсүп келе жаткан базарына чыгуу мүмкүнчүлүгүн ачат, ал базардын сыйымдуулугу 2012-ж. болжол менен 33 млрд АКШ долларын.(компьютерлерди, кеңсе техникасын жана мобилдик телефондорду кошкондо 41,7 млрд АКШ долларын) түзгөн. БЭМ аймагында тиричилик техникасы жана электроника базарынын 2009 - 2012-ж.ж. орточо жылдык өсүү арымы 11 — 12 % түзгөн.

БИОТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА ФАРМАЦЕВТИКА

Беларусь Республикасынын аймагында фармацевтика өндүрүмүн чыгарууну уюштуруу ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн сыйымдуу жана ийкемдүү өнүгүп келе жаткан базарына алымсыз чыгууну камсыз кылат. 2013-жылы БЭМ фармацевтикалык базарынын жалпы сыйымдуулугу дүң баа менен санаганда болжол менен 35,2 млрд АКШ долларын түзгөн (КМШ өлкөлөрүнүн жалпы фармацевтикалк базарынын 80%).

Булак

Артка жалпы картага
Негизги көрсөткүчтөрү
Улуттук экономиканын приоритеттери
Астана Казакстан
Республикасы
Астана

Борбору — Астана
Аймагы — 2 724,9 мин км2
Калкы — 17,4 млн человек


Касым-Жомарт Токаев

Президенти
Республикасынын
Казакстан
Касым-Жомарт Токаев

КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
Касым-Жомарт Токаев

Казакстан, Россия жана Беларустун Бажы бирлиги тарыхта биринчи жолу өлкөлөрүбүздүн калктарын бири-бирин сыйлоо, улуттук өзгөчөлүгүн сактоо жана жалпы келечектин ажырагыстыгын таануунун негизинде жакындатып отурат.

Бажы бирлигин Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке, ал эми бир аздан кийин — Евразия экономикалык бирлигине ырааты менен трансформациялоо калктарыбыздын гүлдөп-өсүшү үчүн кубаттуу дем болуп, өлкөлөрүбүздү ааламдагы алдыңкы орундарга алып чыкмакчы.

Биз бардыгыбыз калктардын жаңы кайталангыс евразиялык коомдоштугунун киндигин кесип отурабыз, анын бирдиктүү өткөндүн бай тажрыйбасы гана эмес, келечектин ажырагыс жалпы тарыхы бар.

НЕГИЗГИ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

ЭКОНОМИКАЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

2018-жылда ички дүң өнүм учурдагы баалар менен 179,3 млрд АКШ долларын түздү. Ички дүң өнүмдүн физикалык көлөмүнүн индекси (туруктуу баалар менен) 2018-жылда 2017-жылга карата – 104,1%.

2018-жылда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен 79,0 млрд АКШ долларын түздү. Өнөр жай өндүрүшүнүн индекси (туруктуу баалар менен) 2018-жылда 2017-жылга карата – 104,4%.

2018-жылда айыл чарба продукциясынын көлөмү учурдагы баалар менен 13,0 млрд АКШ долларын түздү. Ички дүң өнүмдүн физикалык көлөмүнүн индекси (туруктуу баалар менен) 2018-жылда 2017-жылга карата – 103,4%.

2018-жылда мунай, анын ичинде газ конденсатын казып алуу – 90,4 млн тонна, киши башына – 4 944 кг.

2018-жылда жаратылыш газын казып алуу – 55,5 млрд м3, киши башына – 3 034,2 м3

ӨНӨР ЖАЙДЫН НЕГИЗГИ ТАРМАКТАРЫ

Түстүү жана кара металлургия, химиялык, машина куруу, жеңил, азык-түлүк, ошондой эле мунай иштетүү жана курулуш материалдарын өндүрүү.

ЕАЭБ ТЫШКЫ ЧЕК АРАСЫНДАГЫ БАЖЫ ИНФРАСТРУКТУРАСЫ

Бажы чек арасынын узактыгы: 7 350,7 км (11,2%).

19 автомобиль жолу, 7 темир жол, 16 аба жолу, 2 аба өткөрүү түйүнү жайгашкан.

УЛУТТУК ЭКОНОМИКАНЫН ПРИОРИТЕТТЕРИ

МУНАЙ ИШТЕТҮҮ ЖАНА МУНАЙ-ГАЗ СЕКТОРУНУН ИНФРАСТРУКТУРАСЫ

Казакстан Республикасы мунай камдары боюнча дүйнөдө 11-орун жана газдын камдары боюнча 17-орунду ээлейт. 2012-жылы республикада мунай жана газ конденсатын казп алуу 79 млн тонна, газ казып алуу 40 млрд куб. м түзгөн. Орточо күндүк мунай зана газ конденсатын казып алуунун көлөмү 200 миң тоннадан ашат.

ТОО МЕТАЛЛУРГИЯ ТАРМАГЫ

Хром рудасынын дүйнөлүк камдарынын 30%ы, марганец рудаларынын — 25%, темир рудаларынын — 10%ы Казакстанда топтолгон. Жез, коргошун жана цинктин камдары тиешелүү түрдү дүйнөлүк камдардын 10 жана 13%ын түзөт. Казакстан титан өндүрүү боюнча дүйнөдө 3-орунду, цинк өндүрүү боюнча — 7-орун, коргошун өндүрүү боюнча — 8, темир рудасын өндүрүү боюнча — 13, жез — 15, болот өндүрүү боюнча — 35-орунда турат.

ХИМИЯЛЫК ӨНДҮРҮШ

Казакстанда химия тармагынын өндүрүшүнүн көлөмү 2008-жылдан 2013-жылдарга чейин 74,3%га өсүп, 184,9 млрд тенге түзгөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө химия өнөр жайынын үлүштүк салмагы 2013-ж. 1% болгон. 2013-ж. химия тармагынын өндүрүшүнүн көлөмү 1 232 млн АКШ долларын түзгөн.

АТОМ ӨНӨР ЖАЙЫ

Бардык чалгындалган дүйнөлүк камдардын 19%ы Казакстан Республикасынын жеринде топтолгон (МАГАТЭ маалыматына ылайык). Өлкөнүн жалпы камдары 802 тыс тонна уран деп бааланат.

МАШИНА КУРУУ

Казакстандын машина куруу тармагынын артыкчылыктуу милдети — ички базардын керектөөлөрүн болушунча канааттандыруу жана кошумча наркы жогору болгон өндүрүмдү өндүрүүнү көбөйтүүнүн эсебинен экспортту кеңейтүү.

ФАРМАЦЕВТИКА ӨНӨР ЖАЙЫ

Артыкчылыктуу милдет — эл аралык GMP стандарттарына ылайык заманбап технологиялардын негизинде фармацевтикалык жана медициналык өндүрүмдүн импортунун ордун басуу үчүн шарт түзүү. 2013-жылдын 1-жарым жылдыгында Казакстан фармацевтика өндүрүмүн 12,8 млн АКШ доллары суммасында экспорттосо, ошол эле убакта импорт 725,5 млн АКШ долларын түзгөн.

АГРОӨНӨР ЖАЙ КОМПЛЕКСИ

Өлкө үчүн приоритет — Астана жана Алматы шаарларынын тегерегинде азык-түлүк курчоолорун түзүү. Агроөнөр жай комплексинин негизги өндүрүштөрү дан жана этти терең кайра иштетүүгө багытталып, негизинен түндүк чөлкөмдөрдө жайгаштырылмакчы.

ТУРИЗМ ТАРМАГЫ

Казакстандын аймагында 118 өзгөчө кайтарылуучу жаратылыш аймагы, анын ичинде 11 мамлекеттик улуттук парктар бар, алардын чегинде экотуризмге жол берилет. Казакстандын беш чөлкөмү аркылуу өтүүчү «Батыш Европа — Батыш Кытай» унаа коридору аны бойлой туристтик кластер түзүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берүүдө.

МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ

«Маалыматтык — Казакстан 2020» программасынын алкагында Казакстандын Өкмөтү интеллектуалдык улут түзүү үчүн төрт негизги милдет койгон: мамлекеттик башкаруу тутумунун натыйжалуулугун камсыз кылуу, маалмат-коммуникациялык инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, коомдун социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшү үчүн маалымат чөйрөсүн түзүү жана ата мекендик маалымат мейкиндигин өнүктүрүү.

БИОТЕХНОЛОГИЯЛАР

КРдагы медициналык каражаттарды ички өндүрүү 11% (алардан эмдөөлөр — 1,1 %), ветеринардык каражаттар 78% түзөт, калган каражаттар өлкөгө ташып келинет.

КОСМОС ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Казакстандын космос тармагынын негизги милдети — республиканын өнүгүшүнүн индустриалдык-инновациялык ылдамдоосуна, улуттук коопсуздук жана коргонууну бекемдөөгө, илимдин жана бийик технологиялардын өнүгүшүнө өбөлгө боло тургандай экономиканын илимди талап кылган жана бийик технологиялык сектору катары толук кандуу космос тармагын түзүү.

АЛЬТЕРНАТИВАЛЫК ЭНЕРГЕТИКА

2015-жылга карата электр энергиясын чыгаруусу 400 млн кВт/саат болгон 125 МВт аныкталган кубаттуулуктагы шамал орнотмолорун куруу болжолдонууда. 2015-жылга чейин Республикада жалпы аныкталган кубаттуулугу 100 МВт-тан жогору, электр энергиясын чыгаруусу саатына 300 млн кВт деп болжолдонгон жаңы кичи ГЭСтерди ишке киргизүү пландаштырылууда. Азыркы учурда энергиянын калыбына келүүчү булактарын колдонуу боюнча объектилерден өндүрүлүүчү электр энергиясын эске алганда, калыбына келүүчү энергия булактарынын электр энергиясын чыгарышы жылына 1 млрд кВт.саат болот деп күтүлүүдө.

Булак

Артка жалпы картага
Негизги көрсөткүчтөрү
Улуттук экономиканын приоритеттери
Бишкек Кыргыз
Республикасы
Бишкек

Борбору — Бишкек
Аймагы — 199,9 тыс км 2
Калкы — 5,9 млн человек


Садыр ЖапаровКыргыз
Республикасынын
Президенти
Садыр Жапаров

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
Садыр Жапаров

НЕГИЗГИ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

Экономикалык көрсөткүчтөр

2018-жылда ички дүң өнүм учурдагы баалар менен 8,1 млрд АКШ долларын түздү. Ички дүң өнүмдүн физикалык көлөмүнүн индекси (туруктуу баалар менен) 2018-жылда 2017-жылга карата – 103,5%.

2018-жылда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен 3,7 млрд АКШ долларын түздү. Өнөр жай өндүрүшүнүн индекси (туруктуу баалар менен) 2018-жылда 2017-жылга карата – 105,4%.

2018-жылда айыл чарба продукциясынын көлөмү учурдагы баалар менен 3,0 млрд АКШ долларын түздү. Ички дүң өнүмдүн физикалык көлөмүнүн индекси (туруктуу баалар менен) 2018-жылда 2017-жылга карата – 102,7%.

2018-жылда мунай, анын ичинде газ конденсатын казып алуу – 0,2 млн тонна, киши башына – 31,6 кг.

2018-жылда табигый газды казып алуу – 0,03 млрд м3, киши башына – 4,3 м3

Негизги өнөр жай тармактары

Айыл чарба, гидроэнергетика, түстүү металлургия, тоо кен өнөр жайы, машинокуруу, аспап куруу, жеңил жана тамак –аш өнөр жайы

УЛУТТУК ЭКОНОМИКАНЫН ПРИОРИТЕТТЕРИ

ТУРИЗМ

Кыргыз Республикасында туризм тармагында иштеген 67 миңден ашык фирмалар бар жана алар өлкө калкынын 5,2% ашыгын жумуш менен камсыз кылышат. Туристтик тейлөөлөрдүн экспорту 678 млн. долларды түзөт. Туризм сектору өлкөнүн ИДП 10% ээлейт. Кыргызстанга келип кеткен чет элдик туристтер саны жылына 2,4 млн. ашык адамды түзөт.

ТОО-КЕН ТАРМАГЫ

Кыргыз Республикасы Азия чөлкөмүндө кен байлыктарга эң бай өлкөлөрдүн бири. Өлкө минералдык ресурстарга бай, алтын жана сейрек кездешүүчү металлдар сыяктуу кен байлыктары менен белгилүү.

ЖЕҢИЛ ӨНӨР ЖАЙ

Салык салуунун жеңилдетилген системасынын негизинде жана арзан чийки заттарды колдонуу менен жеңил өнөр жай тармагы өлкөдө акыркы жылдары дүркүрөп өнүгүүдө. Алсак, акыркы 5 жылда продукциянын көлөмүнүн өсүшү 59% түзгөн. Акча эквивалентинде продукциянын өндүрүшү жылына 375 млн. АКШ долларын түзөт. Бул сектордо 90 000-150 000 адам эмгектенет. Бир айлык орточо эмгек акы 170 АКШ долларын түзөт. Жеңил өнөр жай тармагы негизинен экспортко багытталган. Өндүрүлгөн продукциянын 90% Россиянын, Казакстандын жана Европанын рынокторуна жөнөтүлөт. Кийим экспорту көлөмү боюнча өлкөдө алтындан кийинки 2-орунда турат. Сектордо 35 000 ашык компания иштейт. Бул тармак үчүн салык салуунун жеңилдетилген системасы – патент берүү каралган.

Агроөнөр жай сектору

Агроөнөр жай сектору Кыргыз Республикасында эң приоритеттүү жана жогору кирешелүү секторлордун бири болуп саналат. Бул сектордун өлкөнүн экономикасына кошкон салымы ИДП 17,5% түзөт. Өлкөнүн эмгек ресурстарынын 30% ушул сектордо эмгектенет. 2012-жылы 357 миңден ашуун айыл чарбасынын субъекттери катталган. Продукциянын бир жылдык дүң чыгарылышы 3,5 млрд. АКШ долларына чейин жетет. Айыл чарбасынын бардык продукциялары 12%дык КНС бошотулган. Мындай жагдай ага эл аралык рыноктордо артыкчылык берет.

ТРАНСПОРТ

Транспорт тармагы да Кыргыз Республикасынын экономикасындагы олуттуу өнүгүп келе жаткан секторлордун бири. Жүк ташуулардан түшкөн кирешелер 2012-жылы 163 миң АКШ долларын түзгөн. 2012-жылы жүк ташуулардын көлөмү 39,4 млн. тоннага чейин жеткен. Жүк ташуулардын эң көп жайылган түрү – автомобилдик жүк ташуулар, 2012-жылы анын көлөмү 38 млн. тоннага жеткен.

КУРУЛУШ

Кыргыз Республикасынын экономикасында курулуш сектору чоң потенциалга ээ. Жыл сайын республикада курулуштун масштабдары көбөйүүдө. Бул сектордо 700 ашык компания иш алып барат. Өлкөнүн ИДП кошкон салымы 5,7% түзөт. 2012-жылы куруш индустриясынын өсүшү 17% жеткен. Расмий божомолдорго ылайык, жакынкы 3 жылда бул тармактын өсүшү 18% түзөт.

ЭНЕРГЕТИКА

Кыргыз Республикасы үчүн энергетика – стратегиялык тармак болуп эсептелет. Республиканын гидроэнергетикалык потенциалы электр энергиясы менен өз өлкөсүн гана эмес, башка өлкөлөрдү да камсыздоого мүмкүндүк берет. Гидроэнергетика энергетикалык ресурстардын жалпы көлөмүнүн 53% ээлейт. Бул өлкөнүн ИДП 2% жана өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн 16% түзөт. Бул сектор республикалык бюджеттин 10% камсыздайт. Өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы 142,5 млрд. кВт/с түзөт. Анткен менен өлкөнүн потенциалы 8-9,5% гана ишке киргизилген.

Маалымат булагы

Артка жалпы картага
Негизги көрсөткүчтөрү
Улуттук экономиканын приоритеттери
Москва Россия
Федерациясы
Москва

Борбору — Москва
Аймагы — 17,1 мин км 2
Калкы — 146,3 млн человек


Владимир ПутинПрезиденти
Россия Федерациясынын
Владимир Путин

РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
Владимир Путин

Биз алдыбызга дымактуу милдет коюп жатабыз, ал — Евразия бирлигине жетүү. Биз заманбап дүйнөнүн уюлдарынын бири болууга жөндөмдүү кубаттуу мамлекеттен жогорку бирикменин моделин сунуштайбыз.

Жаратылыш ресурстары, капиталдар, күчтүү адамдык потенциал кошулуп.Евразия бирлигине индустриалдык жана технологиялык жарышта, инвесторлор үчүн мелдеште, жаңы жумушчу орундарын жана алдыңкы өндүрүштөрдү түзүүгө эрегиште атаандаштыкка жөндөмдүү болууга мүмкүндүк берет. Жана башка өзөктүү оюнчулар жана регионалдык түзүмдөр менен бир катарда ааламдык өнүгүүнүн туруктуулугун камсыз кылат.

Өлкөлөрүбүз ааламдык өсүү жана цивилизациялык прогресс лидерлеринин катарына кирип, ийгиликке жана гүлдөп-өсүүгө жетише алат

НЕГИЗГИ КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

ЭКОНОМИКАЛЫК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

2018-жылда ички дүң өнүм учурдагы баалар менен 1 661,0 млрд АКШ долларын түздү. Ички дүң өнүмдүн физикалык көлөмүнүн индекси (туруктуу баалар менен) 2018-жылда 2017-жылга карата – 102,3%.

2018-жылда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен 1 115,4 млрд АКШ долларын түздү. Өнөр жай өндүрүшүнүн индекси (туруктуу баалар менен) 2018-жылда 2017-жылга карата – 102,9%.

2018-жылда айыл чарба продукциясынын көлөмү учурдагы баалар менен 81,9 млрд АКШ долларын түздү. Ички дүң өнүмдүн физикалык көлөмүнүн индекси
(туруктуу баалар менен) 2018-жылда 2017-жылга карата – 99,8%.

2018-жылда мунай, анын ичинде газ конденсатын казып алуу – 555,5 млн тонна, киши башына – 3 783,4 кг.

2018-жылда жаратылыш газын казып алуу – 726,0 млрд м3, киши башына – 4 944,7 м3.

ӨНӨР ЖАЙДЫН НЕГИЗГИ ТАРМАКТАРЫ

Тышкы соода көлөмү, анын ичинде ич ара соода (учурдагы баалар менен), 2010-жылкы 629 млрд. АКШ долларынан 2014-жылы 786,9 млрд. АКШ долларына чейин, анын ичинде экспорт — 398,7 АКШ долларынан 499,4 млрд. АКШ долларына, импорт — 230,3 АКШ долларынан 287,5 млрд. АКШ долларына чейин өстү.

ЕАЭБ ТЫШКЫ ЧЕК АРАСЫНДАГЫ БАЖЫ ИНФРАСТРУКТУРАСЫ

Бажы чек арасынын узактыгы: 54 843,2 км (83,4%).

120 автомобиль жолу, 51 темир жол, 82 аба жолу, 70 деңиз жолу, 4 дарыя жолу, 1 көл жолу, 10 аралаш өткөрүү түйүнү жайгашкан.

УЛУТТУК ЭКОНОМИКАНЫН ПРИОРИТЕТТЕРИ

ЭНЕРГИЯ НАТЫЙЖАЛУУЛУГУ

Негизги баалык көрсөткүч — энергия үнөмдөө, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана ченемдик укуктук базадагы кемтиктерди толтуруунун аркасы менен 2020-жылга карата Россиянын ИДӨндөгү энергетика ресурстарынын үлүшүнүн 40%га төмөндөшү

КОСМОС ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ ЖАНА ТЕЛЕКОММУНИКАЦИЯЛАР

Башкы максат — өлкөнүн аймагында маалымат кызматтарынын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле улуттук экономиканын бардык секторлорунда заманбап маалыматтык инфраструктура иштеп чыгуу

МЕДИЦИНАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА ФАРМАЦЕВТИКА

Өзөктүү максат — дарылардын жана медициналык жабдуунун көп бөлүгүн Россиянын аймагында өндүрүү, ошондой эле инновациялык дары каражаттарын иштеп чыгуу жана өндүрүү, россиялык өндүрүшчүлөрдүн жаңы базарларга чыгышы.

МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ ЖАНА ПРОГРАММАЛЫК КАМСЫЗДОО

Маалымат кызматтарынын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, ошонун ичинде заманбап социалдык жана өнөр жайлык маалымат инфраструктурасын өнүктүрүү Россиянын улуттук экономикасы үчүн приоритет болуп саналат.

АТОМ ЭНЕРГЕТИКАСЫ

Башкы милдет — дүйнөлүк атом базарындагы Россия Федерациясынын алдыңкы ордун сактап калуу, арзан энергияны кепилденген узак мөөнөттүү тапшырып туруу үчүн шарт түзүү, уранды керектөөнү олуттуу кыскартуу, ошондой эле айлана-чөйрөгө терс таасирдин тобокелин азайтуу.

Булак

Жогорку Евразия Экономикалык кеңеши

Кеңештин курамы тууралуу толугураак

ЕВРАЗИЯЛЫК ӨКМӨТТӨР АРАЛЫК КЕҢЕШ

Кеңештин курамы тууралуу толугураак

Евразия экономикалык комиссиясы

Комиссиянын курамы тууралуу толугураак

ЕВРАЗИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК БИРЛИГИНИН СОТУ

Соттун курамы тууралуу толугураак

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши — Бирликтин жогорку органы, анын курамына ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин башчылары киришет.

Евразия өкмөттөр аралык экономикалык кеңеши – курамына мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн башчылары кирген орган.

Евразия экономикалык комиссиясы – Бирликтин туруктуу иштөөчү мамлекеттен жогорку жөнгө салуучу органы, аны Комиссия Кеңещи жана Комиссиянын Коллегиясы түзөт. Комиссиянын негизги милдеттери - Бирликтин иштөө жана өнүгүү шарттарын камсыз кылуу, ошондой эле Бирликтин алкагында экономикалык интеграция чөйрөсүндө сунуштарды иштеп чыгуу.

Бирликтин соту – Бирликтин сот органы, ал мүчө мамлекеттер жана Бирликтин органдары ЕАЭБтууралуу Келишимди жана башка Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерди аткарышын камсыз кылат.

Жогорку Евразия Экономикалык кеңеши

Никол Пашинян

Армения
Республикасынын
премьер-министри,
төрага

Никол Пашинян

Республикасынын
Армения
Өкмөт сайты
Александр Лукашенко

Президент
республики
Беларусь

Александр Лукашенко

Республикасынын
Беларусь
Сайттын Президенти
Касым-Жомарт Токаев

Президент
республики
Казахстан

Касым-Жомарт Токаев

Республикасынын
Казакстан
Сайттын Президенти
Садыр Жапаров

Кыргыз
Республикасынын
Президенти

Садыр Жапаров

Кыргыз
Республикасы
Сайттын Президенти
Владимир Путин

Президент
Российской
Федерации

Владимир Путин

Россия
Федерациясынын
Сайттын Президенти

ЕВРАЗИЯЛЫК ӨКМӨТТӨР АРАЛЫК КЕҢЕШ

Никол Пашинян

Армения
Республикасынын
премьер-министри,
төрага

Никол Пашинян

Республикасынын
Армения
Өкмөт сайты
Роман Головченко

Беларусь
республикасынын
премьер-министри

Роман Головченко

Республикасынын
Беларусь
Өкмөт сайты
Олжас Бектенов

КАЗАКСТАН
РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

Олжас Бектенов

Республикасынын
Казакстан
Өкмөт сайты
Садыр Жапаров

МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ - ПРЕЗИДЕНТТИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ

Акылбек Жапаров

Кыргыз
Республикасы
Өкмөт сайты
Михаил Мишустин

Россия Федерациясынын
Өкмөтүнүн Төрагасы

Михаил Мишустин

Россия
Федерациясынын
Өкмөт сайты

Евразия экономикалык комиссиясы Сайттын толугураак

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши



Армения Республикасынын вице-премьер-министри, төрага

Мгер Григорян


Беларусь Республикасынын Премьер-Министринин орун басары

Игорь Петришенко


Қазақстан Республикасының Премьер-Министрдің орынбасары

Серик Жумангарин


Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары

Адылбек Касымалиев


Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары

Алексей Оверчук


Евразия экономикалык
комиссиясынын
коллегиясынын төрагасы

Бакытжан Сагинтаев

Евразия экономикалык
комиссиясынын
коллегиясы



Интеграция жана
макроэкономика боюнча
Коллегия мүчөсү (Министр)

Сергей Глазьев


Экономика жана
каржы саясаты боюнча
Коллегия Мүчөсү (Министр)

Бахыт Султанов ​


Өнөр жай жана
агроөнөр жай
комплекси боюнча
Коллегия Мүчөсү (Министр)

Гоар Барсегян


Соода боюнча
Коллегия Мүчөсү (Министр)

Андрей Слепнев


Техникалык жөнгө
салуу боюнча Коллегия мүчөсү (Министр)

Валентин Татарицкий


Бажы кызматташтыгы
боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр)

Эльдар Алишеров


Энергетика жана
инфраструктура боюнча
Коллегия Мүчөсү (Министр)

Арзыбек Кожошев


Атаандаштык жана
монополияга каршы жөнгө
салуу боюнча
Коллегия Мүчөсү (Министр)

Максим Ермолович


Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр)

Варос Симонян

ЕВРАЗИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК БИРЛИГИНИН СОТУ

ЕАЭБ Сотунун Судьясы

Александр Федорцов

СОТТУН ТӨРАГАСЫ


ЕАЭБ Сотунун Судьясы

Жолымбет Баишев

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ


ЕАЭБ Сотунун Судьясы

Эрна Айриян

ЕАЭБ Сотунун Судьясы

Армен Туманян

ЕАЭБ Сотунун Судьясы

Татьяна Нешатаева

 

ЕАЭБ Сотунун Судьясы

Денис Колос

ЕАЭБ Сотунун Судьясы

Венера Сейтимова

ЕАЭБ Сотунун Судьясы

Константин Чайка

 

Казакстандын Президенти  Н. А. Назарбаев М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети  
Москва, 29-март 1994-жыл

чыгып сүйлөө
Долбоор

Казакстандын Президенти Н. А. Назарбаев жана Россиянын биринчи Президенти    Б. Н. Ельцин
Москва, январь 1995-жыл

Макулдашуу

Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ортосунда экономикалык жана гуманитардык тармактарда интеграцияны тереңдетүү жөнүндө Келишимге кол коюу  
Москва, 29-март  1996 -жыл

Келишими
Макулдашуу

Беларусиянын Президенти А. Г. Лукашенко, Кыргызстандын Премьер-Министри К. М. Жумалиев, Казакстандын Президенти Н. А. Назарбаев, Россиянын биринчи  Президенти и Б. Н. Ельцин жана  Тажикстандын Президенти Э. Рахмон
Москва, февраль 1999 -жыл

Келишими

Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз  Республикасынын, Россия Федерациясынын жана  Тажикстан Республикаларынын Президенттери  
Астана 10- октябрь 2000-жыл

Арыз
Чечим
Келишими

Россиянын Президенти В. В. Путин, Казакстандын Президенти Н. А. Назарбаев, Беларусиянын Президенти А. Г. Лукашенко жана Украинанын  Президенти Л. Д. Кучма
Ялта, сентябрь 2003-жыл

Макулдашуу

Сочиде ЕврАзЭКтин формалдык эмес саммитинде евразия интеграциялык процесстерге катышышкан мамлекеттердин Президенттери    
16-август  2006-жыл

Макулдашуу

ЕврАзЭК саммитинде
Душанбе, октябрь 2007 -жыл

Келишими

Евразия экономикалык коомчулукка мүчө мамлекеттердин башчылары жана ЕврАзЭСтин Генералдык катчысы    
Москва, декабрь 2010 -ж

ДЕКЛАРАЦИЯ

Жогорку Евразия экономикалык кеңешке мүчө мамлекеттердин башчылары жана евразия интеграциялык процесстерге катышкан мамлекеттердин башчылары
Москва, декабрь 2011 -жыл

ДЕКЛАРАЦИЯ
Келишими
РЕШЕНИЕ
Келишими

Жогорку Евразия экономикалык кеңешке мүчө мамлекеттердин башчылары жана евразия интеграциялык процесстерге катышкан мамлекеттердин башчылары
Москва, декабрь 2011 -жыл

Макулдашуу

Жогорку Евразия экономикалык кеңешке мүчө мамлекеттердин башчылары Евразия экономикалык кеңеш жөнүндө Келишимге кол коюу учурунда  
Астана, 29-май 2014 -жыл

Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишим күчүнө кирди
Армения Республикасы ЕАЭБге кошулду
Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулду

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттеринин «ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө» жарыясы
ЕАЭБ жана Вьетнамдын ортосундагы Эркин соода зонасы жөнүндө келишим күчүнө кирди

ЕАЭБдин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюлду жана ратификацияланды
Тоскоолдуктардын, алып коюулардын жана чектөөлөрдүн «Ак китеби»

ЕЭКтин COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына жана пандемиянын кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган негизги чараларын жана чечимдерин кабыл алуу
Өзбекстан Республикасына жана Куба Республикасына ЕАЭБдин алкагында байкоочу мамлекет статусун берүү.

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын бекитүүсү.
ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары Иран менен эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону жактыруусу.

1994...
1995...
1996...
1999...
2000...
2003...
2006...
2007...
2010...
2011...
2012...
2014...
2015...
2016...
2017...
2018...
2019...
2020

Россияга биринчи расмий сапарынын жүрүшүндө, 1994-жылдын 29-мартында, М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде Казакстандын Президенти Нурсултан Абишевич Назарбаев Мамлекеттердин Евразия Бирлигин түзүү ою менен биринчи жолу чыгып сүйлөгөн.

1994-жылдын июнунда ийне-жибине чейин иштелип чыккан интеграция долбоору мамлекет башчыларына жөнөтүлүп, андан соң басма сөзгө чыгарылган. Биринчи жолу расмий документте жаңы интеграциялык бирикме Евразия Бирлиги деп аталган.

1995-жылы Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы тараптардын чарба жүргүзүүчү жактарынын ортосунда экономикалык эркин иштешүүсү үчүн кедергилерди жок кылууга, эркин товар алмашууга жана чынчыл атаандаштыкка, жана акыры келип Тараптардын экономикаларынын таруктуу өнүгүшүн кепилдөөгө багытталган Бажы бирлиги тууралуу Макулдашууга кол коюшкан.

1995-жылы кол коюлган «үчилтиктин» Макулдашуусу интеграциялык уюткуну аныктаган, ал азыркы убакта да Евразия мейкиндигиндеги интеграциялк процесстердин кыймылдаткычы болуп келет.

1996-жылдын 29-мартында Москвада Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Президенттери Экономикалык жана гуманитардык чөйрөсүндө интеграция тууралуу Келишимге кол коюшту

Тажикстан Республикасы Келишимге 1998-жылы келип кошулган.

Тең укуктуу жана бүт жактарга байдалуу кызматташуунун жогорку формасы катарында ойлонулган Евразия бирлиги түпкүрүндө постсоветтик мейкиндиктеги көз карандысыз мамлекеттердин цивилизациялуу өз ара байланыштарынын модели болуп саналат, мында алар суверинитетин, аймактык бүтүндүгүн жана чек аралардын бузулбаганын сөзсүз сакташат. Бул принциптер акырындык менен турмушка ашырылып келе жатат.

1999-жылдын 26-февралында Москвада Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстан Республикасынын Президенттери Бажы бирлиги жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндик тууралуу Келишимге кол коюшкан.

2000-жылдын 23-майында Минскте Мамлекеттер аралык Кеңештин отурумунда 2000-жылдын сентябрына чейин Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстан Республикасынын мамлекеттер аралык интеграциялык бирикмесин түзүү тууралуу келишимдин долбоорун даярдоо чечими кабыл алынган.

2000-жылдын 10-октябрда Астанада Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстан Республикасынын Президенттери Бажы бирлигин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндигин түзүү процессин натыйжалуу сүрөө максатында Евразия экономикалык коомдоштугун (ЕврАзЭС) негиздешкен.

2003-жылдын 19-сентябрында Ялтада Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Украинанын Президенттери Бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Тараптардын өкмөттөрү товарлардын, кызматтардын, капитал жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылдоосун камсыз кылган бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүү максатында БЭМ укуктук базасын даярдоонун үстүндө ишин башташкан.

2006-жылдын августунда Сочидеги ЕврАзЭС мүчө мамлекеттеринин башчылары формалдык эмес саммитинин жүрүшүндө Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы Бажы бирлигин түзүү боюнча ишти «үчилтик» форматында активдештирип, андан кийин Кыргыз Республикасын жана Тажикстан Республикасын алардын экономикаларынын даяр болушуна жараша кошуп алуу тууралуу чечим кабыл алышкан.

2007-жылдын 6-октябрында Душанбеде Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын бирдиктүү бажы аймагын жана Бажы бирлигин түзүү тууралуу Келишимге кол коюлган. Коюлган максат — ич ара соодада товарларды эркин кыймылдатууну жана Бажы бирлигинин үчүнчү өлкөлөр менен сооданын жагымдуу шарттарын камсыз кылуу, экономикалык интеграцияны өнүктүрүү

2010-жылдын январында Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы бирлиги иштей баштаган: Бирдиктүү бажы тарифи ишке киргизилген, ички чек араларда бажы жол-жоболоштуруусу жана бажы көзөмөлү алып салынган, үч мамлекеттин аймагында товарлардын тоскоолдуксуз кыймылдашы камсыз кылынган.

2010-жылдын декабрында Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин иштей башташы үчүн негиз болгон 17 базалык эл аралык келишим кабыл алынган, ошондой эле Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигин түзүү тууралуу декларацияга кол коюлган.

2011-жылдын ноябрында Бажы бирлигиндеги өлкөлөрдүн лидерлери Евразия экономикалык интеграциясы тууралуу декларацияга кол коюп, анда интеграциялык курулуштун кийинки баскычына — Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке — өтүү тууралуу билдиришкен. Президенттер ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясы тууралуу Келишимге кош коюшкан.

2011-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын ББне кошулушу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн башталышы тууралуу чечим кабыл алынган.

2011-жылдын декабрында Президенттер БЭМ түзүүчү макулдашуулардын 2012-жылдын 1-январынан тарта күчүнө киришин аныктаган «Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигин түзүүчү эл аралык келишимдердин күчүнө кириши тууралуу» чечим кабыл алышкан.

2012-жылдын январында Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигинин укуктук базасын түзүүчү, эми товарлардын гана эмес, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылдашы үчүн негиз түзгөн эл аралык келишимдер күчүнө кирген. «Төрт эркиндик» форматын толук кандуу ишке ашыруу үчүн 50дөн ашуун документ иштеп чыгуу жүрүп жатат.

Февралда Евразия экономикалык комиссиясы Москвадагы баш кеңсеси менен ишин баштаган.

2014-жылдын 29-майында ББ жана БЭМ мүчө мамлекеттеринин Президенттери Жогорку евразия экономикалык кеңешинин Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) тууралуу Келишимге кол коюшкан. Келишим Евразия экономикалык долбоорунун интеграциянын жаңы, тереңирээк деңгээлине өтүшүн белгиледи.

2014-жылдын 10-октябрында Минскте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жүрүшүндө Армения Республикасынын ЕАЭБне кошулушу тууралуу келишимге кол коюлган.

2014-жылдын 23-декабрында Москвада Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Президенттери бир тараптан жана Кыргыз Республикасынын Президенти экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын ЕАЭБне кошулушу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ушул эле жерде бекитилген документтер ПДФ (СӨЗ, ДОЛБООР)

Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишим күчүнө кирди

Армения Республикасы ЕАЭБге кошулду

Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулду

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттеринин «ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө» жарыясы

ЕАЭБ жана Вьетнамдын ортосундагы Эркин соода зонасы жөнүндө келишим күчүнө кирди

ЕАЭБдин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюлду жана ратификацияланды

Тоскоолдуктардын, алып коюулардын жана чектөөлөрдүн «Ак китеби»

ЕАЭБдин Бажы кодекси жөнүндө келишим күчүнө кирди

ЕАЭБ жана КЭР ортосунда Соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

ЕАЭБ жана Ирандын ортосунда эркин соода зонасын түзүүгө алып барган, Убактылуу макулдашууга кол коюлду

Молодова Республикасына ЕАЭБдин алдында байкоочу өлкө статусу берилди

ЕАЭБ жөнүндө келишимге 5 жыл
Эмгекчилерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюу
ЕАЭБдин жана Сингапурдун ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюу
ЕАЭБдин жана Сербиянын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюу
ЕАЭБдин жана КЭРдин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши
ЕАЭБдин жана Ирандын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып барган убактылуу макулдашуунун күчүнө кириши



12 Апреля, 2024

2024-жылдын 12-апрелиндеги ЕЭК Кеңешинин отурумунун жыйынтыктары

Толугураак

12 Апреля, 2024

Дары препараттарынын биоэквиваленттүүлүгүнө изилдөө жүргүзүү эрежелери өзгөртүлдү

12 Апреля, 2024

ЕАЭБде дары өндүрүүчүлөрдүн фармакологиялык көзөмөл тутумдарына Фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүүнүн бирдиктүү эрежелери кабыл алынды

12 Апреля, 2024

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Ирандын ишкерлери эркин соода жөнүндө макулдашуунун алкагында кызматташууну улантышат

12 Апреля, 2024

ЕАЭБ идентификациялоо каражаттары менен маркалоого жаткан жеңил өнөр жай товарларынын тизмегин кеңейтет

12 Апреля, 2024

Спорттук жабдуулар жана инвентарлар ЕАЭБ алкагында жөнгө салынуучу продукциянын бирдиктүү тизмегине киргизилди

4 Марта, 2024

ЕЭК Кеңешинин 2024-жылдын 1-мартындагы отурумунун жыйынтыктары

1 Марта, 2024

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин атаандаштык чөйрөсүндөгү укугуна өзгөртүүлөрдүн топтомун кабыл алды

2 Февраля, 2024

"Евразиялык агроэкспресс" 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жогорку маржиналдык азык-түлүктүн экспорттук жеткирүүлөрүн 6%га көбөйттү

2 Февраля, 2024

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлоруна жаңы долбоорлор кошулду

1 Февраля, 2024

ЕЭК Коллегиясынын жаңы курамы ишке киришти

1 Февраля, 2024

ЕЭК Коллегиясын Бакытжан Абдирович Сагинтаев жетектейт

26 Января, 2024

Оюнчуктарга карата техникалык регламентке өзгөртүүлөр кабыл алынды

26 Января, 2024

Сергей Лавров Михаил Мясниковичти "Эл аралык кызматташтыкка кошкон салымы үчүн" төш белгиси менен сыйлады

26 Января, 2024

Медициналык буюмдарга клиникалык жана клиникалык-лабораториялык сыноолорду (изилдөөлөрдү) жүргүзүү эрежелери жаңыртылды

26 Января, 2024

ЕЭК Кеңеши СТ-1 сертификатынын негизинде мамлекеттик сатып алууларга жетүү жүзөгө ашырыла турган товарлардын тизмесин кеңейтүүнү макулдады

26 Января, 2024

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши товарлардын преференциалдык эмес келип чыгышын тастыктоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрдү

26 Января, 2024

ЕЭК Кеңеши калкты томаттардын жетиштүү ассортименти менен камсыз кылуу үчүн убактылуу тарифтик жеңилдик берди

16 Января, 2024

ЖЕЭК Төрагасы, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашиняндын 2024-жылы Бирлик органдарында Армениянын төрагалыгына байланыштуу ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин башчыларына кайрылуусу

27 Декабря, 2023

ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларды көзөмөлдөө механизмин киргизүү улантылат

26 Декабря, 2023

ЖЕЭК Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жаңы курамын бекитти

26 Декабря, 2023

ЕЭК Кеңеши Беларуска тамак-аш продукциясын өндүрүү үчүн моллюсктардын айрым түрлөрүн алып келүүгө убактылуу тарифтик жеңилдик берди

26 Декабря, 2023

ЕЭК Кеңеши жалаякшымдарды өндүрүү үчүн суперабсорбенттерге нөлдүк алымдардын аракетин узартты

25 Декабря, 2023

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2023-жылдын 25-декабрдагы отурумунун жыйынтыктары

25 Декабря, 2023

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары "Евразия экономикалык жолу" экономикалык процесстерин андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияга кол коюшту

25 Декабря, 2023

Энергетика тармагындагы Жетекчилер кеңеши ЕАЭБдин жалпы электрэнергетикалык рыногун көзөмөлдөй алат

25 Декабря, 2023

2024-жылга карата ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин негизги багыттары бекитилди

25 Декабря, 2023

ЕАЭБде ички рынокто 25 тоскоолдук четтетилди

25 Декабря, 2023

ЕАЭБде 2024-2025-жылдарга макроэкономикалык саясаттын негизги багыттамалары аныкталды

25 Декабря, 2023

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары жакындаштыруу үчүн табигый монополиялар чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актылардын тизмесин аныкташты

25 Декабря, 2023

ЕАЭБ жана Иран толук форматтуу эркин соода аймагын түзүшөт

25 Декабря, 2023

ЕАЭБ Бажы кодексине тышкы сооданы жөнгө салуу жагында өзгөртүүлөр киргизилди

12 Декабря, 2023

2023-жылдын 12-декабрындагы ЕЭК Кеңешинин отурумунун жыйынтыктары

12 Декабря, 2023

ЕАЭБдин алкоголго карата техрегламентинин күчүнө кирүү мөөнөтү жылдырылды

12 Декабря, 2023

Май-тоң май техрегламентине өзгөртүүлөр киргизилди, анын ичинде тамак-аш продукциясындагы глицидил эфирлерин ченемдөөдө биринчи кадам жасалды

12 Декабря, 2023

ЕЭК Кеңеши "Евразия электробусу" мамлекеттер аралык программаны иштеп чыгууну жактырды

12 Декабря, 2023

ЕАЭБде өнөр жайдагы кооперациялык долбоорлорго финансылык көмөктөшүү механизмине катышкан каржы уюмдарынын тизмеси бекитилди

12 Декабря, 2023

ЕАЭБде алынып келинген карантиндик продукцияга карантиндик фитосанитардык контроль өркүндөтүлүүдө

12 Декабря, 2023

ЕАЭБде Атаандаштыкка каршы макулдашууга катышуу жөнүндө ыктыярдуу арыз берилген учурда жоопкерчиликтен бошотуу тартиби кабыл алынды

12 Декабря, 2023

ЕЭК Кеңеши үй тоокторунун эти рыногунун тең салмактуулугун камсыздоо боюнча чечим кабыл алды

12 Декабря, 2023

ЕАЭБде ветеринардык багыттагы дезинфекциялык, дезинсекциялык жана дезакаризациялык каражаттардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуунун бирдиктүү эрежелери белгиленди

12 Декабря, 2023

ЕЭК Кеңеши 2020-2022-жылдары рынокту чек ара аралык рынокко киргизүү критерийлерин колдонуу жөнүндө баяндаманы жактырды

12 Декабря, 2023

ЕЭК Кеңеши алып келүү бажы алымдарын мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн кошумча негиздердин колдонулушун узартты

24 Ноября, 2023

ЕЭК Кеңешинин отурумунун 2023-жылдын 23-24 ноябрындагы жыйынтыктары

24 Ноября, 2023

ЕАЭБде маркалоо жөнүндө чечимге өзгөртүүлөр товарлардын ички рынокто эркин жүрүүсүн камсыз кылууга жардам берет

24 Ноября, 2023

Күкүрттүн массалык үлүшү 1,5%дан ашпаган кеме отунун өндүрүү жана ЕАЭБ рыногунда жүгүртүүгө чыгаруу мүмкүнчүлүгү үч жылга узартылды

24 Ноября, 2023

ЕЭК Кеңеши өнүгүп келе жаткан жана аз өнүккөн өлкөлөрдөн товарлардын келип чыгышын тастыктоонун жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосун узартты

24 Ноября, 2023

ЕАЭБде тракторлорду жана өзү жүрүүчү машиналарды өндүрүүчүлөрдүн аларды газ менен иштеген кыймылдаткычтар менен жабдуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди

24 Ноября, 2023

ЕАЭБдин жана үчүнчү өлкөлөрдүн бажы транзитинин бирдиктүү тутуму түзүлүүдө

24 Ноября, 2023

ЕАЭБ 2024-жылы өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн бодо малдын этин ташып келүүгө тарифтик жеңилдик берет

24 Ноября, 2023

ЕЭК Кеңеши мамлекеттик сатып алуулар үчүн ТЧӨ эрежелерин өзгөртүү боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды

24 Ноября, 2023

ЕАЭБ электромобилдерди ташып келүүгө тарифтик жеңилдикти 2025-жылдын аягына чейин узартат

24 Ноября, 2023

ЕАЭБде товарларды экспорттоого жана импорттоого лицензияларды жана уруксаттарды электрондук түрдө алууга мүмкүндүк түзүлөт

26 Октября, 2023

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин ЕӨАК жыйынтыктары боюнча пресс-ыкмада сүйлөгөн сөзү

26 Октября, 2023

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары кооперациялык долбоорлорду тандоо жана аларга финансылык көмөк көрсөтүү эрежелерин бекитишти

26 Октября, 2023

ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногун өнүктүрүүнүн кезектеги этабы аяктады

26 Октября, 2023

Өкмөттөр аралык кеңешке ЕАЭБде интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларациянын долбоору сунушталды

20 Октября, 2023

ЕЭК Кеңеши 2024-жылдын 1-июлуна чейин Беларустун жана Россиянын навигациялык пломбалар боюнча экспериментин жүзөгө ашыруунун мөөнөтүн узартты

20 Октября, 2023

ЕАЭБ преференциялык сооданын алкагында товарлардын келип чыгышын тастыктоонун жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосун колдонуу мүмкүнчүлүгүн узартты

20 Октября, 2023

ЕАЭБде дары-дармектерди каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди

20 Октября, 2023

ЕАЭБдин "Чакан кемелердин коопсуздугу жөнүндө" техрегламенти өзгөртүлдү

27 Сентября, 2023

2024-жылдын 1-апрелине чейин жеке адамдар үчүн товарларды алымсыз ташып келүүнүн босогосу 1000 евро жана товарлар үчүн 31 кг түзөт

27 Сентября, 2023

2023-жылдын 27-сентябрындагы ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары

27 Сентября, 2023

Эки жаңы өнөр жай тармактары мамлекеттик сатып алууларга катышуу үчүн евразиялык эрежелерге киргизилди

27 Сентября, 2023

ЕАЭБ дары-дармектерди, алкоголсуз суусундуктарды, ширени, ошондой эле телефондорду жана ноутбуктарды маркалоо эрежелерин унификациялайт

27 Сентября, 2023

ЕЭК КНС салуу максаттары үчүн электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитти

27 Сентября, 2023

"Эттин жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөр кабыл алынды

27 Сентября, 2023

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутумун өнүктүрүүнүн 2024-жылга карата планын бекитти

27 Сентября, 2023

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү аба ырайын болжолдоо жана метрология боюнча кызмат көрсөтүүлөр сектору боюнча административдик кызматташтык жөнүндө макулдашууну жактырышты

27 Сентября, 2023

ЕАЭБдин техрегламенттеринин илимий-техникалык деңгээлин баалоо тартиби жана аларга карата стандарттардын тизмеси бекитилди

30 Августа, 2023

2023-жылдын 29-августунда өткөн ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары

30 Августа, 2023

ЕАЭБ килем продукциясын өндүрүү үчүн кездемелерге импорттук алымдарды эки жылга нөлгө түшүрдү

30 Августа, 2023

Айыл чарба жана токой чарба тракторлору үчүн жарык берүүчү техниканы жаңы талаптарга ылайык жасоого жана алып келүүгө болот

30 Августа, 2023

ЕАЭБде мамлекеттик сатып алуулар үчүн банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө келишимге кол коюлду

30 Августа, 2023

Мунай паспортунун бирдиктүү формасы жана аны толтуруу эрежелери бекитилди

30 Августа, 2023

Тамак-аш кошулмаларынын, жыт бергичтердин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугу жөнүндө техрегламентке өзгөртүүлөр киргизилди

25 Августа, 2023

Арменияда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отуруму болуп өттү

26 Июня, 2023

ЕЭК Кеңешинин 23-июндагы жыйынтыктары

26 Июня, 2023

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБде стандартташтыруу боюнча иштерди координациялоо тартибин бекитти

26 Июня, 2023

Жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарында камтылышы мүмкүн болгон ветеринардык дары каражаттарынын калдыгынын максималдуу жол берилген деңгээлдери белгиленди

26 Июня, 2023

ЕАЭБ Бажы кодекси жөнүндө келишимге тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилүүдө

26 Июня, 2023

ЕАЭБде каржы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү уланууда

26 Июня, 2023

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн вице-премьерлери Мамлекеттик сатып алуулар үчүн товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелерине карата өндүрүштүн жаңы шарттарын макулдашышты

26 Июня, 2023

ЕАЭБдин тийиштүү өндүрүштүк практика эрежелеринин талаптарына өндүрүштүн шайкештик сертификатына өзгөртүүлөр киргизилди

9 Июня, 2023

2023-жылдын 7-8-июнундагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары

9 Июня, 2023

ЕАЭБ алкагында окумуштуулук даражалар жөнүндө документтерди өз ара таануу камсыздалат

9 Июня, 2023

ЕАЭБде тоскоолдуктарды четтетүү арымдары медиативдик мамиленин аркасында эки эсе көбөйдү

9 Июня, 2023

Навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эксперименттердин жыйынтыктары 2023-жылдын аягына чейин чыгарылат

9 Июня, 2023

Бакытжан Сагинтаев: "2022-жылы ЖТБ боюнча оң корутундулардын үлүшү эң жогорку деңгээлге — 97%га жетти"

9 Июня, 2023

ЕАЭБ деңиз өткөрүү пункттарында электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн экинчи этабына өтүүдө

9 Июня, 2023

ЕӨАК ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунда электр энергиясын борборлоштурулган бир сутка алдыга сатуу оператору жөнүндө чечим кабыл алды

9 Июня, 2023

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары климаттык күн тартибинин маселелерин жөнгө салуу боюнча мамилелерди иштеп чыгуу тапшырмасын беришти

9 Июня, 2023

Өкмөт башчылары 2022-жыл үчүн ЕАЭБдеги чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жөнүндө жылдык отчетту бекитишти

9 Июня, 2023

Өкмөттөр аралык кеңеш ЕАЭБде транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча пландарды жактырды

9 Июня, 2023

ЕАЭБде санариптик күн тартипти кайра форматтоо башталды

29 Мая, 2023

II Евразия экономикалык форумунун жыйынтыктары

25 Мая, 2023

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2023-жылдын 25-майындагы отурумунун жыйынтыктары

25 Мая, 2023

ЕАЭБ товарларды экспорттоого жана импорттоого лицензияларды жана уруксаттарды электрондук түрдө берүүгө даярданууда

25 Мая, 2023

ЕАЭБ жөнүндө келишимге түзөтүүлөр топтому кабыл алынды

25 Мая, 2023

Мамлекет башчыларына Cтратегия-2025ти 2022-жылы ишке ашыруунун жыйынтыктары сунушталды

Дары препараттарынын биоэквиваленттүүлүгүнө изилдөө жүргүзүү эрежелери өзгөртүлдү

12 Апреля, 2024

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 12-апрелде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары препараттарынын биоэквиваленттүүлүгүнө изилдөөлөрдү жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Өзгөртүүлөр эки жол-жобого тиешелүү – дары-дармектердин биоэквиваленттүүлүгүн изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда референттик препаратты тандоого жана адамдарга карата биоэквиваленттүүлүктү изилдөөнү моделдик лабораториялык изилдөөлөр менен алмаштыруу (биовейверди жүргүзүү) жол-жобосуна.

Референттик дары-дармек препараттарын тандоо жол-жобосуна кошумча альтернативдүү варианттарды тандоо мүмкүнчүлүгү киргизилүүдө. ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнө Валентин Татарицкий түшүндүргөндөй, "өзгөртүү референттик катары тандалып алынган оригиналдуу дары препараттарын Бирликтин бажы аймагына жеткирүүдө пайда болгон татаалдыктар менен шартталган".

Бул варианттар дары-дармек препараттарын үчүнчү өлкөлөрдөн сатып алууну жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле көчүрүлгөн дары-дармек каражаттарын (дженериктерди) референттик катары кеңири колдонууга мүмкүндүк берет.

Биовейвер жол-жобосуна карата талаптардын өзгөрүшү бул жол-жобону баштапта жигердүү эмес молекулаларды камтыган жана аларды дары-дармектерге айландыруу адамдын организминде жүргөн дары-дармектер-препараттары үчүн колдонуу мүмкүнчүлүгүн камтыйт. Дагы бир мүмкүнчүлүк бар – бул жол-жобону Дары-дармектер боюнча эксперттик комитеттин макулдугун албастан, III класстагы дары-дармектер (начар эрүүчү, бирок жакшы сиңирилүүчү дары-дармектерге) үчүн колдонуу.

Өзгөртүүлөр Европа регионунда, Америка жана Азия өлкөлөрүндө колдонулган ушундай эле эрежелерге, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун дженериктерди жүгүртүүгө жол берүү ыкмаларына ылайык келет.

ЕАЭБде дары өндүрүүчүлөрдүн фармакологиялык көзөмөл тутумдарына Фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүүнүн бирдиктүү эрежелери кабыл алынды

12 Апреля, 2024

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши 12-апрелдеги отурумда ЕЭК Кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 83 чечимин Евразия экономикалык бирлигинин фармакологиялык көзөмөлүнүн талаптагыдай тажрыйбасынын эрежелеринин талаптарына шайкеш келүүсүнө Фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүү эрежелери менен толуктады.

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий мындай деп белгиледи: "Өзгөртүүлөр Бирликтин фармацевтикалык рыногунда "пайда – тобокелдик" катышынын оң профили менен далилденген, дары-дармек препараттарын жүгүртүүдө сактоого жана коомдук саламаттыкка жана калктын бакубаттуулугуна коркунуч туудурган дары-дармектерди жүгүртүүдөн жана өндүрүүдөн чыгарууга багытталган".

Учурда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары дары препараттарынын каттоо күбөлүктөрүн кармоочулардын фармакологиялык көзөмөл тутумун текшерүүнү мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырышат. Бул фармакологиялык тутумга фармацевтикалык инспекцияларды жүргүзүүгө карата ар кандай ыкмаларды колдонуу үчүн өбөлгөлөрдү түзүп, ЕАЭБдин айрым өлкөлөрүндө мындай инспекциялардын жыйынтыктарын тааныбоо мүмкүндүгүн жаратат.

ЕЭК Кеңеши тарабынан кабыл алынган документ фармакологиялык көзөмөл тутумдарына инспекцияларды жүргүзүү жол-жоболоруна жана мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара иштешүүсүнө карата бирдиктүү мамилелерди белгилейт. Мүчө мамлекеттердин инспектораттарынын ар бири тарабынан дары-дармектерди өндүрүүчүлөргө кайтадан (кайталоочу) инспекция жүргүзүүсү жокко чыгарылат, бул инспекциялык ресурстарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Фармакологиялык көзөмөл тутумунун фармацевтикалык инспекцияларын жүргүзүү эрежелери Европалык эрежелердин актуалдуу редакциясы менен шайкеш келтирилген жана Бирликтин фармацевтикалык рыногунда жүгүртүүдөгү дары каражаттарынын коопсуздугунун жана натыйжалуулугунун реалдуу көйгөйлөрүн баалоо тажрыйбасын жалпылоого жана колдонууга негизделген.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Ирандын ишкерлери эркин соода жөнүндө макулдашуунун алкагында кызматташууну улантышат

12 Апреля, 2024

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2023-жылдын 25-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин жана Иран Ислам Республикасынын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашууну ишке ашырууга багытталган иш-чаралар планын бекитти. Документте тараптардын ишкер коомдоштуктарынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү каралган.

"Атап айтканда, кезектеги Евразия экономикалык форумуна Ирандын өнөктөш катары катышуу маселеси иштелип чыгат. Жолугушуунун алкагында "ЕАЭБ-Иран" бизнес – диалогун уюштуруу жана өткөрүү болжолдонууда, – деди ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Тараптардын бизнес-диалогунун платформасын түзүү максатында, Евразия экономикалык бирлигинин Ишкер кеңеши менен Ирандын Соода, өнөр жай, тоо-кен иштери жана айыл чарбасы боюнча палатасынын ортосунда 2019-жылдын 25-сентябрындагы учурда колдонуудагы Кызматташуу жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү же жаңы меморандум түзүү пландаштырылууда. Бул платформанын алкагындагы иш-чаралар транспорт чөйрөсүндөгү кызматташтык, мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү, илимий изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар жаатындагы биргелешкен долбоорлор, ишканалар ортосунда кооперациялык байланыштарды түзүү, отун-энергетикалык комплексинин долбоорлору, ошондой эле энергонатыйжалуулук, энергияны үнөмдөө жана энергиянын жаңыланма булактары, билим берүү, медицина, телекоммуникациялар сыяктуу тармактык өз ара аракеттенүүнүн багыттарын эске алуу менен өткөрүлөт.

Ишкер коомдоштуктардан келип түшкөн сунуштар Биргелешкен комитет - Макулдашууну колдонууга жана ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн түзүлгөн орган тарабынан иштелип чыгат жана каралат.

Мындан тышкары, тараптар соодага көмөктөшүү боюнча уюмдардын биргелешкен иш-чараларынын планын даярдашат, анда бизнес-форумдарды, көргөзмөлөрдү, бизнес-миссияларды ж. б. өткөрүү каралмакчы.

ЕАЭБ идентификациялоо каражаттары менен маркалоого жаткан жеңил өнөр жай товарларынын тизмегин кеңейтет

12 Апреля, 2024

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши идентификациялоо каражаттары менен маркалоого жаткан жеңил өнөр жай товарларынын тизмегин кеңейтүү жөнүндө Россия Федерациясынын сунушун карап чыгып, Евразия экономикалык бирлигинин колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Түзөтүүлөр Комиссиянын Кеңешинин 2019-жылдын 18-ноябрындагы № 127 "Жеңил өнөр жайынын айрым товарларын идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүү жөнүндө" чечими менен бекитилген маркалоого жаткан продукциянын түрлөрүнө гана тиешелүү.

Маркалоо костюмдарга, көйнөктөргө, токулган буюмдарга, жасалма аң-териден даярдалган буюмдарга жана кийимдердин башка айрым түрлөрүнө карата жайылтылат. Бирликтин мүчө мамлекеттери көрсөтүлгөн товарларга карата 2024-жылдын 1-апрелинен тарта, маркаланбаган продукцияны жүгүртүүгө чыгарууга тыюу салууну белгилөөгө укуктуу.

"Маркаланууга жаткан жаңы товарларды этап-этабы менен киргизүү – бул жалпы тутумду өнүктүрүүдөгү логикалык кадам, ал керектөөчүгө алардын аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк берет жана мыйзамсыз жүгүртүүлөрдүн үлүшүн кыскартуунун эсебинен рыноктун ак ниет катышуучуларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат", – деп баса белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Белгилей кетүүчү нерсе, товарлардын жаңы топторун маркалоо мурдагыдай эле унификацияланган эрежелер боюнча жүргүзүлөт. Ошону менен бирге, Комиссиянын Кеңешинин 2019-жылдын 5-мартында № 19 чечими менен бекитилген, ЕАЭБде идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо тутумунун базалык технологиялык уюштуруу моделинин жоболору эске алынат. Демек, Бирликтин аймагында жүгүртүүдө товарларды кайра маркалоого туура келбейт.

Спорттук жабдуулар жана инвентарлар ЕАЭБ алкагында жөнгө салынуучу продукциянын бирдиктүү тизмегине киргизилди

12 Апреля, 2024

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 12-апрелдеги отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жөнгө салынуучу продукциялардын бирдиктүү тизмегин спорттук жабдуулардын жана шаймандардын айрым түрлөрү менен толуктады.

Тизмеге, атап айтканда, спорттук жана дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу жабдуулар жана шаймандар – футбол, мини-футбол, гандбол, хоккей үчүн дарбазалар, стенддик атуу жана спортинг үчүн буталар, ошондой эле гимнастикалык жабдуулар жана шаймандар – комбинирленген ассиметриялуу/параллелдүү устундар, параллелдүү устундар, турниктер, таяныч секирүү үчүн гимнастикалык түзүлүштөр, жумуру жыгачтар, батуттар, шакектер, швед дубалдары, торлуу тепкичтер, альпинизм үчүн каркас конструкциялары, аттар (спорттук), текелер (спорттук), аркандар, гимнастикалык столдор, отургучтар жана маттар, акробатикалык жолдор.

"Тилекке каршы, жигердүү дене-тарбия аракеттеринде жаракат алган учурлар сейрек эмес, анын ичинде спорттук мелдештер учурунда, – деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий. - Практика көрсөткөндөй, учурда колдонуудагы, бирок спорт жабдууларынын коопсуздугун камсыз кылуунун колдонууга милдеттүү эмес механизмдери, мисалы, ыктыярдуу сертификаттоо, көйгөйдү чечпейт. Комиссиянын Кеңеши тарабынан кабыл алган чечим, албетте, абалды жакшыртууга жардам берет".

Спорттук жабдуулардын жана шаймандардын белгилүү бир түрлөрүнүн бирдиктүү тизмегин толуктоо аларга карата милдеттүү талаптарды белгилөө үчүн укуктук негиз болуп саналат. Эми мындай талаптарды Бирликтин техникалык регламенттеринде же тиешелүү улуттук укуктук актыларда белгилөөгө болот.

ЕЭК Кеңешинин 2024-жылдын 1-мартындагы отурумунун жыйынтыктары

4 Марта, 2024

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн вице-премьерлери 1-мартта Москвада өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда 25 маселени карашты.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин атаандаштык чөйрөсүндөгү укугуна өзгөртүүлөрдүн топтомун кабыл алды. Чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелерин сактоо менен контроль жол-жобосун регламенттеген актыларга, мисалы, Арыздарды карап чыгуу, иликтөөлөрдү жүргүзүү, иштерди карап чыгуу тартиптери жана Жазапул жана атаандаштык абалын баалоо усулуна өзгөртүүлөр киргизилди. Чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө арыздарды эми Комиссияга Евразия экономикалык бирлигине кирген өлкөнүн каалаган мамлекеттик тилинде милдеттүү түрдө орус тилине которуу менен берүүгө болот. Мындай котормону күбөлөндүрүү жол-жобосу жеңилдетилди.

Оптикалык булаларды өндүрүү үчүн компоненттерди алымсыз алып келүү 2026-жылдын февраль айынын аягына чейин узартылды. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши оптикалык булаларды өндүрүү үчүн коргоочу жабуу катары колдонулган полиуретан жана эпоксиддик жабууларга карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк ченин узартуу жөнүндө чечим кабыл алды. 

ЕАЭБ жут буласын Арменияга жана Беларуска алып кирүүгө тарифтик жеңилдик берет. ЕЭК Кеңеши Армения Республикасына 3 тоннадан көп эмес көлөмдө жана Беларусь Республикасына 6 миң тоннадан көп эмес көлөмдө алынып келүүчү жут булаларынан же башка текстилдик лубян булаларына (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 5307 10 000 0 жана 5307 20 000 0), карата ташып келүү бажы алымынан бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдик берүү чечимин кабыл алды. Көрсөтүлгөн тарифтик жеңилдик ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген тастыктама болгондо берилет, аны колдонуу мөөнөтү 2026-жылдын 28-февралына чейин. 

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин атаандаштык чөйрөсүндөгү укугуна өзгөртүүлөрдүн топтомун кабыл алды

1 Марта, 2024

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 1-мартындагы отурумунда чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелерин сактоо менен контроль жол-жобосун регламенттеген актыларга, мисалы, Арыздарды карап чыгуу, иликтөөлөрдү жүргүзүү, иштерди карап чыгуу тартиптери жана Жазапул жана атаандаштык абалын баалоо усулуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө арыздарды эми Комиссияга Евразия экономикалык бирлигине кирген өлкөнүн каалаган мамлекеттик тилинде милдеттүү түрдө орус тилине которуу менен берүүгө болот. Мындай котормону күбөлөндүрүү жол-жобосу жеңилдетилди.

Иликтөөнү токтотуунун кошумча негизи кошулду – ошол эле адамдарга карата, ошол эле негиз жана предмет боюнча чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө иш боюнча Комиссия Коллегиясынын мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин болушу.

Мындан тышкары, созулган эреже бузуу аныкталган күн тууралуу талаш-тартышка чекит коюлду. Мындай күн катары иликтөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө аныктама чыгарылган күн аныкталды. Бул жоопкерчиликке тартуунун эскирүү мөөнөтүн эсептөө үчүн керек.

Түзөтүүлөр нысапсыз атаандаштыктын белгилерин кароодо рынокту талдоо алкагында атаандаштыктын абалын баалоо усулуна да тиешелүү. Эми иликтөөнүн алкагында чарбалык субъектилердин курамын аныктоо өтүнмө берүүчүнү, укук бузуучуну жана алардын атаандаштык мамилелерин аныктоо менен чектелиши мүмкүн.

"Евразиялык агроэкспресс" 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жогорку маржиналдык азык-түлүктүн экспорттук жеткирүүлөрүн 6%га көбөйттү

2 Февраля, 2024

Бул туурасында 2-февралда Алматыда (Казакстан Республикасы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешине сунушталган, айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктөрдү тездетилген темир жол жана мультимодалдык ташууларды жүзөгө ашыруу боюнча Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин биргелешкен долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө баяндамада айтылат.

"Экспортто эң чоң өсүштү дан-буурчак (4 эседен ашык), ошондой эле май-тоң продукциясы (болжол менен 20%) көрсөттү", – деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Учурда долбоордун негизги транспорттук багыты Кытай болуп саналат. Ошондой эле өткөн жылы "Түндүк-Түштүк" эл аралык транспорттук коридорунун чыгыш багыты боюнча Индия менен Иранды көздөй контейнердик поезддер менен жеткирүүлөр жүргүзүлгөн. Өзбекстан Республикасына пилоттук жеткирүү аткарылган, ошондой эле БАЭ багытында жөнөтүүлөрдү иштеп чыгуу жүргүзүлүүдө.

"Бирлик өлкөлөрүнүн аймагында өндүрүлгөн сапаттуу азык-түлүктүн перспективдүү рынокторго жеткиликтүүлүгүнө карата чектөөлөрдү алып салуу боюнча аракеттерди күчөтүүнү пландаштырып жатабыз. Биз мындай ишти системалык негизде жүргүзөбүз жана натыйжалардын бири Кытайга продукцияны темир жол менен түздөн-түз жеткирүүлөрдүн кайра башталышы болду, учурунда кытайлык тарап ага жеткиликти ковидге каршы чараларга байланыштуу чектешкен, – деп белгиледи Андрей Слепнев. – Азыркы тапта эт, канаттуулар, сүт жана кондитердик азыктарды Достык – Алашанькоу аркылуу кайра иштетүүгө мүмкүн болду. Жакын арада кеминде дагы үч чек ара өткөөлүнүн ачылышы биздин өлкөлөргө жеткирүүлөрдүн сезилерлик өсүшүнө мүмкүндүк берет, биз буга көңүл буруп жатабыз".

Баяндаманы кароонун жыйынтыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары долбоорду ишке ашырууну улантууну колдоорун билдиришти, ошондой эле экспорттолуучу продукциянын багыттарын кеңейтүүнүн жана көлөмүн көбөйтүүнүн артыкчылыгын ырасташты.

Маалымат

Айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктөрүн үзгүлтүксүз өз ара жеткирүүнү, ошондой эле азиялык жана европалык багыттарында экспорттук жеткирүүлөрдү өнүктүрүү максатында "Евразиялык агроэкспресс" тездетилген темир жол жана мультимодалдык ташууларды жүзөгө ашыруу боюнча ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин биргелешкен долбоорун ишке ашыруу жөнүндө демилге Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 25-февралындагы № 3 тескемеси менен колдоого алынган.

2023-жылы "Евразиялык агроэкспресс" менен ташуулардын жалпы көлөмү 450 миң тоннадан ашкан. Мында жүк базасынын негизги номенклатурасын май-тоң май, мөмө-жемиш жана консервалык, дан-буурчак продукциясы, ошондой эле тооктун эти жана уйдун эти түзгөн.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлоруна жаңы долбоорлор кошулду

2 Февраля, 2024

2-февралда Алматыда (Казакстан Республикасы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕАЭБдин катышуучу өлкөлөрү тарабынан демилгеленген, транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлордун тизмесин кеңейтүүнү жактырышты.

ЕАЭБ мүчө мамлекеттери үчүн евразиялык транспорттук коридорлорду жана келечектүү логистикалык каттамдарды өнүктүрүүгө багытталган автомобиль жана темир жол каттамдарын модернизациялоонун жана куруунун масштабдуу долбоорлору болуп саналган артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлор өзгөчө мааниге ээ. Долбоорлор биздин өлкөлөрдүн транспорттук байланышын жогорулатууну, транзиттик жана экспорттук-импорттук ташууларды илгерилетүүнү камсыз кылууга багытталган.

Атап айтканда, Казакстан "Россия – Борбордук Азия өлкөлөрү" коридорунун учурдагы темир жол инфраструктурасын модернизациялоо жана жаңы темир жолдорду киргизүү менен "Түндүк – Түштүк" чыгыш эл аралык транспорттук коридорун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду сунуштады.

Кыргыз Республикасы: Бишкек шаарынын айланма жолун реконструкциялоо жана республиканын түндүгү менен түштүгүнүн темир жол инфраструктурасын бириктирүүчү Балыкчыдан Жалал-Абадга чейинки темир жолду куруу боюнча эки долбоорду киргизүүнү сунуштады. Долбоорлорду ишке ашыруу өлкөнүн бирдиктүү ички темир жол тармагын түзүүгө жана Кыргызстан аркылуу транзиттик каттамдардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

"Долбоорлор транзитти кыйла ыңгайлуу кылууга, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагы боюнча жүк ташууда жүк ээлеринин чыгымдарын олуттуу азайтууга мүмкүндүк берет. Алар үчүн бул Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыш рынокторунун ортосундагы байланыштыруучу звено болууга мүмкүнчүлүк", – деп белгиледи ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.

Дүйнөлүк логистикалык чынжырларда глобалдык өзгөрүүлөр болуп, салттуу эл аралык транспорттук коридорлор кайрадан калыптанып жаткан учурдагы геосаясий шарттарда, "бешилтик" өлкөлөрү транспорттук инфраструктураны активдүү өнүктүрүп жатышат.

Эске салсак, 2022-жылдын августунда "бешилтик" өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕАЭБдин артыкчылыктуу интеграциялык транспорттук долбоорлорунун тизмесин макулдашышкан, ал бардык катышуучу өлкөлөрдөн жети долбоорду камтыйт, алардын ичинен алтоо – эл аралык маанидеги автомобиль жолдорун курууга же реконструкциялоого, бирөө – темир жолго тиешелүү.

Маалымат:

Казакстандан эки жаңы долбоордо "Түндүк – Түштүк" эл аралык транспорттук коридоруна (ЭТК) тиешелүү "Орск – Кандыагаш – Макат – Бейнеу – Болашак", "Илецк-1 – Актобе", "Челябинск – Тобол – Никельтау" и "Аксарайская – Макат", "Шалкар – Бейнеу – Мангыстау" участокторундагы темир жол инфраструктурасын модернизациялоо каралат. Ошондой эле "Дарбаза – Мактаарал" темир жол линиясын жана "Россия – Борбордук Азия өлкөлөрү" коридоруна тиешелүү "Казалы – Арысь" участкасындагы экинчи темир жолду куруу каралган.

Кыргыз Республикасынан жаңы долбоорлор – бул "Балыкчы – Кочкор-Кара – Кече – Макмал - Жалал-Абад" темир жолун куруу жана "Бишкек шаарынын түндүк айланып өтүүчү жолун реконструкциялоо" автомобиль жолунун долбоору.

ЕЭК Коллегиясынын жаңы курамы ишке киришти

1 Февраля, 2024

1-февралдан тарта Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин башчылары тарабынан 25-декабрда Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда бекитилген Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жаңы курамы ишке киришти.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндөн тартып ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы болуп Казакстан Республикасынын өкүлү Бакытжан Сагинтаев эсептелет.

ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) болуп төмөнкүлөр бекитилген:

- ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян;

- ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министри) Варос Симонян;

- ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович;

- ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий;

- ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов;

- ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров;

- ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев;

- ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев;

- ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв;

ЕЭК Коллегиясын Бакытжан Абдирович Сагинтаев жетектейт

1 Февраля, 2024

1-февралдан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы кызматына Бакытжан Абдирович Сагинтаев киришти. Тиешелүү чечимди Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин башчылары Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербургда өткөн отурумунда кабыл алышкан. 

Бакытжан Абдирович Сагинтаев мамлекеттик жана эл аралык ишмердикте бай тажрыйбага ээ. 2022-жылдын 1-июнунан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министри) болуп иштеген. Буга чейин Казакстанда бир катар жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеген, анын ичинде 2016-2019-жылдары Казакстан Республикасынын Премьер-Министри болгон. Күрмөт (2008), Парасат (2013), III даражадагы Барыс (2021) ордендери менен сыйланган.

Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге ылайык ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Жогорку Кеңеш тарабынан төрт жылдык мөөнөткө ротациялык негизде дайындалат. Ротациялоо кезеги менен ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин аталышы боюнча орус алфавитинин тартибинде жүргүзүлөт.

Оюнчуктарга карата техникалык регламентке өзгөртүүлөр кабыл алынды

26 Января, 2024

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши "Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү бекитти. Өзгөртүүлөр Комиссия тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери менен биргеликте даярдалды.

Документте Комиссиянын Кеңешинин № 44 чечими менен бекитилген типтүү схемалардын негизинде техрегламентте оюнчуктарды сертификаттоонун схемаларын жана жол-жоболорун белгилөө каралган.

Көрсөтүлгөн техрегламентти колдонуу практикасы эске алынган, техрегламенттин ченемдери Бирлик жөнүндө келишимге ылайык келтирилген. Сертификаттоонун кеңири баяндалган жол-жоболорунан тышкары, өзгөртүүлөр оюнчуктарды идентификациялоо ыкмаларын жана аны өткөрүү ыкмаларын, оюнчуктардын конструкциясына же аларды өндүрүү технологиясына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө өтүнмө берүүчүнүн жана сертификаттоо боюнча органдын иш-аракеттеринин тартибин белгилейт. Ошондой эле сертификаттоо боюнча документтердин топтомун электрондук түрдө сактоо жана чет өлкөлүк документтерди милдеттүү түрдө которуу, ошондой эле жыл ичинде окшош продукциянын кийинки партиялары үчүн сыноолордун жыйынтыктарын пайдалануу каралган, бул ЕАЭБде ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүү шарттарын жакшыртат.

Өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу типтүү схемалардын негизинде белгиленген шайкештикти баалоонун бирдиктүү жол-жоболорун колдонууну жана ЕАЭБдин ар бир өлкөсүндө жүргүзүлгөн баалоонун натыйжаларынын салыштырмалуулугун кепилдейт.

Сергей Лавров Михаил Мясниковичти "Эл аралык кызматташтыкка кошкон салымы үчүн" төш белгиси менен сыйлады

26 Января, 2024

Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичке Россиянын ТИМинин "Эл аралык кызматташтыкка кошкон салымы үчүн" төш белгисин тапшырды.

Сергей Лавровдун тиешелүү буйругунда айтылгандай, Михаил Мясникович "Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүгө жана анын мүчө мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн" сыйланды.

"Эл аралык кызматташтыкка кошкон салымы үчүн" төш белгиси классикалык жети нурлуу ордендик жылдыз болуп саналат, анын ак нурлары "чабалекей куйругу" (мальта крестинин нуру) түрүндө жасалган. Ар бир нурдун ичинде бирюза түстүү эмалдан үч бурчтук бар, анын негизи борбор тарапта, ал эми чокусу нурдун жогорку бөлүгүнүн төмөн жагына такалат. Төш белгинин борборунда чеңгелдерине пальма бутактарын кармаган алтын эки баштуу бүркүт жайгаштырылган. Кочкул кызыл-кызыл айланасында күмүш түстүү лавр гүлчамбары жайгаштырылып, төмөн жагында "Россиянын ТИМи" жазуусу бар. Жогору жагында белги стандарттуу беш бурчтуу калыпка бекитилет.

Медициналык буюмдарга клиникалык жана клиникалык-лабораториялык сыноолорду (изилдөөлөрдү) жүргүзүү эрежелери жаңыртылды

26 Января, 2024

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 26-январдагы отурумда колдонуу тажрыйбасын жана эл аралык тажрыйбадагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен Медициналык буюмдарга клиникалык жана клиникалык-лабораториялык сыноолорду (изилдөөлөрдү) жүргүзүү эрежелеринин жаңы редакциясын кабыл алды.

Эрежелердин жаңыланган редакциясында сыноолордун жыйынтыктарын кабыл алуу максаты үчүн медициналык буюмдардын эквиваленттүүлүгүн таануу шарттары, сыноолорду жүргүзүү үчүн уруксат алуу тартиби, сыноолорду жүргүзүүгө талаптар, медициналык буюмдарды каттоо максатында изилдөө жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу уюмдардын бирдиктүү реестринен медициналык уюмдарды (клиникалык борборлорду) чыгаруу үчүн негиздер, сыноолор отчетторунун формалары такталган. Медициналык буюм болуп саналган программалык камсыздоо үчүн клиникалык маалыматтарды алуу шарттары, ошондой эле мындай продукциянын техникалык файлына карата талаптар аныкталган.

Өзгөртүүлөр расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 180 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ошол эле учурда эрежелердин жаңы редакциясын колдонууга жай өтүүнү камсыз кылган механизм белгиленген. Процесстин үзгүлтүксүздүгүн сактоо максатында, клиникалык жана клиникалык-лабораториялык сыноолорду медициналык уюм менен келишим түзүлгөн учурда колдонулган редакцияга ылайык жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган. Медициналык уюм менен келишим түзүлгөн учурга карата колдонулган формалар боюнча берилген сыноолор жөнүндө отчеттор Бирликтин укугу боюнча медициналык буюмдарды каттоо үчүн кабыл алынат.

ЕЭК Кеңеши СТ-1 сертификатынын негизинде мамлекеттик сатып алууларга жетүү жүзөгө ашырыла турган товарлардын тизмесин кеңейтүүнү макулдады

26 Января, 2024

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен соко жана ротордук кар тазалагычтар, ошондой эле токой чарбасы үчүн машиналар СТ-1 сертификатынын негизинде өнөр жай товарларынын Евразиялык реестрине киргизилет деп жактырылган.

"ЕАЭБдин бир катар өлкөлөрүндө чет өлкөлүк товарларды мамлекеттик сатып алууларга катыштырууга тыюу салуулар жана чектөөлөр бар. ЕАЭБде өндүрүлгөн товарлар алардын катарына кирбейт. Өндүрүүчү анын продукциясы "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн биринде өндүрүлгөнүн ырастоо үчүн өнөр жай товарларынын Евразиялык реестринен көчүрмө берүүсү жетиштүү болот. Бүгүн ЕЭК Кеңеши тарабынан кабыл алынган чечим өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик сатып алууларга жетүүсүн жеңилдетет, анткени жаңы позициялар СТ-1 сертификатынын негизинде Реестрге киргизилет. Белгилей кетсем, бүгүнкү күндө Реестрде – ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 143 өндүрүшчүлөрдүн 19 962 товары бар", – деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султанов.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши товарлардын преференциалдык эмес келип чыгышын тастыктоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрдү

26 Января, 2024

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарлардын келип чыгышын аныктоонун преференциалдык эмес эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү чечимин кабыл алды.

Комплекстүү түзөтүүлөрдүн топтому товарлардын чыккан жерин документалдык тастыктоо тартибин өркүндөтүүнү, тиешелүү сертификаттарды жол-жоболоштурууга талаптарды жөнөкөйлөштүрүүнү, үчүнчү өлкөлөр менен административдик кызматташтык жөнүндө жоболорду конкреттештирүүнү, ошондой эле түзүлгөн укук колдонуу практикасын эске алуу менен даярдалган бир катар башка өзгөртүүлөрдү карайт.

Атап айтканда, эгерде мындай товарлардын партиясынын жалпы бажы наркы 1 500 еврого барабар суммадан ашпаса, ЕАЭБде колдонулуп жаткан ички рынокту коргоо чараларына потенциалдуу туура келген товарлардын келип чыгышын товардын келип чыгышы жөнүндө декларация (сертификаттын ордуна) менен тастыктоо мүмкүнчүлүгү туруктуу негизде бекитилет. Буга чейин, 2022-жылдын апрелинен тартып, мындай мүмкүнчүлүк ЕАЭБде мүчө мамлекеттердин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чаралардын бири катары белгиленген жана убактылуу мүнөзгө ээ болгон.

"Кабыл алынган чечим импорттоочуларга преференциалдуу эмес келип чыгышы менен байланышкан тышкы соода документтери менен иштөөнүн көнүмүш тартибин сактоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, ал Бирликте колдонулган эрежелерди сооданын заманбап шарттарына ылайыкташтырууга жана ЕАЭБдин бажы аймагына ташылып келинген продукциянын келип чыгышын тастыктоого байланышкан кыйынчылыктарды минималдаштырууга багытталган", – деп түшүндүрдү ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат

Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келүүчү товарлардын чыккан жерин аныктоо эрежелери (товарлардын чыккан жерин аныктоонун преференциалдык эмес эрежелери) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2018-жылдын 13-июлундагы № 49 чечими менен бекитилген жана 2019-жылдын 12-январынан тарта мүчө мамлекеттерде ички рынокту тарифтик эмес жөнгө салуу жана коргоо чараларын колдонуу максатында, ошондой эле 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 37-беренесинин 2-пунктунда каралган башка учурларда колдонулат.

ЕЭК Кеңеши калкты томаттардын жетиштүү ассортименти менен камсыз кылуу үчүн убактылуу тарифтик жеңилдик берди

26 Января, 2024

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши кырлуу, сүйрү жана алча формасындагы томаттарды кошпогондо, орто жана ири мөмөлүү томаттарга карата ташып кирүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдик берүү чечимин кабыл алды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0702 00 000 1, 0702 00 000 2, 0702 00 000 3 и 0702 00 000 4 коддору). Жеңилдик 2024-жылдын май айынын аягына чейин Россия Федерациясына 100 миң тоннадан ашпаган көлөмдө жеткирүүлөр үчүн берилет. Жеңилдиктин алкагында 6 миң тоннага чейин томаттарды (0702 00 000 1 коду) Беларусь Республикасына да алып келүүгө болот.

"Учурда биздин айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдүн томаттардын бир түрлөрүн өстүрүүдөн башка түрлөрүн өстүрүүгө жарым-жартылай багыт алуу тенденциясы байкалууда. Мындан тышкары, керектөөчүлүк суроо-талап өсүүдө, – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. – Күнөскана томаттарын өндүрүүнү кескин көбөйтүү мүмкүн эместигине байланыштуу, импорттук жеткирүүлөр кыска мөөнөттүү келечекте рынокту тең салмактоого жардам берет".

Анын айтымында, кеп Түркия, Кытай, Египет жана Иран жөнүндө болушу мүмкүн, алардын продукцияларын баасы боюнча ата мекендик өндүрүш менен салыштырууга болот.

ЖЕЭК Төрагасы, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашиняндын 2024-жылы Бирлик органдарында Армениянын төрагалыгына байланыштуу ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин башчыларына кайрылуусу

16 Января, 2024

Армения Республикасы 2024-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ органдарында төрагалыкты кабыл алды, анда ар бир мамлекет экономикалык кызматташтыктын жалпы мейкиндигин түзүүдө өзөктүү ролду ойнойт.

Армения Республикасынын төрагалыгы 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кол коюунун он жылдык мааракесине туура келет. ЕАЭБ иштеген он жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча олуттуу натыйжаларга жетишилди. Ошону менен бирге, аларды чечүүсүз натыйжалуу бирдиктүү экономикалык мейкиндикти калыптандырууну аяктоо мүмкүн эмес болгон стратегиялык маанидеги бир катар маселелер калууда.

ЕАЭБ мүчө мамлекеттери саясий же геосаясий өзгөрүүлөргө карабастан, күч-аракеттерди айкалыштыруу жолу менен гана келечек муундар үчүн экономикалык кызматташтыктын дагы кыйла туруктуу моделин түзө алышат.

Дүйнөлүк экономиканын учурдагы туруксуздугу экономикалык өз ара аракеттенүүнүн принциптерин жана инструменттерин кайра карап чыгууну талап кылат. Бул шарттарда биз өлкөлөрүбүздүн жарандарынын жана бизнесинин кызыкчылыгында ЕАЭБдин толук кандуу иштешин камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшашыбыз керек.

ЕАЭБди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктаган, ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясынын кабыл алынышынын маанилүүлүгүн баса белгилегим келет.

Үстүбүздөгү жылы биздин алдыбызда маанилүү милдет турат – Декларацияны ишке ашыруунун конкреттүү механизмдерин ачкан иш-чаралар планын иштеп чыгуу, ал көп жагынан ЕАЭБдин орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекке стратегиялык өнүгүүсүн аныктайт.

Евразия экономикалык бирлигинде Армения Республикасы төрагалык кылган жылы, атап айтканда, ЕАЭБ үчүн бир катар маанилүү маселелерди чечүү зарылдыгына көңүл бургум келет.

Артыкчылыктуу багыттардын бири болуп энергетикалык коопсуздукту камсыздоо саналат. Басмырлоосуз иштөө принциптери менен электр энергиясынын жана энергоресурстардын жалпы рынокторун тездетилген калыптандыруу ЕАЭБдин бардык мүчө мамлекеттери үчүн экономикалык ишмердүүлүктүн бирдей шарттарын камсыз кылуу үчүн негиздердин бири болууга тийиш.

Глобалдык экономикалык чакырыктардын жана биздин өлкөлөрдүн агроөнөр жай комплексинин олуттуу дараметинин шарттарында ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө маани берем.

Калктын сапаттуу жана коопсуз азык-түлүк продукциясына туруктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Потенциалдуу каатчылыктардын шарттарында азык-түлүктү артыкчылыктуу жеткирүү принцибине негизделген кыйла түзүмдөштүрүлгөн жана предметтик күн тартибин иштеп чыгуу боюнча ишти улантуу зарыл деп эсептейм.

Экономикалык өз ара аракеттенүүнүн негизги элементи болуп транспорттук-логистикалык чөйрө саналат. Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана модернизациялоо, бажы жол-жоболорун өркүндөтүү жана натыйжалуу логистикалык чынжырларды түзүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен алмашууну тездетүүгө, жеткирүү убактысын кыскартууга, чыгымдарды жана коромжуларды азайтууга, рыноктордун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Тышкы рынокторго чыгуу үчүн ЕАЭБдин транзиттик потенциалын жана географиялык жайгашуусунун мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдалануу керек, алар азыркы этапта мүчө мамлекеттер тарабынан жетиштүү пайдаланылбай жатат. Эл аралык уюмдар жана эл аралык өнүктүрүү институттары менен мамилелердин потенциалын максималдуу түрдө ишке киргизүү менен евразиялык транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана товарларды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо үчүн кошумча күч-аракеттерди жумшоо зарыл.

Бул контекстте Армения Республикасы тарабынан сунушталган "Дүйнө кесилиши" келечектүү долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу, евразиялык эл аралык транспорттук каттамдар боюнча транзиттик ташууларды камсыз кылуу боюнча белгиленген максаттарга жетүүдө маанилүү ролду ойнойт.

"Дүйнө кесилиши" биздин региондун өлкөлөрүн автомобилдик жана темир жолдор, кабелдер, газ түтүктөрү жана электр берүү линиялары менен байланыштыра алат.

Ишеним деңгээлин бекемдөө принципиалдуу маанилүү деп эсептейм. Каалаган натыйжаларга жетишүү үчүн укук колдонуу практикасын эске алуу менен бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү, ЕАЭБдин бажы аймагы боюнча мүчө мамлекеттер ташыган товарларга карата бажылык жана мамлекеттик контролдун башка түрлөрүнүн чараларын колдонууну минималдаштыруу, бажы транзитинин бирдиктүү тутумун киргизүү жана өнүктүрүү зарыл.

Өз ара соодадагы азыркы тоскоолдуктарды толук жоюу шартсыз артыкчылык болуп саналат. Биз ошондой эле тоскоолдук катары квалификацияланбаган, бирок ички рынокко терс таасирин тийгизген көйгөйлүү жагдайларга көңүл буруу зарыл.

Ошону менен бирге Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимдин айрым жоболору мүчө мамлекеттерге бир тараптуу чектөө чараларын киргизүүгө мүмкүндүк берет, ал эми бул өз кезегинде ЕАЭБдин ички рыногунун солгундашына жана бизнес өкүлдөрү үчүн болжолдоого кыйын болгон шарттардын түзүлүшүнө алып келет. Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29-беренеси догматикалык болуп саналбайт жана заманбап реалдуулуктарга жана экономикалык ишмердүүлүктүн шарттарына ыңгайлаштырууга муктаж деп эсептейм.

ЕАЭБ өлкөлөрү менен жалпы чек аранын жоктугу Армения Республикасы үчүн белгилүү кыйынчылыктарды жана экономикалык коромжуларды жаратууда. Бир жагынан, бул Армения үчүн чакырык, экинчи жагынан – ЕАЭБ үчүн мүмкүнчүлүк. Эгерде биз заманбап технологиялардын жардамы менен транспорттук, транзиттик жана административдик үзгүлтүксүздүктү камсыз кыла алсак, биз кызыкдар үчүнчү өлкөлөр менен мамилелерди тереңдетүү үчүн мүмкүнчүлүк алабыз, бул ЕАЭБдин келечектеги өнүгүүсү жана бекемделиши үчүн базалык зарылчылык болуп саналат.

Биз коомдун бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн мындан аркы экономикалык өз ара аракеттенүү императиви жөнүндө сөз кылганда, санариптештирүүгө бөлүнгөн маанилүү ролду эске алышыбыз зарыл, ал Евразия экономикалык бирлигинин экономикалык өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткычына айланууда.

ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутумун кайра форматтоо маселеси барган сайын актуалдуу болуп баратат. Стратегиялык документтерде буга чейин платформалык чечимдерге өтүү үчүн керектүү кадамдар көрсөтүлгөн. Бул контекстте улуттуктан жогорку жөнгө салуучу органдын ролун так аныктоо маанилүү. Евразия экономикалык комиссиясы масштабдуу долбоор үчүн "чогултуу чекити" болушуна эч кандай тоскоолдуктарды көрбөйм.

Армения Республикасы ошондой эле соодада улуттук валюталардын үлүшүн көбөйтүү маселесине өзгөчө маани берет.

Экономикалык кызыкчылыктарды илгерилетүү үчүн ЕАЭБдин тышкы экономикалык байланыштарынын географиясын кеңейтүүгө өзгөчө маани берем. Байкоочу мамлекеттерди биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга тартуу, биз өзүбүзгө алган милдеттенмелерди сактоо менен, кызыкдар үчүнчү өлкөлөр, регионалдык жана эл аралык уюмдар менен өз ара кызыкчылык жараткан чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтык өз ара сооданын өсүшүнө гана өбөлгө түзбөстөн, биздин өлкөлөрдүн инвестициялык жагымдуулугун да жогорулатат.

Анын ичинде Армения Республикасы өзүнүн географиялык абалына байланыштуу Иран менен толук форматтуу макулдашууну андан ары практикалык ишке ашырууга өзгөчө маани берет. Иран менен Убактылуу макулдашуунун иштөө тажрыйбасы Иран рыногунун жагымдуулугун жана кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечектүүлүгүн айкын көрсөттү.

Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Индонезия менен сүйлөшүүлөрдөгү жетишилген прогресс жакында жыйынтыктоочу баскычка чыгууга мүмкүндүк берет жана ЕАЭБдин дүйнөлүк экономикага интеграцияланышынын жаңы импульсу катары кызмат кылат.

Ошондой эле экономикалык күн тартиби боюнча комплекстүү диалогду өнүктүрүүнү жана Индия менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү, Кытай Эл Республикасы жана Вьетнам Социалисттик Республикасы сыяктуу артыкчылыктуу жана келечектүү багыттар боюнча иштерди улантууну кубаттайм.

Бирикмени натыйжалуу өнүктүрүүнүн негизги компоненттеринин бири болуп — укук колдонуу тажрыйбасынын жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана келип чыккан көйгөйлөрдү ыкчам чечүүнүн жаңы механизмдерин иштеп чыгуу жолу менен, анын институтционалдык жана уюштуруучулук-укуктук негиздерин туруктуу өркүндөтүү үчүн системалуу жана максаттуу жүргүзүлгөн иштер саналат. ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин салык төлөөчүлөрү Евразия экономикалык комиссиясынын ишинин айкын натыйжаларын көрүп, өз ара иштешүүнүн жана экономикалык кызматташтыктын артыкчылыктарын сезиши керек.

Көрсөтүлгөн демилгелерди толук кандуу ишке ашыруу үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын өзүнүн жөнгө салынган жана натыйжалуу иши маанилүү.

Буга байланыштуу Евразия экономикалык комиссиясынын ишмердигинин натыйжалуулугун, анын ичинде кесипкөй кадрдык курамды тандоо жана функционалды дайыма өркүндөтүү жолу менен жогорулатуу зарыл деп эсептейм.

ЕАЭБ алкагында тең укуктуу кызматташтыкты арттыруу, натыйжада бизнес жүргүзүү жана адамдык потенциалды толук кандуу ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө кызмат кылышы керек деп ишенем. 2024-жылы Армениянын төрагалыгынын демилгелерин иш жүзүндө жүзөгө ашырууда Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин кызматташуусуна жана көмөктөшүүсүнө ишенем.

 

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Төрагасы, Армения Республикасынын Премьер-министри Н.В. Пашинян

ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларды көзөмөлдөө механизмин киргизүү улантылат

27 Декабря, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда электрондук документтерди (маалыматтарды) колдонууга өтүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чаралар планы (жол картасы) бекитилди. 

План ар кандай электрондук документтерди: экспортко/импортко лицензияларды, транспорттук (ташуу) документтерди, эсеп-фактураларды, ветеринардык жана фитосанитардык сертификаттарды жана башкаларды колдонуунун эл аралык тажрыйбасын изилдөө боюнча иш-чараларды камтыйт. Бул ЕАЭБде мындай документтерди бирдиктүү структуралар жана форматтар боюнча, анын ичинде Навигациялык пломбалар боюнча макулдашууну ишке ашыруунун алкагында иштеп чыгуу жана колдонуу үчүн зарыл.

Макулдашууда конкреттүү ташууларды көзөмөлдөө мезгилинде навигациялык пломба камтылууга тийиш болгон электрондук документтердин (маалыматтардын) тизмеси аныкталган. Мындай документтердеги маалыматтардын курамы, ошондой эле алардын түзүмдөрү жана форматтары Комиссиянын Кеңешинин жана Коллегиясынын чечимдери менен аныкталган.

План электрондук документтерди (маалыматтарды) колдонууга бара-бара менен өтүүнү камсыз кылат жана ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну толук ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Маалымат

 Евразия экономикалык бирлигинде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 19-апрелинде мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан кол коюлган жана 2023-жылдын 3-апрелинде күчүнө кирген.

Макулдашууну колдонууга чейин Комиссиянын деңгээлинде да, улуттук деңгээлде да бир катар иш-чараларды ишке ашыруу зарыл болгон. Бул багыт боюнча иштер аяктоо баскычында турат. Макулдашууда аныкталган мөөнөттөрдүн негизинде, аны практикалык ишке ашыруу 2024-жылдын башында башталышы керек.



ЖЕЭК Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жаңы курамын бекитти

26 Декабря, 2023

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 25-декабрда Санкт-Петербургда өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жаңы курамын бекитишти, ал 2024-жылдын 1-февралынан тарта ишке киришмекчи.

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы болуп Казакстан Республикасынын өкүлү Бакытжан Сагинтаев бекитилди. Ал өз ишине 2024-жылдын 1-февралынан тарта киришет.

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр бекитилди:

- ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев;

- ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов;

- ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян;

- ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв;

- ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкий;

- ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров;

- ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев;

- ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович;

- ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министри) Варос Симонян.

ЖЕЭКтин чечимине ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБдин органдарында – Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде Армения Республикасы бир жыл бою төрагалык кылмакчы. ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык, аталган органдардагы төрагалыктын постунда жыл сайын орус алфавитинин тартибинде пландык ротация жүргүзүлөт. Өтүп бара жаткан 2023-жылы бардык түзүмдөрдө Россия Федерациясы жана анын өкүлдөрү төрагалык кылды.

ЕЭК Кеңеши Беларуска тамак-аш продукциясын өндүрүү үчүн моллюсктардын айрым түрлөрүн алып келүүгө убактылуу тарифтик жеңилдик берди

26 Декабря, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Беларусь Республикасында тамак-аш продукциясын өндүрүүдө колдонууга арналган кальмарлардын, осьминогдордун, мидиялардын жана крилдин этинин айрым түрлөрүнө карата (ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору 0307 43 380 0, 0307 43 900 0, 0307 52 900 0, 1605 40 000 1 жана 1605 53 900 0) ташып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдик берүү чечимин кабыл алды. Жеңилдик 2024-2026-жылдары белгиленген көлөмдөгү жеткирүүлөр үчүн берилет.

"Көрсөтүлгөн бажы-тарифтик жөнгө салуу чарасы үчүнчү өлкөлөр тарабынан экономикалык басымдардан натыйжаны азайтууга, ошондой эле инфляциялык процесстерди минималдаштырууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

 

Ал Евразия экономикалык бирлигинин аймагында каралып жаткан чийки заттын түрлөрүн өндүрүү же жок экенин, же колдо болгон аналогдорду колдонуу технологиялык себептерден улам мүмкүн болбой жатканын тактады.

ЕЭК Кеңеши жалаякшымдарды өндүрүү үчүн суперабсорбенттерге нөлдүк алымдардын аракетин узартты

26 Декабря, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши 2026-жылдын 31-декабрына чейин жалаякшымдарды өндүрүү үчүн суперабсорбенттерге карата алып кирүү бажы алымынын нөлдүк ченин колдонуу мөөнөтүн узартты.

"Азыркы учурда Евразия экономикалык бирлигинин аймагында жалаякшымдардын өздүк наркынын түзүмүндө олуттуу үлүштү түзгөн суперабсорбенттерди өндүрүү жок, – деп белгиледи ЕЭКтин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян. – Чараны узартуу акыркы продукцияны өндүрүүчүлөр үчүн чийки заттын баасын төмөндөтөт".

Ал тактап өткөндөй, кабыл алынган чечим Евразия экономикалык бирлигинин рыногуна балдардын бир жолку жалаякшымдарын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоого өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда суперабсорбенттерди ички өндүрүү боюнча кубаттуулуктарды куруу улантылат.

Маалымат

Жалаякшымдарды өндүрүү үчүн суперабсорбенттерге карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк чени Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 5-мартындагы № 13 чечимине ылайык 2023-жылдын 31-декабрына чейин колдонуу аракети менен белгиленген.



Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2023-жылдын 25-декабрдагы отурумунун жыйынтыктары

25 Декабря, 2023

25-декабрда Санкт-Петербургда Россия Федерациясынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы Владимир Путиндин төрагалыгы астында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчыларынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин катышуусунда ЖЕЭК отуруму болуп өттү.

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясына кол коюшту.

ЖЕЭК отурумунда 2024-2025-жылдарга макроэкономикалык саясаттын негизги багыттары бекитилди.

ЖЕЭК мүчөлөрү 2022-2023-жылдар үчүн ЕАЭБдин ички рыногунда тоскоолдуктарды четтетүү жана алып коюуларды жана чектөөлөрдү кыскартуу боюнча кырдаалды талкуулашты.

2024-жылга карата ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин негизги багыттары бекитилди.

ЖЕЭК ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилеринин кеңешине Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногунда инфраструктуранын аракеттерин контролдоо боюнча ыйгарым укуктарды берди.

Жакындаштырууга жаткан табигый монополиялар чөйрөсүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ченемдик укуктук актыларынын тизмеги бекитилди.

Бирлик өлкөлөрүнүн башчылары ЕАЭБ Бажы кодекси жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго кол коюшту.

ЖЕЭК отурумунун "талааларында" бир тараптан Бирлик жана анын мүчө мамлекеттери жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосунда Эркин соодалашуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары "Евразия экономикалык жолу" экономикалык процесстерин андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияга кол коюшту

25 Декабря, 2023

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 25-декабрда Санкт-Петербургда өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясына кол коюшту.

Буга чейин 2023-жылы Бирлик органдарында төрагалык кылуунун алкагында, ЕАЭБди өнүктүрүүнү узак мөөнөттүү пландаштыруунун жаңы документтерин даярдоо демилгеси менен Россия Федерациясы чыккан.

Декларация 2045-жылга карата ЕАЭБди "экономикалык-технологиялык жана интеллектуалдык лидерликке ээ болгон жана мүчө мамлекеттердин калкынын бакубаттуулугунун жогорку деңгээлин колдогон, өз алдынча, гармониялуу өнүккөн жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрү үчүн жагымдуу макрорегионго айландыруу" жолунда 2030-жылга чейинки орто мөөнөттүү келечекке Бирликтин милдеттерин аныктайт.

Документ алты багытты камтыйт:

- жалпы рынокту негизги товарлар жана ресурстар менен жана анын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу;

- технологиялык өнүктүрүү чөйрөсүндө кооперациялык өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыктын жалпы мейкиндигин түзүү;

- жалпы транспорттук-логистикалык мейкиндикти түзүү;

- жалпы финансылык рынокту түзүү;

- интеграциялык потенциалга ээ чөйрөлөрдө экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү;

- ЕАЭБдин эл аралык аренада экономикалык жагымдуулуктун уюлу катары иштеши.

Коюлган милдеттерди чечүү үчүн экономикалык өз ара аракеттенүү чөйрөлөрү боюнча ЕАЭБди өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталды, алар колдонуудагы механизмдерди өркүндөтүүнү да, жаңы механизмдерди да караштырат, атап айтканда: кооперациялык потенциалды өнүктүрүү максатында жаратылыш ресурстарын пайдалануу, санариптик технологияларды өнүктүрүү, жасалма интеллект тутумунун потенциалын ачуу жана аны колдонууну камсыздоо, агроөнөр жай комплексине инновациялык ыкмаларды киргизүү жана башкалар.

"Аталган милдеттерди ишке ашыруу Евразия экономикалык комиссиясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу менен коштолушу керек, анын ичинде кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, Комиссиянын ишинин ачыктыгын жогорулатуу, Коллегиянын мүчөлөрүн ротациялоо жол-жоболорун өркүндөтүү жана Комиссиянын кызматкерлеринин кадрдык курамын түзүү, анын ичинде көз карандысыз конкурстук тандоо шартында Комиссиянын кызматкерлеринин бош кызмат орундарын ээлөө үчүн мүчө мамлекеттердин жарандарына бирдей мүмкүнчүлүктөрдү, көз карандысыздык жана калыстык принциптеринин негизинде алардын кесиптик ишин жана бирдей эмгек шарттарын камсыз кылуу жолу менен", – деп жазылат документте.

Комиссияга Бирликтин мамлекеттери менен биргеликте Декларацияны жүзөгө ашыруу боюнча жол картасынын долбоорун иштеп чыгуу жана 2025-жылы бекитүү үчүн сунуштоо тапшырылды.

Энергетика тармагындагы Жетекчилер кеңеши ЕАЭБдин жалпы электрэнергетикалык рыногун көзөмөлдөй алат

25 Декабря, 2023

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңешине ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунда инфраструктуранын аракеттерин контролдоо боюнча ыйгарым укуктарды берүү чечимин кабыл алды.

Кабыл алынган чечим Жетекчилер кеңешине Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногунда каттоочунун жана башка инфраструктуралык уюмдардын иш-аракеттерин контролдоого мүмкүндүк берет.

Энергетика чөйрөсүндөгү Жетекчилер кеңешинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн консенсусунун натыйжасы болду, ал жалпы электр энергетикалык рынок боюнча негиз салуучу документтерде да чагылдырылган.

"2023-жылды Бирликтин жалпы электрэнергетикалык рыногун калыптандыруунун адымдуу процессинде ийгиликтүү жыл деп атоого болот. Бул жылы электр энергиясын сатууну, мамлекеттер аралык электр берүү линияларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн аныктоону жана бөлүштүрүүнү, ошондой эле жалпы рынокто электр энергиясын транзиттөөгө жетүүнү жөнгө салган эрежелер кабыл алынды. Ошондой эле бул жылы рыноктун инфраструктуралык уюмдарын аныктоо аяктады, алар азыркы учурда анын технологиялык негизин түзүүгө киришти", – деп белгиледи ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.


Маалымат

Каттоочу - бул ишмердиги ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунда бүтүмдөрдү түзүүдө электр энергиясынын мамлекеттер аралык агымдарынын технологиялык чектөөлөрүн эсепке алууну камсыз кылууга багытталган ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунун атайын инфраструктуралык уюму.

Жетекчилер кеңешине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетика чөйрөсүндөгү профилдик ведомстволорунун башчылары жана ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри кирет. Аталган министр Жетекчилер кеңешин жетектейт.



2024-жылга карата ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин негизги багыттары бекитилди

25 Декабря, 2023

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 25-декабрда Санкт-Петербургда өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары 2024-жылга карата ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин негизги багыттарын бекитишти.

Документте белгиленгендей, 2024-жылы КМШ мамлекеттери жана башка жакынкы чет өлкөлөр менен өз ара аракеттенүү, Бирликке караштуу байкоочу мамлекеттер – Куба жана Өзбекстан менен кызматташтыкты өнүктүрүү сыяктуу багыттар, Чоң Евразиялык өнөктөштүк идеясынын контекстинде экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясы (АСЕАН), БРИКС өлкөлөрү жана Борбордук Азиянын жана Жакынкы Чыгыштын башка мамлекеттери жана интеграциялык бирикмелери менен системалуу диалогду өнүктүрүү Бирлик үчүн артыкчылыктуу болмокчу.

Ошондой эле артыкчылыкта – мүчө мамлекеттердин экспорттук потенциалын ишке ашырууга көмөктөшүү, глобалдык транспорттук катнаштар тутумунун курам бөлүгү катары евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү жана ички тоскоолдуктарды четтетүүнү кошкондо бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана башкалар.

Бирликтин негизги күч-аракеттери буга чейин түзүлгөн кызматташуу механизмдерин өнүктүрүүгө, анын ичинде түзүлгөн меморандумдардын, декларациялардын жана соода макулдашууларынын алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталат. Буга документтин биринчи бөлүмү арналган. Эл аралык уюмдардын арасында Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), анын ичинде анын аймактык комиссиялары, Дүйнөлүк бажы уюму (ДБУ), Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) жана башкалар, аймактык бирикмелердин арасында КМШ, ШКУ, АСЕАН, Түштүк Америкалык жалпы рынок (МЕРКОСУР), Африка бирлиги жана башкалар белгиленген. Евразиядагы, Африкадагы, Латын Америкасындагы, Жакынкы Чыгыштагы негизги өнөктөш-мамлекеттер, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында Кытай, преференциялык соода макулдашууларына ылайык Вьетнам, Сербия, Сингапур жана Иран менен өз ара аракеттенүүгө басым жасалат.

Документтин экинчи бөлүмүндө эл аралык кызматташтыктын потенциалдуу келечектүү багыттары белгиленген. Корутунду бөлүк Бирликтин эл аралык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды камтыйт. 

Маалымат

ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгү ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 7-беренесине жана Евразия экономикалык бирлигинин Эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартибине ылайык жүзөгө ашырылат. Тартиптин 5-пунктуна ылайык, Бирликтин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары түзүлөт.

ЕЭК эл аралык уюмдар менен 45тен ашык меморандумдарды жана үчүнчү өлкөлөрдүн өкмөттөрү, министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле аймактык интеграциялык жана мамлекеттер аралык бирикмелер менен соода макулдашууларын кошкондо 50гө жакын документтерге кол койгон.



ЕАЭБде ички рынокто 25 тоскоолдук четтетилди

25 Декабря, 2023

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 25-декабрдагы отурумунда Санкт-Петербургда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары ЕАЭБдин ички рыногунда 2022-2023-жылдарда тоскоолдуктарды четтетүү жана алып коюуларды жана чектөөлөрдү кыскартуу боюнча кырдаалды талкуулашты.

Алсак, 2022-жылдан тартып ЕАЭБдин ички рыногунда 15 тоскоолдук, тоскоолдуктардын белгилери менен 10 кедерги, 3 чектөө жана 2 алып коюу четтетилген.

Медиативдик жол-жоболорду колдонуунун оң тажрыйбасынан улам 2022-жылы тоскоолдуктарды четтетүүнүн орточо мөөнөтү олуттуу кыскарды жана 8,2 айды, ал эми тоскоолдуктардын белгилери менен кедергилер – 4,7 айды түздү, ал эми 2021-жылы мөөнөттөр тиешелүүлүгүнө жараша 48 жана 11 айды түзгөн болчу.

Ишти күчөтүүгө ЕАЭБдин ички рыногунда тоскоолдуктарды квалификациялоо жана кедергилерди жана чектөөлөрдү четтетилди деп таануу методологиясынын жаңы редакциясында каралган ыкмалар өбөлгө түздү. Новацияларда, атап айтканда, тоскоолдуктарды кароонун оптимизацияланган мөөнөттөрү жана өркүндөтүлгөн механизми, аларды четтетилди деп таануунун жеткире иштелип чыккан тартиби, ошондой эле Бирликтин ички рыногунда тоскоолдуктардын белгилеринин болушуна байланыштуу кырдаалдарды жөнгө салуу боюнча медиация жол-жобосу каралат.

Чектөөлөр реестринде 34 чектөө камтылган. Комиссиянын алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 18 чектөөнү (жалпы санынан 53%) 2025-жылга чейин четтетүү пландаштырылууда.

Мындан тышкары, алып коюуларды системалаштыруу боюнча иштер активдештирилди. 2028-жылга чейин Комиссиянын алып коюуларды четтетүү боюнча иши СФС-чаралар, техникалык жөнгө салуу, каржы рыноктору, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү, эмгек миграциясы, бажы-тарифтик жөнгө салуу, агроөнөр жай саясаты чөйрөлөрүнө багытталат.

Жүргүзүлгөн талдоонун негизинде Комиссия тарабынан мүчө мамлекеттердин айрым рейтингдерин түзүү методикасы даярдалган.

Бирлик өлкөлөрүндө аныкталган жана четтетилген тоскоолдуктар жана тоскоолдуктардын белгилери менен кедергилер (ТБК) жөнүндө дайындардын жардамы менен ЕАЭБ алкагында төрт эркиндикти ишке ашырууда мүчө мамлекеттердин натыйжалуулугунун деңгээлин көрсөткөн өзүнчө рейтингдер алынган.

Мүчө мамлекеттердин аныкталган тоскоолдуктар жана ТБК саны боюнча рейтинги (2016-2023-жылдар аралыгында).

Маалымат

ЕАЭБдин ички рыногунда тоскоолдуктарды квалификациялоо жана кедергилерди жана чектөөлөрдү четтетилди деп таануу методологиясы ЕЭК Коллегиясы тарабынан 2023-жылдын 28-мартында бекитилген.

Тоскоолдуктар деп - Бирликтин ички рыногунун иштешинин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын, жумушчу күчүнүн эркин кыймылы жана мүчө мамлекеттердин мыйзамдарынын колдонуудагы же кабыл алынган, бирок күчүнө кире элек ченемдеринин же мүчө мамлекеттерде түзүлгөн укук колдонуу тажрыйбасынын Бирликтин укугуна ылайык келбешинен улам келип чыккан алардын мүчө мамлекеттердин рынокторуна жетүүсү үчүн кедергилер түшүнүлөт.

Чектөөлөр деп – алардын өнүгүүсү Бирликтин укугу менен каралган экономикалык мамилелерди укуктук жөнгө салуунун жоктугунан улам келип чыккан, Бирликтин ички рыногунун иштөөсүнүн жана мүчө мамлекеттердин рынокторуна алардын жеткилигинин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын, жумушчу күчтүн эркин кыймылы үчүн тоскоолдуктар түшүнүлөт.

Алып коюулар деп – Бирликтин ички рыногунун жалпы иштөө эрежелеринин мүчө мамлекет тарабынан колдонулбашы жөнүндө Бирликтин укугу менен каралган алып салуулар (чегинүүлөр) түшүнүлөт.

Ички рыноктордун иштөө порталында ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктар жөнүндө билдирүүгө жана ЕЭКтин бул чөйрөдөгү иши жөнүндө толук маалымат алууга болот.

ЕЭКтин Ички рыноктордун иштеши департаментинин тоскоолдуктар жана аларды четтетүү боюнча иштер жөнүндө видеоколлекциясы 


ЕАЭБде 2024-2025-жылдарга макроэкономикалык саясаттын негизги багыттамалары аныкталды

25 Декабря, 2023

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 25-декабрындагы отурумунда Санкт-Петербургда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин башчылары 2024-2025-жылдарга карата макроэкономикалык саясаттын негизги багыттамаларын бекитишти. Документ келечекте дүйнөлүк экономиканын өнүгүү арымдарынан ашкан арымдар менен ЕАЭБ ИДӨсүнүн ар жылдык өсүшүнүн траекториясына чыгуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Документте белгиленгендей, айрым мүчө мамлекеттерге карата геосаясий чыңалуунун өсүшү жана экономикалык басымдын күчөшү 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирлик боюнча жалпы ИДӨнүн 1,6%га төмөндөшүнө алып келди. Ошол эле учурда 2023-жылы Бирликтин экономикасы өсүү траекториясына чыкты. 2023-жылдын январь-сентябрында ЕАЭБдин ИДӨсү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,1%га өскөн жана алдын ала баалоо боюнча 1 701,3 млрд АКШ долларын түзгөн. Өнөр жай өндүрүшү (үстүбүздөгү жылдын 10 айында 3,7%га өсүш) жана айыл чарба продукциясын өндүрүү (ошол эле мезгилде 0,5%га өсүш) ишенимдүү өсүүдө, Бирликтин ички рыногунун маанилүүлүгү жогорулоодо.  

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн реалдуу секторун жаңы шарттарда бекемдөөнү эске алуу менен орто мөөнөттүү келечекте ЕАЭБдин экономикалык өсүш темпинин андан ары жогорулашы күтүлүүдө. Мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүү процесстерин тездетип активдештирүү үчүн макроэкономикалык саясатты экономикалык потенциалды чыңдоо, инвестициялардын өсүшү жана товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүнү кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багыттоо зарыл.

Документ ЕАЭБ өлкөлөрүнө төмөнкү чараларды ишке ашырууга күч-аракеттерди жумшоону сунуштайт:

- инвестициялардын көлөмдөрүн өстүрүү үчүн жагымдуу макроэкономикалык шарттарды түзүү (анын ичинде баалардын туруктуулугун колдоо, өз ара соодада эсептешүүлөр үчүн улуттук валюталарды колдонууну өнүктүрүү, валюталык тобокелдиктерди минималдаштыруу);

- ЕАЭБдин илимий-технологиялык потенциалын өнүктүрүү (биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, жогорку технологиялык өндүрүштөрдү локалдаштыруу, санариптик технологияларды өнүктүрүү жана башка чаралар);

- реалдуу сектордо өндүрүштүк базаны чыңдоо жана кооперацияны өнүктүрүү (өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, агроөнөр жай комплексинин жогорку технологиялык секторлорун өнүктүрүү, энергияны үнөмдөө тармагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана башка чаралар);

- Бирликтин ички рыногун өнүктүрүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү (тоскоолдуктарды четтетүү, алып коюуларды жана чектөөлөрдү кыскартуу, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүү, Бирликтин алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана башка чаралар).

"2024-2025-жылдары макроэкономикалык чөйрөнү жакшыртуу, өндүрүштү өнүктүрүүдө инвестицияларды өстүрүү, илимий-технологиялык жана өндүрүштүк потенциалды жогорулатуу, евразиялык кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Бирликтин ички рыногунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана эл аралык экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча милдеттерди чечүү келечекте Бирликтин ИДӨсү дүйнөлүк экономиканын өнүгүү арымдарынан ашкан арымдар менен ар жылдык өсүшүнүн траекториясына чыгуу үчүн шарттарды түзөт", – деп айтылат документте.

ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөттөрүнө жана улуттук (борбордук) банктарына макроэкономикалык саясатты жүргүзүүдө негизги багыттамаларды эске алуу сунушталды.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары жакындаштыруу үчүн табигый монополиялар чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актылардын тизмесин аныкташты

25 Декабря, 2023

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин табигый монополиялар чөйрөсүндөгү жакындаштырууга жаткан ченемдик укуктук актыларынын тизмеги бекитилди. Мамлекет башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнө бул тизмеде көрсөтүлгөн улуттук мыйзамдарды толуктоо боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырышты.

Тизме ЕАЭБ жөнүндө келишимге № 20 тиркемеде белгиленген табигый монополиялар чөйрөсүндө жеткиликтүүлүктү камсыздоону жөнгө салуу принциптеринин жана эрежелеринин негизинде, Комиссиянын жана Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын биргелешкен ишинин натыйжасында түзүлгөн.

Тизме темир жол транспорту, отун-энергетикалык комплекси, аэронавигация, суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу жагындагы табигый монополиялар чөйрөсүнө тиешелүү, ошондой эле табигый монополиялардын кызмат көрсөтүүлөрүн киргизүү же алып салуу жана табигый монополиялардын субъекттеринин реестрин жүргүзүү боюнча ченемдерди караган ченемдик укуктук актыларды камтыйт. Бирликтин мүчө мамлекеттеринин 26 укуктук актыларынан турган тизме тараптардан же Комиссиядан сунуштар келип түшкөнүнө жараша толукталып жана актуалдаштырылышы мүмкүн.

ЕАЭБ өлкөлөрү жакынкы төрт жылда бул тизме боюнча өз мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүсү күтүлөт.

"Биздин биргелешкен ишибиздин натыйжалары керектөөчүлөргө, алардын ЕАЭБдин кайсы бир мүчө-мамлекетине таандыктыгына карабастан, табигый монополия субъекттери тарабынан кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик жөнгө салуунун жалпы ыкмаларын түшүнүүгө мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.

ЕЭК министринин айтымында, жаңы документ ошондой эле табигый монополиялардын кызматтарын керектөөчүлөр үчүн бирдей шарттарды, товарлардын эркин кыймылын, керектөөчүлөрдүн жана жөнгө салынуучу субъекттердин кызыкчылыктарынын балансын сактоону камсыз кылууга, ошондой эле табигый монополиялар чөйрөсүндө атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Маалымат

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттердин табигый монополиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү чараларды жүзөгө ашыруунун ырааттуулугун аныктоо боюнча иш-чаралар планынын (жол картасынын) 10-пунктунда (ЕЭК Кеңеши тарабынан 2017-жылдын декабрында бекитилген) жакындаштырууга тийиш болгон мүчө мамлекеттердин ченемдик укуктук актыларынын тизмегин кабыл алуу каралган.

 


ЕАЭБ жана Иран толук форматтуу эркин соода аймагын түзүшөт

25 Декабря, 2023

25-декабрда Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун "талааларында" бир тарабынан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттери, экинчи жагынан Иран Ислам Республикасынын ортосунда Эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Документке: Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Мгер Григорян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Серик Жумангарин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын Орун басары Алексей Оверчук, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын өнөр жай, кен жана соода министри Аббас Али-Абади кол коюшту.

"ЕАЭБ менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда азыр кол коюлган Эркин соодалашуу жөнүндө макулдашуу биздин өлкөлөрдүн ортосундагы сооданы сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрөт, – деп баса белгиледи Михаил Мясникович. – Бүтүм дымактуу болуп саналат – алып келүү бажы алымдары товардык номенклатуранын дээрлик 90%на карата жоюлат, бул үлүшкө биздин өз ара соодабыздын 95%дан ашыгы туура келет".

2019-жылы күчүнө кирген, бир тарабынан ЕАЭБ жана анын мүчө мамлекеттери, экинчи тарабынан Иран ортосунда Эркин соодалашуу аймагын түзүүгө алып келген Убактылуу макулдашуу өз ара товар жүгүртүүнүн эки эсе өсүшүнө мүмкүндүк берди (2019-жылы 2,4 млрд АКШ долларынан 2022-жылы 6,2 миллиард долларына чейин). Ошол эле учурда макулдашуунун товардык камтылышы айыл чарба жана өнөр жай продукцияларынын минималдуу топтому менен чектелген.

Убактылуу макулдашууда ЕАЭБ менен Иран, алар тарабынан түзүлгөн преференциалдык соода режими эркин сооданын толук форматтуу режимине өтүүнүн биринчи этабы боло тургандыгы жөнүндө сүйлөшүп келишишкен.

"Эркин соода жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө биз базис катары 2019-жылдан тартып колдонулуп келе жаткан убактылуу макулдашууну алдык, ал иш жүзүндө өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Ошол эле учурда биз эки ыкманы жетекчиликке алдык. Биринчиси – биздин соода режимдин жөнгө салуучу бөлүгүн жакшыртуу, экинчиси – биздин өлкөлөр ортосунда товарлардын максималдуу кеңири номенклатурасы боюнча алымсыз режимде сооданы камсыз кылуу. Бул эки ыкмага ЕАЭБ да, Иран да толугу менен макул болушкан. Жыйынтыгында анын бардык катышуучулары үчүн пайдалуу болгон бүтүм түзүлгөн", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Анын айтымында, кол коюлган эркин соода жөнүндө макулдашууга ылайык "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аграрийлери Иран рыногуна дан эгиндери, жүгөрү, өсүмдүк майлары, бодо малдын эти жана кой эти, эттен жана канаттуулар этинен жасалган азыктар, консервалар, кондитердик азыктар жана башка айыл чарба продукцияларынын кеңири топтому сыяктуу принципиалдуу маанилүү товарларды жеткирүү үчүн эксклюзивдүү шарттарга ээ болушат. Өнөр жай товарлары боюнча айта турган болсок, алымсыз соода режими металлургия, химиялык жана жыгач иштетүү өнөр жайынын, учак жана кеме куруу, машина куруу, темир жол техникасы жана жабдуулар жана өнөр жай секторунун башка продукцияларынын кеңири номенклатурасына карата аныкталат".

Тарифтик эмес бөлүгүндө да кошумча макулдашууларга жетишилди: техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар, бажылык башкаруу, товарлардын чыккан жерин верификациялоонун электрондук системасы, соодалык коргоо чаралары, мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруунун транспаренттүүлүгүнүн зарыл деңгээлин камсыздоо чөйрөлөрүндө.

Мындан тышкары, келишимдин алкагында тармактардын кеңири чөйрөсү боюнча кызматташтык өнүктүрүлөт. Бул пайдалуу кен байлыктарды казып алуу, энергонатыйжалуулук жана "жашыл өсүш", изилдөөлөр жана инновациялар, билим берүү, медицина, телекоммуникациялар. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Ирандын өкмөттөрү "Түндүк-Түштүк" экономикалык алкагын өнүктүрүүнү маанилүү деп эсептешет, мындан улам транспорттук-логистикалык чечимдерге жана транзиттик ташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кол коюлгандан кийин эркин соодалашуу жөнүндө келишим Иранда жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ратификациялык жол-жоболорду жүргүзүү үчүн сунушталат.

"ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө макулдашуунун бардык катышуучулары тарабынан артыкчылыктуу көңүл бурулуп жатканын эске алуу менен, бул жол-жоболор создуктурулбашы керек жана макулдашуу жакынкы убакта иштей баштайт деп эсептейбиз", – деп жыйынтыктады Михаил Мясникович.

ЕАЭБ Бажы кодексине тышкы сооданы жөнгө салуу жагында өзгөртүүлөр киргизилди

25 Декабря, 2023

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 25-декабрдагы отурумунда Санкт-Петербургда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюшту.

Документ электрондук соода товарларын бажы чек арасы аркылуу өткөрүү маселелерин комплекстүү жөнгө салууга багытталган. Анда тышкы электрондук сооданын алкагында сатылып алынган товарларды жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрүн аныктоо менен товарлардын өзүнчө категорияга бөлүү, электрондук соода операторунун институтун киргизүү, бажылык декларациялоодо декларациянын жаңы түрүн пайдалануу (электрондук соода товарларына декларация), бажы ("бонддук") кампаларын пайдалануу менен жеке жактарга тышкы электрондук соода товарларын сатуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле бажы төлөмдөрүн колдонуу өзгөчөлүктөрү каралган.

Өзгөртүүлөр комплексте жеке жактар тарабынан интернет-аянтчаларда сатылып алынган товарлар менен операциялардын логистикасын камсыз кылууга, ошондой эле электрондук соода товарларын бажылык декларациялоо жана сактоо процесстерин камсыз кылуу менен интернет-аянтчалар жана бажы органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Жаңы жөнгө салуу ишмердикти кесипкөйлөштүрүүгө жана акыркы керектөөчүнүн ыңгайлуулугун камсыз кылууга жардам берет. Коштоо боюнча бардык функцияларды, анын ичинде бажы органдарынын алдындагы жоопкерчиликти жеткирүүлөр чынжырынын жаңы катышуучусу – электрондук соода оператору өзүнө алат. Протоколдо анын, бажынын жана сатып алуучунун ортосундагы кызматташтыктын алкагы аныкталган. Ошол эле учурда жарандар үчүн товарларды өз алдынча же ыйгарым укуктуу оператор аркылуу жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгү жабылбайт.

Протоколду даярдоо Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарында каралган.

2023-жылдын 12-декабрындагы ЕЭК Кеңешинин отурумунун жыйынтыктары

12 Декабря, 2023

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн вице-премьерлери 12-декабрда Москвада өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда 36 маселени карашты.

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери тарабынан өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда каржылык көмөктөшүү механизмине катышкан Каржы уюмдарынын тизмесин бекитти.

"Евразиялык электробус" мамлекеттер аралык программасынын долбоорун иштеп чыгуу жактырылды.

Комиссиянын Кеңеши эт азыктарын өндүрүүдө колдонууга арналган үй тоокторунун тоңдурулган эттерине карата алып келүү бажы алымын төлөөдөн бошотуу түрүндө тарифтик жеңилдик берүү чечимин кабыл алды. 

Кеңеш кабыл алган чечимге ылайык, алынып келинген карантинге алынуучу продукцияга алгачкы карантиндик фитосанитардык контролду жүзөгө ашырууда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары тобокелдиктин интегралдык индексин эске алуу менен фитосанитардык тобокелдикти башкаруу тутумун колдоно алышат.

ЕАЭБдин "Алкоголдук продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин күчүнө кирүү мөөнөтү жылдырылды.

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында Ветеринардык багыттагы дезинфекциялык, дезинсекциялык жана дезакаризациялык каражаттардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу эрежелерин бекитти.

ЕЭК Коллегиясынын 2020-2022-жылдары Рынокту трансчек аралык рынокко киргизүү критерийлерин колдонуу жөнүндө баяндаманы жактырылды.

Атаандаштыкка каршы макулдашууга катышуу жөнүндө чарбакер субъект ыктыярдуу арыз берген учурда жоопкерчиликтен бошотуу тартиби бекитилди.

Вице-премьерлер экономикалардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу максатында колдоо көрсөтүлүп жаткан система түзүүчү жана шаар түзүүчү ишканалар тарабынан товарларды ташып келүүдө алып келүү бажы алымдарын төлөө боюнча пайызсыз кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү үчүн негизди колдонууну узартышты.

Май-тоң май техрегламентине өзгөртүүлөр киргизилди, анын ичинде тамак-аш продукциясындагы глицидил эфирлерин нормалоодо биринчи кадам жасалды.

ЕАЭБдин алкоголго карата техрегламентинин күчүнө кирүү мөөнөтү жылдырылды

12 Декабря, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши россиялык тараптын сунушу боюнча аталган техрегламентке бир катар техникалык өзгөртүүлөрдү макулдашуу жана киргизүү максатында Евразия экономикалык бирлигинин "Алкоголдук продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин күчүнө кирген күнүн 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 1-июлуна жылдырууну чечти.

Белгиленген мөөнөттү ишке ашыруу үчүн, ЕЭК Кеңешинин ушул эле чечими менен, Россия Федерациясынын Өкмөтүнө ал күчүнө кирген күндөн тартып төрт айдан кеч эмес мөөнөттө мүчө мамлекеттерде ЕАЭБдин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу, кабыл алуу, өзгөртүү жана жокко чыгаруу тартибинин 46-пунктуна ылайык техрегламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун иштеп чыгууну жана макулдашууну камсыз кылуу сунушталган.

Ошол эле мезгилде сыра кайнатуу жана шарап жасоо продукциясына карата талаптар менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу зарыл.

ЕЭК Кеңешинин кабыл алынган чечими техникалык регламенттин айрым жоболорундагы так эместиктерди жана техникалык каталарды четтетүүгө мүмкүндүк берет, бул алкоголь рыногунун катышуучуларына керектөөчүнү адаштырууга жол бербөөгө, ошондой эле жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтириши мүмкүн болгон тобокелдиктерди жоюуга мүмкүндүк берет.

Май-тоң май техрегламентине өзгөртүүлөр киргизилди, анын ичинде тамак-аш продукциясындагы глицидил эфирлерин ченемдөөдө биринчи кадам жасалды

12 Декабря, 2023

12-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин отурумунда Бажы бирлигинин "Май-тоң продукциясына карата техникалык регламент" техникалык регламентине өзгөртүүлөр кабыл алынды. Өзгөртүүлөр россиялык тарап тарабынан – Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлиги тарабынан иштелип чыккан.

Тамак-аш майы-тоң майы продукциясынын аныктамалары, маркалоого карата талаптар, аны өндүрүү жана ташуу процесстери бөлүгүндө аталган техрегламенттин айрым жоболору такталды, ошондой эле техникалык регламенттин ченемдерин бир жактуу чечмелөө четтетилди.

Атап айтканда, тамак-аш майы-тоң майы продукциясын ташуу (транспорттоо) процессине жана шарттарына карата, анын ичинде май-тоң май продукциясын куюп ташуу үчүн арналган транспорт каражаттарын пайдалануу боюнча талаптар каралган. Тамак-аш майы-тоң майы продукцияларын суу транспорту менен ташууда уруксат берилген жана тыюу салынган мурдагы жүктөрдүн тизмеси белгиленген.

Ошондой эле өсүмдүк майларын суу транспорту менен куюп ташыгандан кийин, милдеттүү түрдө кайра иштетүүгө талаптар аныкталган, бул тамак-аш майы-тоң майы продукциясынын бардык түрлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылат.

Мындан тышкары, тамак-аш май-тоң майы продукциясынын коопсуздугун жогорулатуу максатында "глицидолго кайра эсептегенде май кычкылдыктарынын глицидил эфирлери" контаминантынын камтылышынын жол берилген деңгээлин нормалдаштыруу киргизилет. Бул маселе чоң социалдык мааниге ээ, анткени акыркы жылдары өсүмдүк майларында жана аларды колдонуу менен жасалган азыктарда май кычкылдыгынын глицидил эфирлеринин болушу жана алардын ден-соолукка терс таасири жөнүндө маалыматтар топтолгон. Бул заттар технологиялык контаминанттар болуп саналат жана жогорку температурада иштетүүдө бардык өсүмдүк майларында пайда болушу мүмкүн. Мында глицидил эфирлеринин пайда болушун болтурбоого же алардын өсүмдүк майларында болушун азайтууга мүмкүндүк берүүчү технологиялык чечимдер иштелип чыккан жана киргизилүүдө.

Глицидол, глицидил эфиринин гидролизаты, Ракты изилдөө боюнча эл аралык агенттик (IARC) тарабынан мүмкүн болгон генотоксикалык канцероген катары классификацияланган (2А тобу). Алар ошондой эле нейроуулуу жана канцерогендүү болушу мүмкүн деп эсептелет, ал эми белгилүү болгондой, канцерогендер ракка алып келиши мүмкүн.

Азыркы убакытка чейин ЕАЭБ мамлекеттеринин мыйзамдарында, ошондой эле Бирликтин техникалык регламенттеринде тамак-аш продукциясында глицидил эфирлеринин камтылышы боюнча милдеттүү талаптар белгиленген эмес.

2019-жылы Бирдиктүү санитардык талаптар аларды ченемдөөнүн европалык практикасына шайкеш келтирүү максатында, май-тоң май продукциясында жана балдар тамак-ашынын айрым түрлөрүндө май кычкылдыктарынын глицидил эфирлеринин камтылышы боюнча ченемдер менен толукталган (Комиссиянын Коллегиясынын 2019-жылдын 6-августундагы № 132 чечими). Бул ченемдер Бирликтин тамак-аш продукциясы чөйрөсүндөгү техникалык регламенттерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин күчүнө кирет.

ЕЭК Кеңеши тарабынан өзгөртүүлөрдүн кабыл алынуусу тамак-аш продукциясындагы глицидил эфирлерин нормалдаштыруудагы биринчи кадам болуп саналат.

Май-тоң май продукциясына карата техрегламентке өзгөртүүлөр ЕЭК Кеңешинин өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечими расмий жарыяланган датадан тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат

Бажы бирлигинин "Май-тоң май продукциясына карата техникалык регламент" техникалык регламенти (ББ ТР 024/2011) ББКнын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 883 чечими менен кабыл алынган жана 2013-жылдын 1-июлунда күчүнө кирген.


ЕЭК Кеңеши "Евразия электробусу" мамлекеттер аралык программаны иштеп чыгууну жактырды

12 Декабря, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 12-декабрда "Евразия электробусу" мамлекеттер аралык программасынын долбоорун иштеп чыгууну жактырды. Документ Беларустун демилгеси боюнча Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн электромобилдерди куруу жаатында долбоорлорду түзүүдө жана ишке ашырууда кооперациялык кызматташтыгын өнүктүрүү жөнүндө Комиссиянын Кеңешинин үстүбүздөгү жылдын 15-февралындагы сунуштамасын өнүктүрүү үчүн даярдалды.

"Мамлекеттер аралык программанын башкы максаты бирликтик электробустар рыногунун биздин Бирликте өндүрүлгөн жогорку локалдаштырылган продукцияга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу болуп саналат", – деп баса белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян.

ЕЭК министринин сөзү боюнча, бул максатка жетүү үчүн бир катар милдеттерди чечүү талап кылынат, атап айтканда, жабдууларды жаңылоо жана электробустар үчүн түйүндөрдүн жана агрегаттардын сериялык өндүрүшүн түзүү, мындай компоненттерди чыгаруунун көлөмүн көбөйтүү.

Ошондой эле электробустар үчүн жабдууларды жана компоненттерди евразиялык жеткирүүчүлөрдүн компетенциясын күчөтүү, алар үчүн субкомпоненттерди өндүрүүнү локалдаштыруу деңгээлин жогорулатуу алдыда турат. Башка маанилүү милдеттердин катарында — электробустарды өндүрүү чөйрөсүндө илимий-изилдөө жана иштеп чыгуу компетенцияларын өнүктүрүү, компоненттердин наркындагы импорттук курам бөлүктөрдү азайтуу.

Мамлекеттер аралык программанын долбоорун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга төмөнкү беларустук жана россиялык ишканалар катышкандыгын тастыкташты: "УКХ "Белкоммунмаш" ААК, Беларустун УИАнын Машина куруу боюнча бириккен институту, "МАЗ" ААК (Беларусь Республикасы), "Камаз" ААК, "Росатом" МК (Россия Федерациясы). Булар тигил же бул түрдө мамлекеттер аралык программаны иштеп чыгуу идеясы талкууланган негизги уюмдар гана.

ЕАЭБде өнөр жайдагы кооперациялык долбоорлорго финансылык көмөктөшүү механизмине катышкан каржы уюмдарынын тизмеси бекитилди

12 Декабря, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 12-декабрдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери тарабынан өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда каржылык көмөк көрсөтүү механизмине катышкан каржы уюмдарынын тизмеси бекитилди.

"Бүгүн сунушталган каржы уюмдарынын тизмеси биздин өлкөлөрдүн позицияларынын негизинде түзүлгөн, – деп билдирди ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян. — Ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин чечими менен бекитилген, Биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жана аларга каржылык көмөк көрсөтүү жөнүндө жобону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл. Бул Жободо улуттук каржылык уюмдарга карата талаптар белгиленген жана мындай уюмдардын тизмеси Комиссиянын Кеңеши тарабынан аныкталаары белгиленген".

Артак Камалян эскертип өткөндөй, көп тараптуу өнөр жай долбоорлоруна каржылык көмөк көрсөтүү механизмин ишке киргизүү жана ишке ашыруу үчүн зарыл болгон актыларды иштеп чыгууну жана кабыл алууну камсыз кылуу боюнча милдет Комиссиянын жана мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн алдына Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан коюлган.

Тизмеге 63 банк, 8 өнүктүрүү институту жана 1 эл аралык уюм (Евразия өнүктүрүү банкы) киргизилген.

Маалымат

Бирликтин бюджетинен өнөр жайда көп тараптуу интеграциялык долбоорлор үчүн насыялар боюнча пайыздык чендер жагында субсидиялоо боюнча жаңы ыйгарым укуктарды Евразия экономикалык комиссиясы ушул жылдын 25-майында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда мүчө мамлекеттердин башчылары макулдашкан, ЕАЭБ жөнүндө келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдүн натыйжасында ээ болгон. ЕАЭБ жөнүндө келишимге ЕЭКке жаңы ыйгарым укуктарды берүү жагындагы өзгөртүүлөр алар Бирлик мамлекеттери тарабынан ратификациялангандан кийин күчүнө кирет.

2023-жылдын 26-октябрында Евразия өкмөттөр аралык кеңеш Өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жана Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери тарабынан аларды ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү жөнүндө жобону бекиткен.


ЕАЭБде алынып келинген карантиндик продукцияга карантиндик фитосанитардык контроль өркүндөтүлүүдө

12 Декабря, 2023

Алынып келинүүчү карантиндик продукцияга алгачкы карантиндик фитосанитардык контролду жүзөгө ашырууда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары, Комиссиянын буйрутмасы боюнча жүргүзүлгөн ИИИ алкагында иштелип чыккан тобокелдиктин интегралдык индексин эске алуу менен фитосанитардык тобокелдикти башкаруу тутумун колдоно алышат.

Тиешелүү чечимди Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 12-декабрдагы отурумда кабыл алды. Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 "Евразия экономикалык бирлигинде өсүмдүктөрдүн карантинин камсыз кылуу жөнүндө" чечимине өзгөртүүлөр киргизилди.

Кабыл алынган чечим менен карантинге алынган продукцияны менчик ээсинин эсебинен артка кайтаруу, зыянсыздандыруу же жок кылуу жана коштоочу документтерде көрсөтүлгөн продукциялардын иш жүзүндөгү саны шайкеш келбеген учурда фитосанитардык сертификат жараксыз деп табуу учурлары конкреттештирилген.

Кеңештин чечиминин жоболорун ишке ашыруу тандалма контролдук иш-чараларды жүргүзүүнү камсыз кылууга, карантиндик фитосанитардык контролдон өтүү убактысын кыскартууга, профилдик чечимдерди кабыл алууда ыйгарым укуктуу органдардын бир түрдүү мамилесин киргизүүгө мүмкүндүк берет.

ЕАЭБде Атаандаштыкка каршы макулдашууга катышуу жөнүндө ыктыярдуу арыз берилген учурда жоопкерчиликтен бошотуу тартиби кабыл алынды

12 Декабря, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен 12-декабрда Чарбакер субъекттин атаандаштыкка каршы макулдашууга катышуусу жөнүндө ыктыярдуу арызы боюнча жоопкерчиликтен бошотуу тартиби бекитилди.

Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимде тыюу салынган атаандаштыкка каршы макулдашууга катышуу жөнүндө ыктыярдуу билдирген субъект жалпысынан үч шартты аткарганда жоопкерчиликтен бошотулат деп каралган.

Биринчиден, ЕЭКке кайрылуу учурунда жасалган укук бузуу жөнүндө маалыматтары болбогон учурда. Экинчиден, чарбакер субъект келишимге мындан ары катышуудан өз ыктыяры менен баш тарткан учурда. Үчүнчүдөн, алар тарабынан берилген маалыматтар укук бузуу окуясын аныктоо үчүн жетиштүү болгон учурда. Мында бардык шарттарды биринчи болуп аткарган бир гана жак жоопкерчиликтен бошотулат.

Кабыл алынган Тартип атаандаштыкка каршы макулдашууларды түзүү жөнүндө арыздарды Комиссияга берүүнүн эрежелерин, мындай арыздарга карата талаптарды, ошондой эле аларды улуттуктан жогорку орган тарабынан кароонун тартибин белгилейт.

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султановдун айтымында, рыноктук мамилелер системасы чынчыл атаандаштыкка жана ишкердик эркиндигине негизделет. Анткен менен, товардык рынокто маанилүү орунду ээлөөгө умтулуу менен, ишкерлер кээде коюлган максаттарга нысапсыз жолдор менен жетүүгө аракет кылышат.

"Атаандаштыкка каршы макулдашуулар рыноктук мамилелердин негизин – атаандаштыкты бузуп, өлкөлөрдүн экономикасына зыян келтирет. Мындай макулдашууларды далилдөө өтө татаал, анткени алар оозеки түрдө гана жасалышы сейрек эмес. Ошондуктан тыюу салынган атаандаштыкка каршы макулдашууга катышуу жөнүндө ыктыярдуу билдирүү рыноктогу атаандаштыкты чектөөнүн зыянын жокко чыгарууга, ал эми айрым учурларда андан толук качууга мүмкүндүк берет", – деп министр ЕЭК Кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимге комментарий берди.

 

ЕЭК Кеңеши үй тоокторунун эти рыногунун тең салмактуулугун камсыздоо боюнча чечим кабыл алды

12 Декабря, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши эт продукциясын өндүрүүдө колдонууга арналган үй тоокторунун тоңдурулган этине (ЕАЭБ ТЭИ ТН 0207 14 100 9 жана 0207 14 500 9 коддору) карата алып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдикти берүү чечимин кабыл алды. Жеңилдик 2024-жылы жеткирүүлөрдүн көлөмүн Беларусь Республикасы үчүн 10,9 миң тоннага чейин жана Россия Федерациясы үчүн 140 миң тоннага чейин үчүн берилет.

"Канаттуулардын эти калк тарабынан, башка азыктар менен катар, кайра иштетилген азыктарда (колбаса азыктары, эт жарым фабрикаттары ж.б.) керектелет жана абдан талап кылынуучу болуп эсептелет. Анткен менен, эт чийки затын жана кайра иштетүү продуктуларын өндүрүү көлөмдөрүнүн өсүшүнө карабастан, ички рынокто канааттандырылбаган сурам сакталууда", — деди ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Анын айтымында, импортту өбөлгөлөө тоок этинин ички рыногун тең салмактоого жана кыска мөөнөттө сунуштун өсүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Кабыл алынган чечим дал ушул маселени чечүүгө багытталган.

"Чара убактылуу мүнөзгө ээ. Ошону менен катар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тарабынан тоок этинин ички өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча кадамдар ишке ашырылат", – деп баса белгиледи министр.

Тарифтик жеңилдик ыйгарым укуктуу орган тарабынан ташылып келүүчү товардын максаттуу багыты тастыкталган шартта берилет.

ЕАЭБде ветеринардык багыттагы дезинфекциялык, дезинсекциялык жана дезакаризациялык каражаттардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуунун бирдиктүү эрежелери белгиленди

12 Декабря, 2023

12-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында Ветеринардык багыттагы дезинфекциялык, дезинсекциялык жана дезакаризациялык каражаттардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу эрежелерин бекитти.

 Документти иштеп чыгуу жана макулдашуу ЕЭК тарабынан 2014-жылдан бери ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн. Ал аталган каражаттардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуунун бардык чөйрөсүн камтыйт.

Бирликте Эрежелердин кабыл алынышы менен ветеринардык багыттагы дезинфекциялык, дезинсекциялык жана дезакаризациялык каражаттарды каттоонун бирдиктүү жол-жоболору, алардын сапатына, натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна карата бирдиктүү талаптар жана аларды баалоонун критерийлери, ЕАЭБдин бажы аймагында бул каражаттардын жүгүртүлүшүнө контролдоо-көзөмөлдөө ишмердигинин бирдиктүү эрежелери жана жол-жоболору белгиленет. Бул Бирликтин жалпы рыногунун иштөөсү жана өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Белгилей кетүүчү нерсе, ушул убакка чейин аталган каражаттарды жүгүртүүнүн бардык аспектилери улуттук мыйзамдар менен жөнгө салынып келген, бул ЕАЭБдин жалпы рыногунун натыйжалуу иштешине мүмкүндүк берген эмес. Кабыл алынган документ Бирликте ветеринардык багыттагы дезинфекциялык, дезинсекциялык жана дезакаризациялык каражаттарды жүгүртүү үчүн кыйла ыңгайлуу жана транспаранттык шарттарды түзөт.

ЕЭК Кеңешинин чечими менен өткөөл мезгилдер белгиленди. Атап айтканда, ЕАЭБ эрежелери 2027-жылдын 1-сентябрында күчүнө кирери аныкталган.

Ветеринардык багыттагы дезинфекциялоочу, дезинсекциялык жана дезакаризациялык каражаттардын каттоо күбөлүктөрү жана мындай каражаттарды жүгүртүүгө чыгаруу үчүн зарыл болгон, 2027-жылдын 1-сентябрына чейин берилген башка документтер Бирлик өлкөлөрүнүн мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде, бирок 2032-жылдын 31-декабрынан кеч эмес убакытка чейин жарактуу болот. ЕАЭБ мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык катталган көрсөтүлгөн каражаттардын каттоо досьелери 2032-жылдын 31-декабрына чейин Бирликтин эрежелерине ылайык келтирилүүгө тийиш.

Мындан тышкары, Эрежелерге ылайык, Бирлик өлкөлөрүнүн мыйзамдарына ылайык 2027-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөткө катталган ЕАЭБде ветеринардык багыттагы дезинфекциялоочу, дезинсекциялык жана дезакаризациялык каражаттардын 2032-жылдын 31-декабрына чейин жүгүртүлүшүнө жол берилет. Ошондой эле, Бирликтин мамлекеттеринин мыйзамдарында каралган башка жол-жоболорго ылайык жүгүртүүгө чыгарылган аталган каражаттарды, аларды ЕАЭБ эрежелеринде каралган тартипте каттоо жол-жобосу аяктаганга чейин жүгүртүүгө жол берилет.

ЕЭК Кеңеши 2020-2022-жылдары рынокту чек ара аралык рынокко киргизүү критерийлерин колдонуу жөнүндө баяндаманы жактырды

12 Декабря, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 12-декабрдагы отурумунда ЕЭК Коллегиясынын 2020-2022-жылдары рынокту чек ара аралык рынокко киргизүү критерийлерин колдонуу жөнүндө баяндама каралып жана жактырылды.

2012-жылы Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан бекитилген рынокту трансчек аралык рынокко киргизүү критерийлери — Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимде каралган атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларга бөгөт коюу боюнча Комиссиянын компетенциясын аныктоочу негизги документ.

Документке комментарий берип жатып, ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султанов баяндамада Бирликтин трансчек аралык рынокторун баалоонун талдоосу келтирилгенин, аларга Комиссия тарабынан критерийлер колдонулганын белгилеп өттү.

"Биздин укук колдонуу тажрыйбабызды талдоонун негизинде Баяндамада көйгөйлүү маселелердин эки блогу түзүлгөн, алар биздин көз карашыбызда, ЕАЭБдин бирдиктүү экономикалык мейкиндигинде ак ниет атаандаштыкты камсыз кылуу үчүн "боз зоналарды" түзөт. Биринчи блок Критерийлердин айрым ченемдерине, экинчиси — критерийлердин шарттарынын аткарылышын баалоо үчүн Комиссияда инструменттердин жетишсиздигине тиешелүү", — деди Бахыт Султанов.

Министрдин пикири боюнча, "сезимтал" маселелердин катарында – Комиссиянын ЕАЭБдин чегинен тышкары катталган чарбакер субъекттердин атаандаштык эрежелерин бузууларын токтотууга компетенциясынын жоктугу жана экономикалык ишмердүүлүктү координациялоо. Ошондой эле чек ара аралык рыноктордо "доминанттардын" бузулушун токтотууда айрым кыйынчылыктар бар.

"Баяндама, негизинен алып караганда, жол картасы болуп саналат жана келечекте улуттук атаандаштык ведомстволору менен мындан аркы ишибиздин багыттарын аныктайт", – деп жыйынтыктады Бахыт Султанов.

Бул экинчи ушундай Баяндама экенин белгилей кетүү керек. Биринчиси 2015-2019-жылдар мезгилин камтыган. 2023-2025-жылдарга рынокту чек ара аралык рынокко киргизүү критерийлерин колдонуу жөнүндө кезектеги баяндама Комиссиянын Кеңешине 2026-жылдын экинчи жарымында берилүүгө тийиш.

ЕЭК Кеңеши алып келүү бажы алымдарын мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн кошумча негиздердин колдонулушун узартты

12 Декабря, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши экономикалардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу максатында колдоо көрсөтүлүп жаткан система түзүүчү жана шаар түзүүчү ишканалар тарабынан товарларды ташып келүүдө алып келүү бажы алымдарын төлөө боюнча мөөнөтүн пайызсыз кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү үчүн негизди колдонууну 2024-жылдын 30-июнуна чейин узартуу чечимин кабыл алды. Бул өндүрүштө колдонулбаган акциз алдындагы товарларга тиешелүү эмес.

 Буга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруунун алкагында мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн мындай кошумча негиз 2023-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген эле.

Төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге калтырууну же бөлүп төлөөнү алуу үчүн улуттук мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ырастаманы бажы органына көрсөтүү зарыл.

Маалымат

Ташып кирүү бажы алымын төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө тартиби ЕАЭБ Бажы кодексинин 58 жана 59-беренелери менен жөнгө салынат.


ЕЭК Кеңешинин отурумунун 2023-жылдын 23-24 ноябрындагы жыйынтыктары

24 Ноября, 2023

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн вице-премьерлери 23-24-ноябрда Москвада өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда 49 маселени карашты.


ЕЭК Кеңеши өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн бодо малдын этинин айрым түрлөрүнө карата алып келүү бажы алымынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдикти сунуштады.

ЕАЭБге электромобилдерди алып кирүүгө тарифтик жеңилдик 2025-жылга чейин узартылды.

Вице-премьерлер Бирликке товарларды экспорттоого жана импорттоого лицензия жана уруксаттарды берүү эрежелеринин жаңы редакциясын бекитишти. Эми бул документтерди электрондук түрдө алууга болот.

ЕЭК Кеңеши өнүгүп келе жаткан жана аз өнүккөн өлкөлөрдөн товарлардын келип чыгышын тастыктоонун жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосун бир жылга узартты.

ЕАЭБде маркалоо жөнүндө чечимдерге өзгөртүүлөр киргизилди, алар ички рынокто товарлардын эркин жүрүүсүн камсыз кылууга жардам берет.

Күкүрттүн массалык үлүшү 1,5%дан ашпаган кеме отунун өндүрүү жана ЕАЭБ рыногунда жүгүртүүгө чыгаруу мүмкүнчүлүгү үч жылга узартылды.

ЕЭК Кеңеши Мамлекеттик сатып алуулар үчүн товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелерин өзгөртүү боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды.

Бирликте тракторлорду жана өзү жүрүүчү машиналарды өндүрүүчүлөрдүн аларды газ менен иштеген кыймылдаткычтар менен жабдуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди.

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү жактардын) бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жөнүндө макулдашууну жактырды. ЕАЭБдин жана үчүнчү өлкөлөрдүн бажы транзитинин бирдиктүү тутуму түзүлүүдө.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жакындаштырууга жаткан табигый монополиялар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары жөнүндө чечимди жактырды.

ЕАЭБде маркалоо жөнүндө чечимге өзгөртүүлөр товарлардын ички рынокто эркин жүрүүсүн камсыз кылууга жардам берет

24 Ноября, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ЕАЭБдин идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо тутумунун базалык технологиялык уюштуруу моделине өзгөртүүлөрдүн "экинчи топтомун" жана ЕЭК Кеңешинин товарлардын айрым категорияларына карата маркалоону киргизүү жөнүндө мурда кабыл алынган чечимдерин карап чыкты.

"Топтолгон тажрыйбаны, ошондой эле маркалануучу продукциянын категорияларынын санын кеңейтүүнү эске алуу менен Комиссия маркалоонун колдонуудагы эрежелерин тактоо жана модернизациялоо жөнүндө чечим кабыл алды. Мындай өзгөртүүлөрдүн башкы милдети Бирликтин ички рыногунда тоскоолдуктардын жоктугун камсыз кылуу, мүчө мамлекеттерде маркалоо тартибин унификациялоонун деңгээлин жогорулатуу жана улуттук операторлордун маалыматтык өз ара иштешүүсүн жакшыртуу болуп саналат", – деп баса белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Бул максатта Комиссиянын Кеңешинин аракеттеги актыларына төмөнкүдөй негизги түзөтүүлөр киргизилген:

- Базалык моделдин жоболору маркаланууга тийиш болгон товарларды трансчек аралык соода менен байланышпаган максаттарда алып өтүү учурларына жайылтылган (мисалы: көргөзмө-жарманкелерде көрсөтүү же башка мүчө мамлекеттин аймагында убактылуу сактоо);

- "контракттык өндүрүштүн" алкагында (буюртма берүүчүнүн иштетилме чийки затынан же буюртма берүүчүнүн соода маркасы менен өндүрүү) бир мүчө мамлекеттин өндүрүүчүсү тарабынан Бирликтин башка өлкөсүнүн буюртма берүүчүсүн идентификациялоо каражаттары менен товарды маркалоо мүмкүнчүлүгү камсыздалды.

- Комиссиянын Кеңешинин айрым товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүү жөнүндө мурда кабыл алынган чечимдери Базалык моделдин жоболоруна ылайык келтирилди.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Күкүрттүн массалык үлүшү 1,5%дан ашпаган кеме отунун өндүрүү жана ЕАЭБ рыногунда жүгүртүүгө чыгаруу мүмкүнчүлүгү үч жылга узартылды

24 Ноября, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Россия Федерациясынын сунушу боюнча 24-ноябрдагы отурумда Бажы бирлигинин "Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелдик жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка талаптар жөнүндө" техникалык регламентинин 7-тиркемесинин эскертүүсүнө өзгөртүү киргизди.

2026-жылдын 31-декабрына чейин ички сууларда ташууларга катышкан кемелер үчүн күкүрттүн массалык үлүшү 1,5%дан ашпаган кеме отунун өндүрүү жана жүгүртүүгө чыгаруу мүмкүнчүлүгү узартылды.

Бул чечим ички сууларда ташуулардын туруктуулугун, учурдагы логистикалык схемаларды камсыздоо жана Ыраакы Түндүк райондорун жана аларга теңештирилген региондорду товарлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну сактоо максатында кабыл алынды.

ЕЭК Кеңеши өнүгүп келе жаткан жана аз өнүккөн өлкөлөрдөн товарлардын келип чыгышын тастыктоонун жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосун узартты

24 Ноября, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши өнүгүп келе жаткан жана аз өнүккөн өлкөлөрдөн ташылып келинүүчү товарларга карата тарифтик преференцияларды берүүдө азыркы учурда колдонулуп жаткан жөнөкөйлөтүүлөрдү бир жылдык мөөнөткө узартуу чечимин кабыл алды. Тийиштүү жөнөкөйлөтүүлөр Комиссиянын Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 33 Чечими менен каралган жана 2023-жылдын 31-декабрына чейин колдонулушу керек болчу.

Атап айтканда, товардын чыгарылышы жөнүндө сертификаттардын көчүрмөлөрүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү узартылды (мындай документтердин түп нускаларын кийин милдеттүү түрдө алты айлык мөөнөттө берүү шарты менен).

Мындан тышкары, 2024-жылдын 31-декабрына чейин товарларды түздөн-түз сатып алуу шарты колдонулбайт, бул учурда ЕАЭБ өлкөсүнөн чарба жүргүзүүчү субъект менен өнүгүп келе жаткан же аз өнүккөн өлкөдөн чарба жүргүзүүчү субъектинин ортосунда түздөн-түз контракт түзүү каралат.

"Кабыл алынган чечим импорттоочуларга тышкы соодада орун алган терс көрүнүштөрдү жеңүү максатында, товарлардын чыгарылышын тастыктоонун жакшы жолго коюлган, жөнөкөйлөтүлгөн механизмин колдонууну улантууга мүмкүндүк берет", – деп түшүндүрдү ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

 


Маалымат

Буга чейин Комиссиянын Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 20-октябрындагы № 120 чечими кабыл алынган, анда эркин соода жөнүндө макулдашуулар боюнча ЕАЭБдин өнөктөш-өлкөлөрүнөн алынып келинүүчү товарлардын чыгарылышын документтик тастыктоонун жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосун узартуу каралган.



ЕАЭБде тракторлорду жана өзү жүрүүчү машиналарды өндүрүүчүлөрдүн аларды газ менен иштеген кыймылдаткычтар менен жабдуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди

24 Ноября, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши 24-ноябрда ЕАЭБдин "Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" жана "Айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттерине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Өзгөртүүлөр газды айыл чарба жана токой чарба тракторлору жана өзү жүрүүчү машиналардын кеңири номенклатурасы үчүн кыймылдаткыч отун катары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында Россия Федерациясы тарабынан демилгеленген тартипте даярдалган жана Евразия экономикалык бирлигинин бардык өлкөлөрү тарабынан колдоого алынган.

Мүчө мамлекеттердин ишканалары тарабынан мотор отуну катары суюлтулган жаратылыш газын (СЖГ) пайдалануучу айыл чарба техникасын чыгарууну камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү жабдуулардын номенклатурасы жана техникалык чечимдер өздөштүрүлгөн.

Азыркы учурда айыл чарба жана токой чарба тракторлоруна техрегламентте газды мотордук отун катары пайдаланган тракторлорго, ошондой эле мындай тракторлордун алардын кыймылдаткычтарын суюлтулган көмүр суутек газы (СКГ) жана компримирленген жаратылыш газы (КЖГ) менен кубаттандырууну камсыздоо компоненттерине карата коопсуздуктун милдеттүү талаптары каралган.

Бул техрегламентке өзгөртүүлөр тракторлордун кыймылдаткычтарын, ошондой эле суюлтулган жаратылыш газын (СЖГ) жана ушундай жабдуулар менен жабдылган трактордук техниканы кубаттандыруу үчүн жабдууларга карата анын талаптарын жайылтууну карайт.

Машиналардын жана жабдуулардын техрегламентине өзгөртүүлөр өзү жүрүүчү машиналарга газ түрүндөгү отунду (КЖГ, СЖГ же СКГ) пайдалануучу кыймылдаткычтарды кубаттандыруу үчүн жабдууларды орнотуу мүмкүнчүлүгүн караштырат.

Газбаллондук жабдууларга карата кош жөнгө салууну болтурбоо үчүн Бирликтин "Ашыкча басым астында иштеген жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине өзгөртүүлөр киргизилди, анда аны колдонуу жаатынан газбаллондук жабдууларды жана өзү жүрүүчү машиналарда, айыл чарба жана токой чарба тракторлорунда колдонуу үчүн атайын иштелип чыккан элементтерди алып салуу каралган.

Көрсөтүлгөн техрегламенттерге өзгөртүүлөр ЕЭК Кеңешинин өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечими расмий жарыяланган күндөн тартып 360 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат

ЕАЭБдин "Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти (ББ ТР 010/2011) Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 823 чечими менен кабыл алынган жана 2013-жылдын 15-февралынан тарта күчүнө кирген.

ЕАЭБдин "Айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти (ББ ТР 031/2012) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2011-жылдын 20-июлунданы № 60 чечими менен кабыл алынган жана 2015-жылдын 15-февралынан тарта күчүнө кирген.

ЕАЭБдин "Ашыкча басым астында иштеген жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти (ББ ТР 032/2013) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2013-жылдын 2-июлундагы № 41 чечими менен кабыл алынган жана 2014-жылдын 1-февралынан тарта күчүнө кирген.



ЕАЭБдин жана үчүнчү өлкөлөрдүн бажы транзитинин бирдиктүү тутуму түзүлүүдө

24 Ноября, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү жактардын) бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жөнүндө макулдашууну жактырды.


Документ бирликтин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү жактардын) бажы транзитинин бирдиктүү тутумунун иштешинин негизги принциптерин аныктайт.

БТБТ жөнүндө макулдашуунун ченемдерин ал кабыл алынгандан кийин практикалык ишке ашыруу контролдоочу кызматтардын аракеттерин минималдаштыруу аркылуу да, бизнестин кошумча чыгымдарын кыскартуу жолу менен да ташуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Бул электрондук документ түрүндөгү бирдиктүү транзиттик декларацияны колдонуунун; бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткаруунун бирдиктүү камсыздоосун пайдалануунун; Бирлик өлкөлөрүнүн жана үчүнчү тараптардын ыйгарым укуктуу экономикалык операторлоруна берилген айрым атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонуунун эсебинен жетишилет. Мындан тышкары, бул максаттарга жетүүгө Бирликтин бажы аймагы жана үчүнчү тараптардын бажы аймактары боюнча бажы транзитинин бажы жол-жоболоруна ылайык ташылуучу (транспорттолуучу) товарлардын жүрүшүнүн бардык жолдорунда товарлардын ташылышын көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу, ошондой эле бажы органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди жана бажы контролун жүргүзүүнүн натыйжаларын өз ара таануу жардам берет.

ЕАЭБдин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү жактардын) бажы транзитинин бирдиктүү тутуму жөнүндө макулдашуунун долбоору 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруунун алкагында Бирлик мамлекеттеринин министрликтеринин жана ведомстволорунун жана Комиссиянын эксперттери тарабынан биргелешип даярдалган.

Макулдашуу ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү үчүн ЕАЭБ мамлекеттерине жөнөтүлгөн.

ЕАЭБ 2024-жылы өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн бодо малдын этин ташып келүүгө тарифтик жеңилдик берет

24 Ноября, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши эт продукциясын өндүрүү үчүн каралган бодо малдын (БМ) этинин айрым түрлөрүнө карата ташып келүү бажы алымынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим кабыл алды

Кеп 2024-жылы бул продукцияны төмөнкүдөй көлөмдөрдө алып келүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө болууда: Армения Республикасы үчүн – 8,5 миң тоннага чейин, Беларусь Республикасы үчүн – 7,5 миң тоннага чейин, Казакстан Республикасы үчүн – 5 миң тоннага чейин, Кыргыз Республикасы үчүн – 3,5 миң тоннага чейин жана Россия Федерациясы үчүн - 100 миң тоннага чейин.

Бажы-тарифтик жөнгө салуу чарасы Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногунда эт чийки затынын тартыштыгын толтурууга, кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан даяр эт жана колбаса азыктарын өндүрүүнү өнүктүрүүгө, мындай өндүрүштүн өздүк наркын төмөндөтүүгө, ошондой эле даяр продукцияга баалардын өсүшүн токтотууга багытталган.

Тарифтик жеңилдик ташылып келүүчү товардын максаттуу багыты ыйгарым укуктуу орган тарабынан тастыкталган шартта, өнөр жайлык кайра иштетүү жана даяр продукцияны өндүрүү үчүн гана арналган бодо малдын этине карата берилет. Мындай эт чийки заты негизинен ички рынокто өндүрүлгөн жогорку сапаттагы уй эти болуп саналбайт. ЕАЭБде каралып жаткан эт чийки затынын тартыштыгы негизинен Латын Америкасы өлкөлөрүнөн жана Индиядан келген импорттук жеткирүүлөрдүн эсебинен компенсацияланат.

Комиссиянын Кеңешинин бул маселе боюнча Чечими менен бодо малдын этин, ошондой эле аны пайдалануу менен өндүрүлгөн даяр продукцияны акыркы пайдалануу боюнча тиешелүү чектөөлөр каралган.

ЕЭК Кеңеши мамлекеттик сатып алуулар үчүн ТЧӨ эрежелерин өзгөртүү боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды

24 Ноября, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен Мамлекеттик сатып алуулар үчүн товарлардын чыгарылган өлкөсүн (ТЧӨ) аныктоо эрежелерине № 1 тиркемеге өзгөртүүлөр киргизилди.


Бирликтин өлкөлөрүнүн сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана бизнестин өкүлдөрү менен бирдикте медициналык кол каптарды өндүрүү шарттары ("Медициналык буюмдар" тармагынын товардык позициясы) аларды өндүрүүнү локалдаштыруу деңгээлин эсептөөдө баллдык ыкманы колдонуу менен иштелип чыкты жана макулдашылды.

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султановдун айтымында, буга чейин Россия Федерациясында бул позиция боюнча РФ Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 617 токтомуна ылайык мамлекеттик сатып алууларга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген эле. "Эми алар тууралуу маалыматтар Евразиялык реестрге киргизиле турган ЕАЭБ товарлары аларга тоскоолдуктарсыз катышууга мүмкүнчүлүк алышат", – деп белгиледи ЕЭК министри.

Ошондой эле Комиссиянын Кеңешинин чечими менен 2024-жылдын 31-декабрына чейин мөөнөт узартылып, бул убакыттын аралыгында ТЧӨ эрежелеринин № 1-1 тиркемесине киргизилген товарлар СТ-1 товардын чыгарылышы жөнүндө сертификаттын негизинде өнөр жай товарларынын Евразиялык реестрине киргизилет.

ЕАЭБ электромобилдерди ташып келүүгө тарифтик жеңилдикти 2025-жылдын аягына чейин узартат

24 Ноября, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө чектелген санда ташылып келинген электромобилдерге карата бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдикти 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартты.

Бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу Армения Республикасында, Беларусь Республикасында, Казакстан Республикасында жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандарга гана берилет. Ошол эле учурда электромобилдерге ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын Россия Федерациясында жарандыгы бар жана (же) туруктуу жашаган адамдарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт.

"Электромобилдерге суроо-талапты өбөлгөлөөгө, аларды өндүрүүгө жана дүрмөттөө станцияларынын тармагын өнүктүрүүгө багытталган башка чаралар менен комплексте тарифтик жеңилдикти колдонуу мөөнөттөрүн узартуу мындай транспорт каражаттарынын кеңири таралышына өбөлгө болот деп күтүлүүдө", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

 


Маалымат

ЕАЭБ ББТнын электромобилдерге карата алып келүү бажы алымынын чени бажы наркынын 15%ын түзөт. ЕЭК Кеңешинин 2020-жылдын 16-мартындагы № 29 Чечимине ылайык, 2020-жылдын 4-майынан 2021-жылдын 31-декабрына чейин 0% өлчөмүндөгү алым колдонулган. Ал эми Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 чечиминин 7.1.38-пунктуна ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнө 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө, чектелген санда алынып келинген электромобилдерге карата бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдик берилди.



ЕАЭБде товарларды экспорттоого жана импорттоого лицензияларды жана уруксаттарды электрондук түрдө алууга мүмкүндүк түзүлөт

24 Ноября, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган товарларды экспорттоого жана импорттоого лицензияларды жана уруксаттарды берүү эрежелеринин жаңы редакциясын бекитти.

Документтин айрым ченемдери Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин даярдыгына жараша улуттук мыйзамдарга ылайык колдонула тургандыгы каралууда. Мисалы, эгерде бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарында каралган болсо, лицензияларды жана уруксаттарды автоматтык режимде электрондук документ формасында берүү мүмкүнчүлүгү. Бул учурда тышкы соода келишиминен (контракттан) маалыматтардын милдеттүү топтомун пайдалануу опциясы да пайда болот.

"Санариптештирүүнүн тез өнүгүшү, сөзсүз түрдө, бюрократиялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтө турган, ошондой эле ЕАЭБде бизнес жүргүзүү шарттарына оң таасир бере турган мындай чечимдерди кабыл алуу зарылдыгын талап кылууда", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Мүчө мамлекеттердин жаңы эрежелерди ишке ашырууга даярданышы үчүн чечим 2023-жылдын 25-майында кол коюлган жана өз алдынча документке лицензияларды жана уруксаттарды берүү эрежелерин бөлүп көрсөткөн, ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол күчүнө кирген күндөн тартып 60 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин ЕӨАК жыйынтыктары боюнча пресс-ыкмада сүйлөгөн сөзү

26 Октября, 2023

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда биздин интеграцияны тереңдетүү үчүн олуттуу мааниси бар 30 документти карашты.

Россия Федерациясынын ЕАЭБ алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө демилгеси колдоого алынды.­ Өкмөт башчылары ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясынын долбоорун талкуулашты.­­­ Документти 2023-жылдын декабрь айында мамлекет башчыларына сунуштоо пландалууда.

ЕАЭБдин 10 жылдык мезгилдеги ишинин жыйынтыктары жөнүндө баяндаманы даярдоонун жүрүшү тууралуу баяндалды.

Электр энергиясы менен өз ара соода жүргүзүүнүн эрежелери жана мамлекеттер аралык кесилиштердин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана бөлүштүрүү эрежелери бекитилди.­­­ Бул ЕАЭБдин электр энергиясынын жалпы рыногунун иштешин камсыз кылган өтө маанилүү документтер.­

Кызматташтыктын принципиалдуу жаңы багыттары - долбоордук кызматташтык кабыл алынды.­ Өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жөнүндө жобо бекитилди.­

Келерки жылдан тартып Бирликтин бюджетинин эсебинен жылына 20 млн доллар көлөмүндө берилген насыялар боюнча пайыздык чендерди субсидиялоо жолу менен евразиялык кооперациялык долбоорлорду колдоо жүзөгө ашырылат.­

Эң артыкчылыктуу тармактар – машина куруу, микроэлектроника, авиация, химия жана фармацевтика өнөр жайлары.­­

2023-жылы ЕАЭБдин уставдык органдарынын иштеринин айрым алдын ала жыйынтыктары жөнүндө.­ Жогорку Евразия экономикалык кеңеши 17 документти, Евразия өкмөттөр аралык кеңеши – 28, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши – 175, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы – 327 документти кабыл алган. Ушул жылдын тогуз айында 8 келишимге кол коюлуп, 12 эл аралык келишим күчүнө кирген.

Бирлик өлкөлөрүнүн экономикалары өсүштү камсыз кылышат. ЕАЭБдин ИДӨсүнүн физикалык көлөмүнүн индекси алдын ала баалоолор боюнча 2023-жылдын январь – августунда 2022-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 102,8%ды түзгөн.­­

Бирликтин мамлекеттеринин ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 2023-жылдын 8 айында 9,6%га көбөйгөн.­

Кооперациялык байланыштар күчөтүлүүдө. 2023-жылдын январь-августунда кооперациялык товарларды жеткирүү 2022-жылдын жогорку базасына карата 5,2%га көбөйгөн.­ Бул ички рынокту ЕАЭБ продукциясы менен каныктырууга өбөлгө түзгөн. 8 айдын ичинде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2022 – жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 103,2%ды түзгөн (930 млрд АКШ доллары), иштетүү өнөр жайында - 106,6%ды, 2022-жылдын 6 айына салыштырмалуу январь-июнь айларында негизги капиталга инвестициялар - 108,1%ды түзгөн.­­

2023-жылдын январь-август айларында ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө реалдуу эмгек акы көбөйгөн. Айлык орточо реалдуу эмгек акынын эң жогорку өсүш арымы Арменияда - 113,9%, Кыргызстанда - 112,2% жана Беларуста – 109,3% катталган.­­

Комиссия өкмөт башчылары белгилеген бардык тапшырмалар жана милдеттер боюнча ишин улантат.­­ ЕӨАК кийинки отуруму 2024-жылдын февраль айында Алматыда өткөрүлмөкчү.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары кооперациялык долбоорлорду тандоо жана аларга финансылык көмөк көрсөтүү эрежелерин бекитишти

26 Октября, 2023

Евразия өкмөттөр аралык кеңеш өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду тандоо жана Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери тарабынан аларды ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү жөнүндө жобону бекитти.

Жобо Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын тапшырмаларына ылайык иштелип чыккан жана Бирликте өнөр жай кооперациясына финансылык көмөк көрсөтүүнүн жаңы программасынын негиз салуучу документи болуп саналат.

"Бул механизм өнөр жайды интеграциялык өнүктүрүү жолундагы олуттуу окуя болуп саналат, анткени экономиканын реалдуу секторунда кооперацияны өбөлгөлөө үчүн биринчи жолу улуттуктан жогорку финансылык инструмент түзүлүүдө, – деп баса белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян. — Өнөр жай кооперациясына финансылык көмөк көрсөтүү программасы көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы барагын ачат жана биздин өлкөлөрдүн мындан аркы технологиялык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Жаңы механизм өнөр жайдын дараметин өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн иштелип чыккан потенциалды ишке ашырууну өбөлгөлөөгө, жаңы технологиялык чечимдерди иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө, анын ичинде чакан экономикаларга жеткиликтүүлүктү кепилдүү түрдө камсыз кылууга багытталган, бул өздүк өндүрүштүк потенциалды өстүрүү жана бүтүндөй евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди өнүктүрүү үчүн зарыл өбөлгөлөрдү түзөт".

Кабыл алынган Жобо долбоорлорду тандоо тартибин жана критерийлерин, зайымчыларга жана финансылык уюмдарга карата талаптарды, механизмге катышууга табыштама берүү жол-жобосун, тараптардын ар биринин кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууга контролдугун жана жоопкерчилигин аныктайт.

Долбоорлорду тандоо критерийлери бир нече негизги шарттарды аткаруу болуп саналат. Кооперациялык долбоор, эгерде анын катышуучулары Бирликтин үч же андан ашык мамлекеттеринин ишканалары болсо, каралышы мүмкүн. Жобого ылайык, долбоор бир же бир нече маанилүү натыйжаларга жетишүүгө багытталышы керек, мисалы, жаңы ишкананы түзүү же аны кайра жабдуу, кошумча нарк чынжырын түзүү, экспортту көбөйтүү, сооданын же инвестициялардын көлөмүн жогорулатуу. Ал эми ишкерлер аны беш жылдык мөөнөттө ишке ашырышы керек.

Эгерде финансылык көмөк көрсөтүүнүн сандык көрсөткүчтөрү жөнүндө айта турган болсок, ушул убакытка карата тараптар төмөнкү маселелер боюнча макулдашты: субсидиянын өлчөмү долбоорду каржылоо жүрүп жаткан улуттук валютанын негизги (эсептик) ченинин (негизги чендин 100%ы) өлчөмүнө барабар болушу керек, ошол эле учурда жылына бир долбоор боюнча субсидиянын максималдуу өлчөмү 350 миллион россиялык рублинин эквивалентинен ашпашы зарыл. Механизмге катышкан банктын максималдуу чени негизги чендин 6,5%га көбөйтүлгөн деңгээлинен ашпоого тийиш. Кооперациялык долбоорлордун келип түшүшүнө жараша Комиссия жылына эки жолу алардын тизмесин түзөт жана баллдык система боюнча келип түшкөн демилгелердин артыкчылыгын бөлүштүрөт.

"Кооперациялык долбоорлорду колдоо программасы кийинки жылы ишке кирет деп ишенебиз. Буга Бирликтин бюджетинде болжол менен 1,8 млрд россиялык рубль каралган жана биз механизмди толук кандуу ишке киргизүү үчүн кызыктуу долбоордук сунуштарды күтөбүз", – деп түшүндүрдү Артак Камалян.


Маалымат

Чечим 2023-жылдын 25-майында кол коюлган, ЕАЭБ жөнүндө келишимге Бирлик мамлекеттери тарабынан өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.


 


ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногун өнүктүрүүнүн кезектеги этабы аяктады

26 Октября, 2023

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Өкмөттөрүнүн башчылары Электр энергиясы менен өз ара соода жүргүзүү эрежелерин, ошондой эле Мамлекеттер аралык кесилиштердин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана бөлүштүрүү эрежелерин бекитишти. Бул электр энергиясынын жалпы рыногунун ийгиликтүү иштеши үчүн Бирликте кабыл алуу зарыл болгон төрт негизги эреженин экөөсү.

Бул документтерди кабыл алуу менен Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногунун иштөөсү үчүн укуктук базаны түзүүнүн кезектеги этабы аяктады. Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин айтымында, эрежелердин бул топтомун кабыл алуу мындай рынокту түзүүгө карай олуттуу кадам болуп саналат. Эрежелер борборлоштурулган соода операторлорунун жана каттоочунун рыноктун иштешин камсыз кылган керектүү инфраструктураны түзүүгө даярдыкты тездетүүгө мүмкүндүк берет.

Комиссия жана Бирлик өлкөлөрү жалпы электр энергетикалык рыноктун иштөөсүнүн калган эрежелерин жана анын талаптагыдай иштешин камсыз кылуучу ченемдик укуктук актыларды даярдоону аяктоо боюнча көптөгөн иш-чараларды жүргүзө элек.

Маалымат

Электр энергиясын өз ара соодалоонун эрежелеринде катышуучулардын жалпы рынокко кирүү, кошулуу жөнүндө келишим түзүү тартиби жана жол-жоболору, сооданын катышуучуларынын келечектеги рыноктун инфраструктурасы менен өз ара аракеттенүү механизмдери каралган. Мындан тышкары, эрежелерде сатып алуу-сатуу келишимдерин түзүү, каттоо, эсепке алуу, бузуу тартиби аныкталган, соода жүргүзүлө турган мамлекеттер аралык кесилиштердин тизмеси камтылган.

Өткөрүү жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана бөлүштүрүү эрежелеринде жалпы электр энергетикалык рыноктун иштөөсү үчүн зарыл болгон шарттар жана анын катышуучулары тарабынан электр берүүнүн мамлекеттер аралык линияларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн басмырлоосуз пайдалануу камсыз кылынат. Эрежелерди кабыл алуу Бирликтин жалпы рыногунда түзүлгөн бүтүмдөрдүн техникалык ишке ашпай калышынан улам мүмкүн болгон электр энергиясын сатуучулардын жана сатып алуучулардын экономикалык тобокелдиктерин төмөндөтүү үчүн зарыл.

Өкмөттөр аралык кеңешке ЕАЭБде интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларациянын долбоору сунушталды

26 Октября, 2023

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 26-октябрдагы жыйынында өкмөт башчылары "2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана негизги багыттары жөнүндө" декларациянын долбоорун карашты.

Буга чейин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы, Россиянын Президенти Владимир Путин мүчө мамлекеттердин башчыларына кайрылуусунда Бирликте интеграциялык өз ара иштешүүнүн негизги векторлорун аныктай турган узак мөөнөттүү пландаштыруунун жаңы документтерин даярдоого киришүүнү сунуш кылган.

Документ товарлар жана ресурстар менен камсыз кылууга, технологиялык өнүгүүгө, жалпы транспорттук-логистикалык мейкиндикти түзүүгө, жалпы финансылык рынокту жана башка чөйрөлөрдү түзүүгө тиешелүү андан аркы интеграциялык иштин негизги багыттарын аныктайт.


Декабрда Декларациянын долбоорун Жогорку Евразия экономикалык кеңешине сунуштоо пландаштырылууда.

Мындан тышкары, өкмөт башчыларына 10 жылдык мезгилдеги жыйынтыктардын жана жетишкендиктердин талдоосун камтыган ЕАЭБ иши жөнүндө баяндаманы даярдоонун жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Буга чейин мындай демилгени Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев көтөрүп чыккан.

ЕЭК Кеңеши 2024-жылдын 1-июлуна чейин Беларустун жана Россиянын навигациялык пломбалар боюнча экспериментин жүзөгө ашыруунун мөөнөтүн узартты

20 Октября, 2023

Сегиз айдан бери Беларусь Республикасында экспорттоонун бажы жол-жобосуна киргизилген жана Россия Федерациясынын аймагынан ташылып чыгарылуучу жыгач материалдарына жана жыгач иштетүү өнүмдөрүнө карата навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эксперимент ийгиликтүү ишке ашырылууда. Эксперимент 2023-жылдын 13-февралында башталган. Көрсөтүлгөн мезгилде навигациялык пломбалар аталган продукцияны 400дөн ашык ташууга карата колдонулган. Эксперименттин орто аралык жыйынтыктары 2023-жылдын жазында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинде каралып, анда экспериментти ушул жылдын аягына чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Мындан тышкары, эксперименттин алкагында алынган практикалык тажрыйба 2022-жылдын 19-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну баштоо үчүн зарыл болгон Комиссиянын ченемдик актыларын даярдоодо эске алынган.

Макулдашуу ЕАЭБдин аймагы боюнча ташууларды уюштурууда заманбап техникалык жана технологиялык чечимдерди колдонууну кеңейтүү жолу менен Бирликте товарлардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыздоого, ошондой эле товарларды ташууга карата (транзитте, экспортто жана өз ара соодада) бажылык жана мамлекеттик контролдун башка түрлөрүнүн чараларын колдонууну минималдаштырууга багытталган.

Аталган экспериментти улантууга бизнестин кызыкдарлыгынан улам, бүгүн Комиссиянын Кеңешинде аны 2024-жылдын 1-июлуна чейин узартуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Маалымат

Эксперимент ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 17-октябрындагы № 29 тескемесине ылайык жүргүзүлүүдө. Аны өткөрүү беларуссиялык тарап тарабынан РФ Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-июлундагы жана 2011-жылдын 30-декабрында токтомдорунда көрсөтүлбөгөн өткөрүү пункттары аркылуу экспорттун бажы жол-жобосуна киргизилген жыгач материалдарын Россиянын аймагынан ташып чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча кошумча мүмкүнчүлүктөрдү иштеп чыгуу максатында, ошондой эле, Бирликтин эки же андан ашык мамлекеттеринин аймактары боюнча товарлардын ташылышын көзөмөлдөө үчүн ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну практикалык ишке ашырууга тараптарды жана ТЭИ катышуучуларын даярдоо максатында демилгеленген.


ЕАЭБ преференциялык сооданын алкагында товарлардын келип чыгышын тастыктоонун жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосун колдонуу мүмкүнчүлүгүн узартты

20 Октября, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши эркин соода жөнүндө макулдашуулар боюнча Евразия экономикалык бирлигинин өнөктөш өлкөлөрүнөн ташылып келинүүчү товарлардын келип чыгышын документтик тастыктоо жол-жобосуна байланыштуу жөнөкөйлөтүүнүн колдонуу мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алды.

 Кеп тарифтик преференцияларды алуу үчүн товарлардын келип чыгышы жөнүндө сертификаттын көчүрмөсүн пайдалануу жөнүндө болууда (мындай документтин түп нускасын кийин алты айлык мөөнөттө милдеттүү түрдө тапшыруу шартында). Тийиштүү мүмкүнчүлүк Комиссиянын Кеңешинин 2022-жылдын 19-майындагы № 85 чечими менен каралган.

"Чечим сертификаттарды бажы органдарына көрсөтүүнүн учурдагы форматын сактоого багытталган, аны колдонуунун артыкчылыктарын бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрү да, жөнгө салуучулар да белгилешет", — деп түшүндүрдү ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2025-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

Маалымат

ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 19-майындагы № 85 чечимине ылайык, тарифтик преференцияларды алуу үчүн товарлардын келип чыгышы жөнүндө сертификаттардын көчүрмөлөрүн колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн аракеттери 2023-жылдын 31-декабрына чейин чектелген.


ЕАЭБде дары-дармектерди каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди

20 Октября, 2023

Евразия экономикалык бирлигинин Кеңеши дары препаратынын каттоо досьесин Бирликтин жана дары препараттарын каттоонун талаптарына ылайык келтирүү жол-жобосу боюнча алардын укук колдонуу тажрыйбасын эске алуу менен, ЕАЭБде дарыларды каттоо жана экспертизалоо эрежелерин актуалдаштырды. Тиешелүү жол-жобонун алкагында дары-дармектерди мөөнөтсүз каттоо күбөлүктөрүн берүү эрежелери түзөтүлдү.

Ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча киргизилиши мүмкүн болгон дары-дармек препараттарын колдонуунун коопсуздугунун кошумча чаралары белгиленди.

Каттоо алкагында жана инспекцияларды жүргүзүүдө клиникалык изилдөөлөрдүн жүргүзүлүшүн жана сапатын баалоодо контролдук жана инспекциялык жол-жоболордун алкагында берилүүчү документтердин кайталанышы жокко чыгарылган.

Кабыл алынган чечим дары каражаттарынын каттоо досьесин ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү менен байланышкан административдик жол-жоболорду оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Бул акыры дары-дармектердин коомчулукка жеткиликтүү болушун камсыз кылууга жардам берет.

ЕАЭБдин "Чакан кемелердин коопсуздугу жөнүндө" техрегламенти өзгөртүлдү

20 Октября, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечими менен 20-октябрда Евразия экономикалык бирлигинин "Чакан кемелердин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине киргизилген өзгөртүүлөр техрегламенттин аны колдонуунун топтолгон тажрыйбасын эске алуу менен айрым жоболорун тактайт жана конкреттештирет, ошондой эле ЕАЭБ аймагында жүгүртүүгө чыгаруу үчүн арналган продукцияны долбоорлоодо, даярдоодо жана шайкештигин баалоодо бул документтин талаптарын бир түрдүү түшүнүүнү жана аткарууну камсыз кылат. Техрегламентти колдонуунун жааты такталды. Жаңы редакцияда техрегламенттин күчү жайылтылбаган продукциялардын тизмесин аныктаган № 1 тиркеме берилген. Ошондой эле "чакан кеме" термини такталып, "аэробот", "гидроцикл" терминдерине аныктамалар берилди.

Техрегламенттин талаптарын так түшүнүү үчүн суудагы активдүү эс алуу каражаттарына эмне кирери аныкталды. Бул, мисалы, кемелерди кошпогондо, үйлөмө сүзүүчү каражаттар; сүйрөлүүчү каражаттар (суу лыжалары, вейкборддор, "банандар", тегерекчелер ж.б.), парустук-парашют каражаттары (буерлер, кайтбординг, виндсерфинг үчүн тактайлар ж. б.) жана башка, анын ичинде суу алдындагы аңчылык жана дайвинг үчүн каражаттар.

Техникалык регламентке өзгөртүүлөр ЕЭК Кеңешинин өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечими расмий жарыяланган күндөн тартып 180 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат

ЕАЭБдин "Чакан кемелердин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти ЕЭК Кеңешинин 2012-жылдын 15-июнундагы № 33 чечими менен кабыл алынган, 2014-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирген.


2024-жылдын 1-апрелине чейин жеке адамдар үчүн товарларды алымсыз ташып келүүнүн босогосу 1000 евро жана товарлар үчүн 31 кг түзөт

27 Сентября, 2023

Россиялык тараптын демилгеси боюнча жеке жактар үчүн товарларды алымсыз ташып келүү босогосунун таасири дагы жарым жылга узартылды. 

Демек, 2024-жылдын 1-апрелине чейин жеке жактар үчүн товарларды алымсыз алып келүүнүн босогосу 1000 еврону жана ташуучу же почталык жөнөтүүлөр аркылуу ташылган, аба транспортунан башка транспорттун бардык түрлөрү менен же жөө ташылып келген товарлар үчүн 31 кг түзөт.

Эгерде товарлардын наркы ушул суммадан ашып кетсе же анын салмагы 31 кг ашык болсо, анда ал үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө алым төлөнүшү керек болот:

- ташуучу же почта жөнөтүүлөрү менен ташылган товарлар үчүн - наркынан 15%, бирок ченемден ашкан бөлүгүндө 2 кг үчүн 1 евродон кем эмес;

- багаж менен ташылып келинген товарлар үчүн, - наркынан 30%, бирок 4 кг үчүн 1 евродон кем эмес.

Эске салсак, босого 2022-жылы чет элдик интернет-дүкөндөрдөн жеке пайдалануу үчүн товарларды буйрутма кылган жарандарды колдоо максатында убактылуу негизде көтөрүлгөн. Март айында анын мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин узартылган. Буга чейин босого ташуучу тарабынан же почталык жөнөтүүлөр аркылуу ташылган товарлар үчүн 200 еврону жана жүк менен абадан башка транспорттун бардык түрлөрү менен же жөө ташылып келген товарлар үчүн 500 еврону түзгөн.

Учак менен алымсыз ташып келүүнүн босогосу 10 миң евро жана 50 кг деңгээлинде сакталат.

Чечим жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндөн кийин күчүнө кирет жана ушул жылдын 1-октябрынан тартып келип чыккан укуктук мамилелерге жайылтылат.

2023-жылдын 27-сентябрындагы ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары

27 Сентября, 2023

Россиялык тараптын демилгеси боюнча жеке жактар үчүн товарларды алымсыз ташып келүү босогосунун таасири дагы жарым жылга узартылды.

Демек, 2024-жылдын 1-апрелине чейин жеке жактар үчүн товарларды алымсыз алып келүүнүн босогосу 1000 еврону жана ташуучу же почталык жөнөтүүлөр аркылуу ташылган, аба транспортунан башка транспорттун бардык түрлөрү менен же жөө ташылып келген товарлар үчүн 31 кг түзөт.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүндө дары-дармек препараттарын, алкоголсуз суусундуктарды, ширени, ошондой эле телефондорду жана ноутбуктарды маркалоонун унификацияланган эрежелерин белгилөө жөнүндө чечим кабыл алды. Мүчө мамлекеттер өз аймагында продукцияны идентификациялоо каражаттары менен маркалоо күнүн жана тартибин өз алдынча аныкташат, бул жөнүндө ЕЭКке бул иш-чаралар башталганга чейин алты айдан кечиктирбестен билдиришет. 

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутумун (ЕАЭБ ИМТ) өнүктүрүүнүн 2024-жылга карата планын бекитти. Атап айтканда, бул багытта каржылоону олуттуу көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынды. 

Комиссиянын Кеңешинин отурумунун жүрүшүндө Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өз ара соодасынын алкагында, ташууларда навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча экспериментти ийгиликтүү ишке ашыруу жөнүндө маалымат берилди. Эксперименттин жыйынтыгы боюнча пломбалоонун ыйгарым укуктуу операторлорунун маалыматтык тутумдарынын ийгиликтүү интеграциясы жана Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Евразия экономикалык бирлигинде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууга технологиялык даярдыгы тастыкталды. 

ЕЭК Кеңеши КНС салуу максаттары үчүн электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитти. Тизмек, аларды көрсөтүү маалыматтык тармактар, анын ичинде Интернет аркылуу ишке ашырылуучу жана маалыматтык технологияларды колдонбостон аткаруу мүмкүн эмес болгон 14 кызмат көрсөтүүдөн турат. Жаңы эрежелер боюнча ЕАЭБ аймагында электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдү трансчек аралык сатып алууда бекитилген тизмеден КНС алуу мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучунун жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөт. 

ЕАЭБдин техрегламенттеринин илимий-техникалык деңгээлин баалоо тартиби жана аларга карата стандарттардын тизмеси бекитилди. Документ техрегламенттерде белгиленген продукцияга карата талаптарды илимдин, технологиянын, өндүрүштүн жана сыноо базасынын заманбап өнүгүшүнө ылайык келтирүүгө багытталган. 

Аба ырайын болжолдоо жана метрология боюнча кызмат көрсөтүүлөр сектору боюнча административдик кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору жөнүндө макулдашуу жактырылды. Документ Комиссия тарабынан бирдиктүү рынок режиминде метеорологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн иштеши чөйрөсүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жөнгө салуучуларынын ортосунда натыйжалуу маалымат алмашуу үчүн иштелип чыккан. 

"Эттин жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөр кабыл алынды. Өзгөртүүлөр мындай продукцияны өндүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, белоктун, майдын, углеводдун, калориянын курамынын факт жүзүндөгү маанилеринин маркалоодо көрсөтүлгөн маанилерден четтөөсүнүн жол берилген чегин белгилейт. 

ЕЭК Кеңеши Коллегияга жакынкы отурумда Коллегиянын бир катар чечимдеринин күчүнө кирүү мөөнөтүн 2023-жылдын 1-октябрынан 2024-жылдын 1-апрелине өзгөртүүнү тапшырды. Бул чечимдер транзиттик декларацияны, товарларга декларацияны толтурууга, ошондой эле бажы документтеринин түзүмдөрүн жана форматтарын колдонууга тиешелүү бажылык укуктук мамилелерди жөнгө салат. Маселе Комиссиянын Кеңешинде ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин бажы органдарынын демилгеси боюнча каралды. 

ЕЭК Кеңеши мамлекеттер аралык кесилиштердин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана бөлүштүрүү эрежелеринин жана Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногунда электр энергиясы менен өз ара соода жүргүзүү эрежелеринин долбоорлорун жактырды. 

ЕЭК Кеңеши Убактылуу санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чараларды киргизүүдө Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара иштешүү тартибине өзгөртүүлөрдү бекитти. Документ "убактылуу ветеринардык-санитардык чаралар", "убактылуу санитардык чаралар" түшүнүктөрүнүн аныктамалары, аларды киргизүүнүн жана мазмунунун негиздемеси менен толукталган. Киргизилген өзгөртүүлөр өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдарына түшүнүктөрдү ар түрдүү чечмелөөнү жокко чыгарууга жана убактылуу чараларды киргизүүдө өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү ыкмаларын практикада колдонууга мүмкүндүк берет. 

ЕЭК Кеңешинин кийинки отуруму октябрдын экинчи жарымында өтөт.

Эки жаңы өнөр жай тармактары мамлекеттик сатып алууларга катышуу үчүн евразиялык эрежелерге киргизилди

27 Сентября, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 26-сентябрда мамлекеттик сатып алуулар максатында товарлардын айрым түрлөрүнүн чыгарылган өлкөсүн (ТЧӨ) аныктоо эрежелеринин № 1 тиркемесине киргизүү үчүн өнөр жайдын төрт тармагынын алты товардык позициясына өндүрүштүн жаңы шарттарын макулдады.


ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султановдун сөзү боюнча, Комиссия Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары жана бизнестин өкүлдөрү менен биргеликте ТЧӨ аныктоонун евразиялык эрежелерин өндүрүштүн жаңы шарттары жана товардык позициялар менен толтурууну улантууда.

"Бүгүн Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн вице-премьерлери евразиялык сатып алууларга катышуу үчүн товарларга карата өндүрүштүн жаңы шарттарын макулдашышты. Эми алардын жеткирүүчүлөрү жана өндүрүүчүлөрү резидентигине көзкарандысыз, мамлекеттик сатып алууларга бирдей мүмкүнчүлүк алышат. Белгилей кетсем, Кеңештин чечиминде өнөр жайдын эки жаңы тармагы каралган, буга чейин алар боюнча евразиялык бешилтиктин өлкөлөрүндө макулдашылган талаптар болгон эмес. Бул "Оор машина куруу" жана "Өлчөө үчүн приборлор", - деп белгиледи министр.

 Азыркы учурда Эрежелерде 700дөн ашык товардык аталыштар камтылган.

Бүгүнкү чечим менен "Атайын машиналарды куруу" тармагы азык суюктуктарын ташууга арналган транспорт каражаттары үчүн өндүрүш шарттары менен толукталды. "Оор машина куруу" тармагы азыр эки позиция менен көрсөтүлөт (көтөрүү, жылдыруу, жүктөө же түшүрүү үчүн лента менен иштеген элеваторлор жана башка машиналар). "Өлчөө приборлору" бөлүмүнө физикалык жана химиялык анализ, иондоштуруучу өлчөөлөрдү аныктоо же өлчөө, автоматтык жөнгө салуу/башкаруу үчүн приборлор жана аппаратура кирет.

Ошондой эле Казакстан Республикасынын демилгеси боюнча "Химиялык өнөр жай" тармагынын түтүктөр, түтүкчөлөр жана ийкем түтүктөр үчүн өндүрүш шарттарын ТЧӨ эрежелерине киргизүү макулдашылды.


ЕАЭБ дары-дармектерди, алкоголсуз суусундуктарды, ширени, ошондой эле телефондорду жана ноутбуктарды маркалоо эрежелерин унификациялайт

27 Сентября, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн демилгелүү сунуштарынын комплексин карап чыгып, ЕАЭБ мамлекеттеринде дары-дармек препараттарын, алкоголсуз суусундуктарды, ширени, ошондой эле телефондорду жана ноутбуктарды маркалоонун унификацияланган эрежелерин белгилөө жөнүндө чечим кабыл алды.

Кабыл алынган документтерге ылайык, мүчө мамлекеттер өз аймагында идентификациялоо каражаттары менен продукцияны маркалоо датасын жана тартибин өз алдынча аныкташат, бул тууралуу ЕЭКке бул иш-чаралар башталганга чейин алты айдан кечиктирбестен билдиришет.

Ошентип, бардык учурларда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ар биринде унификацияланган талаптарга ылайык түзүлгөн башка мамлекеттердин идентификациялоо каражаттарын таануу кепилденет. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасында дары-дармек препараттарын маркалоо тутумунун өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу Комиссиянын Кеңеши идентификациялоо каражаттарына карата кабыл алынган чечимден айырмаланган талаптарды колдонууга мүмкүндүк берүүчү алып коюуну караган.

Мындан тышкары, Бирликтин мүчө мамлекеттеринин позицияларына байланыштуу чечимдерде айрым өлкөлөрдө учурдагы этапта маркалоону киргизүү ниетинин жоктугу өзүнчө белгиленген. Атап айтканда, дары-дармектерге карата – бул Армения Республикасы, алкоголсуз суусундуктарга жана ширелерге карата – Казакстан Республикасы, ал эми ноутбуктарга жана телефондорго карата - Казакстан Республикасы жана Кыргыз Республикасы.

"Комиссия ЕАЭБдин негизги эркиндиктеринин бирин камсыздоого багытталган принципиалдуу чечимдерди кабыл алды. Жетишилген макулдашуулардын аркасында Бирликтин аймагы боюнча товарлардын тоскоолдуксуз кыймылы үчүн шарттарды түзүүгө жана ички рынокто тоскоолдуктардын пайда болушуна жол бербөөгө мүмкүн болот", – деп баса белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

ЕЭК КНС салуу максаттары үчүн электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитти

27 Сентября, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда КНС салуу максаттары үчүн электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги бекитилди. 

Тизмек, аларды көрсөтүү маалыматтык тармактар, анын ичинде Интернет аркылуу ишке ашырылуучу жана маалыматтык технологияларды колдонбостон аткаруу мүмкүн эмес болгон 14 кызмат көрсөтүүдөн турат. Жаңы эрежелер боюнча Евразия экономикалык бирлигинин аймагында электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдү трансчек аралык сатып алууда бекитилген тизмеден КНС алуу мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучунун жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөт.

ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаевдин айтымында, ЕЭК Кеңеши тарабынан электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөргө КНС салуу тартибин жөнгө салуу боюнча ЕАЭБде жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иштердин жыйынтыктоочу этабы болуп саналат. Ал 2022-жылдын 9-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда мамлекет башчылары электрондук формада кызмат көрсөтүүдө КНСти башкаруу тартибин жөнгө салуучу базалык Протоколго кол коюшканын эске салды.

"Бүгүн буга чейин кол коюлган Протокол колдонула турган кызмат көрсөтүүлөрдүн конкреттүү тизмеги бекитилди. Ошентип, Бирликтин аймагында кызмат көрсөтүүлөрдү интернет аркылуу сатуу үчүн ачык-айкын жана болжолдуу чөйрө камсыз кылынды, - деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. - Белгилеп кетүүчү нерсе, электрондук соода чөйрөсү дайыма өнүгүп, анын ичинде электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрү пайда болуп турат, ошондуктан Комиссия зарыл болгон учурда КНС салуу максаттары үчүн электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин кеңейтүү үчүн бул тармакка мониторинг жүргүзүүнү улантат".


Маалымат

2014-жылдын 29-майында ЕАЭБ жөнүндө келишимге электрондук формада кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколго ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин башчылары 2022-жылдын 9-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда кол коюшкан. Учурда ратификациялоо жол-жобосу өтүп жатат. Протокол Армения Республикасы, Беларусь Республикасы жана Россия Федерациясы тарабынан ратификацияланган. Казакстан Республикасы жана Кыргыз Республикасы 2023-жылдын аягына чейин протоколду ратификациялоосу күтүлүүдө.




"Эттин жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөр кабыл алынды

27 Сентября, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Бажы бирлигинин "Эттин жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизди. 

Өзгөртүүлөр Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлиги тарабынан союм өнүмдөрүн жана эт продукциясын маркалоодо азыктык баалуулукту (белок, май, углеводдор, калориялуулук) көрсөтүүгө талаптарды оңдоо бөлүгүндө техникалык регламенттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү планына ылайык иштелип чыккан. Өзгөртүүлөрдүн актуалдуулугу эт жана союм өнүмдөрү, анын ичинде чийки зат катары пайдаланылгандар, стандартташтыруу кыйын болгон белоктун жана майдын курамынын табигый (жаратылыштык) бир түрдүү эместиги менен мүнөздөлөт.

Өзгөртүүлөр керектөөчүлөрдү чаташууга алып келүүчү аракеттердин алдын алууга багытталган. Алар мындай продукцияны өндүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен маркалоодо көрсөтүлгөн маанилерден белоктун (20%га чейин азаюу жагына) жана майдын, углеводдун, калориялуулуктун (20%га чейин көбөйүү жагына) болушунун факт жүзүндөгү маанилеринин четтөөсүнүн техрегламентте жол берилген чектерин белгилөө жолу менен азыктык заттардын санын туура көрсөтүүнү контролдоо менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.

Өзгөртүүлөр менен союм өнүмдөрүнүн жана эт продукциясынын азыктык баалуулугу жөнүндө маалыматты көрсөтүүдө азык заттарынын курамынын факт жүзүндөгү маанилеринин жол берилген чектери каралган: белок – маркалоодо көрсөтүлгөн мааниден 80%дан кем эмес; май, углеводдор, энергетикалык баалуулугу (калориялуулугу) - маркалоодо көрсөтүлгөн мааниден 120%дан көп эмес.

Ушундай эле талаптар куш союмунун өнүмдөрүнө жана куш этинен жасалган продукцияга карата Бирликтин "Куш этинин жана аны кайра иштетүү продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламенти менен белгиленген, ал Комиссиянын Коллегиясы тарабынан 2021-жылдын 29-октябрында кабыл алынган жана 2023-жылдын 1-январына күчүнө кирген.

Кабыл алынган чечимде жаңы талаптарга жай-салмактуу өтүү үчүн 24 айлык өткөөл мезгил каралган. Өткөөл мезгил мүчө мамлекеттер менен белгиленген тартипте кошумча макулдашылат.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутумун өнүктүрүүнүн 2024-жылга карата планын бекитти

27 Сентября, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык тутумун (ЕАЭБ ИМТ) өнүктүрүүнүн 2024-жылга карата планын бекитти. Мындан тышкары, бул багытта каржылоону бир кыйла көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынды. 

ЕАЭБ ИМТ Бирликтин натыйжалуу иштешин камсыздоонун негизги инструменти болуп саналат. Тутум мүчө мамлекеттердин ортосунда маалымат алмашуу процесстерин автоматташтырууга жана жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет, бул экономикалык кызматташтыкты жана интеграцияны күчөтөт.

ЕАЭБдин ИМТсын өнүктүрүүнүн бекитилген планында бир нече негизги багыттар каралган:

- тутумдун технологиялык базасын жакшыртуу жана модернизациялоо;

- жаңы функционалдык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү жана киргизүү;

- электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен мамлекеттер аралык юридикалык маанилүү өз ара аракеттенүүнү ишке киргизүү;

- санариптик платформаларды жана сервистерди интеграциялоо тутумчасын түзүү жолу менен санариптик платформага өтүү;

- тутумдун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу;

- ЕАЭБдин ИМТсын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, анын ичинде бизнес жана мамлекеттик органдар үчүн жаңы сервистерди түзүү.

ЕАЭБ ИМТны өнүктүрүүгө салымдар аны модернизациялоону жана функционалын кеңейтүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берет, бул жыйынтыгында бүтүндөй Бирликтин ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жакшыртууга алып келет.

Каржылоонун көбөйүшү жана ЕАЭБ ИМТны өнүктүрүү планын бекитүү катышуучу өлкөлөрдүн интеграцияны жана кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулуусун тастыктайт. Пландын алкагында тутумдун функционалынын жана өндүрүмдүүлүгүнүн олуттуу жакшырышы күтүлүүдө, бул ЕАЭБ мамлекеттери үчүн кошумча артыкчылыктарды камсыз кылат.

ИМТны өнүктүрүү планынын алкагындагы иштерди жүзөгө ашыруу Бирлик өлкөлөрүнүн мамлекет жана өкмөт башчылары тарабынан кабыл алынган стратегиялык документтерге ылайык жүргүзүлүүдө.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү аба ырайын болжолдоо жана метрология боюнча кызмат көрсөтүүлөр сектору боюнча административдик кызматташтык жөнүндө макулдашууну жактырышты

27 Сентября, 2023

Документ Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бирдиктүү рынок режиминде метеорологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн иштеши чөйрөсүндө Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жөнгө салуучуларынын ортосунда натыйжалуу маалыматтык алмашууну камсыздоо үчүн иштелип чыккан.

 

Макулдашуунун долбоору менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн расмий сайттарында эркин жеткиликтүүлүк камсыз кылынган маалыматтардын тизмеси аныкталган. Мындай Тизмеге мүчө мамлекеттердин аба ырайын болжолдоо жана метеорология чөйрөсүндөгү ишмердиктин маселелерине тиешелүү колдонуудагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө, ошондой эле метеорологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун катышуучулары жөнүндө маалыматтар кирет. Мындан тышкары, документ тараптардын ортосунда алмашуу үчүн маалыматтардын тизмесин аныктайт – метеорологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун катышуучуларына берилген тиешелүү уруксаттардын колдонулушун токтотуу, токтото туруу, жокко чыгаруу жөнүндө.

Макулдашуу жөнгө салуучуларга өз ара маалыматтарды ыкчам алмашууга жана укук бузуулардын алдын алууга мүмкүндүк берет. Алар башка өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынан зарыл болгон, анын ичинде берилген уруксаттар жөнүндө, метеорологиялык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучулары жөнүндө ж. б. маалыматтарды сурап жана ала алышат.

Бул механизмдер ЕАЭБ өлкөлөрүндө метеорологиялык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун өнүгүшүнө түрткү берет.

Макулдашуу Бирлик өлкөлөрүнө ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорго жөнөтүлгөн.

Маалымат

Аба ырайын болжолдоо жана метеорология боюнча кызмат көрсөтүүлөр Армения, Беларусь, Кыргызстан жана Россия үчүн – 2023-жылдын 1-январынан тартып, Казакстан үчүн - 2025-жылдын 1-январынан тартып кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун режиминде иштейт.




ЕАЭБдин техрегламенттеринин илимий-техникалык деңгээлин баалоо тартиби жана аларга карата стандарттардын тизмеси бекитилди

27 Сентября, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин күчүнө кирген техникалык регламенттеринин жана аларга карата стандарттардын тизмегинин илимий-техникалык деңгээлин милдеттүү түрдө мезгил-мезгили менен баалоону жүргүзүү тартибин бекитти. 

Баалоо тартиби чечүүгө багытталган негизги маселе болуп, Бирликтин техрегламенттеринде белгиленген продукцияга карата талаптарды илимдин, технологиялардын, өндүрүштөрдүн жана сыноо базасынын заманбап өнүгүшүнө ылайык келтирүү саналат.

Баалоо тартиби менен ЕАЭБ техрегламенттеринин илимий-техникалык деңгээлин баалоону уюштуруунун, пландоонун жана жүргүзүүнүн жана бул баалоонун натыйжаларын карап чыгуунун этаптары жана жол-жоболору белгиленет.

Баалоо тартиби мындай талаптардын актуалдуулугун, негиздүүлүгүн жана келечектүүлүгүн талдоонун негизинде техникалык регламенттерде жана аларга карата стандарттарда белгиленген продукцияга карата талаптарды өз убагында актуалдаштыруу боюнча системалуу ишке; Бирликтин тиешелүү техрегламенттерин колдонуу чөйрөсүнө кирген продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Маалымат

Азыркы учурда ЕАЭБ алкагында 52 техникалык регламент кабыл алынып, алардын 47си күчүнө кирген. 10 техникалык регламент иштелип чыгуу баскычында.



2023-жылдын 29-августунда өткөн ЕЭК Кеңешинин жыйынтыктары

30 Августа, 2023

29-августта Москвада Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун төрагалыгы астында ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнүн жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Күн тартибине 40тан ашык маселе кирди.

Отурумдун жүрүшүндө ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын орун басарлары Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Макулдашуу ЕАЭБдин ички рыногундагы чектөөлөрдүн бирин – Бирлик өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларда банк кепилдиктерин өз ара таануунун жоктугун четтетет. Документ мамлекеттик сатып алууларда кепилдиктери Бирликтин башка мамлекеттеринде тааныла турган банктарга карата бирдиктүү талаптар, мындай банктардын тизмегин түзүү боюнча мамилелер, ошондой эле берилген банктык кепилдиктердин реестрин жүргүзүү тартиби аныктайт.

ЕЭК Кеңеши полиэтиленден же полипропиленден жасалган жалпак же ага окшош жиптерден даярдалган кездемелердин айрым түрлөрүнө карата ташып келүү бажы алымын нөлгө түшүрүү чечимин кабыл алды (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 5407 20 190 0). Чаранын колдонуу мөөнөтү эки жылды түзөт, азыркы учурда алымдын чени 8% өлчөмүндө белгиленген.

ЕЭК Кеңеши өткөн отурумда "Тамак-аш кошулмаларынын, жыт бергичтердин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар" техрегламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Комиссиянын Кеңеши ташууну көзөмөлдөө мезгилинде навигациялык пломба камтууга тийиш болгон маалыматтардын курамын бекитти. Тизмеге экспортко жана импортко лицензиялардагы маалыматтар, айрым товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга жана транзиттөөгө уруксат берүүчү документтер, ветеринардык жана фитосанитардык сертификаттардагы маалыматтар жана башкалар киргизилди. Ошондой эле навигациялык пломбада камтылган маалыматты коргоонун бирдиктүү чаралар аныкталды. Навигациялык пломбаларды колдонуу ташуулардын ачыктыгын камсыз кылууга жана контролдук иш-чараларды минималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши отурумда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин зер буюмдарын өндүрүүчүлөрдүн бренддерин үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна илгерилетүү жөнүндө сунуштаманы жактырды.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ЕАЭБдин "Ташууга жана (же) пайдаланууга даярдалган мунайдын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизип, аны мунай паспортунун бирдиктүү формасы жана аны толтуруу эрежелери менен толуктады, анын болушу техникалык регламентте каралган.

Комиссиясынын Кеңеши Бажы бирлигинин "Айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизди.

ЕЭК Кеңешинин кийинки отурумун 27-сентябрда өткөрүү пландаштырылды.

 

ЕАЭБ килем продукциясын өндүрүү үчүн кездемелерге импорттук алымдарды эки жылга нөлгө түшүрдү

30 Августа, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши полиэтиленден же полипропиленден жасалган жалпак же ага окшош жиптерден даярдалган кездемелердин айрым түрлөрүнө карата ташып келүү бажы алымын нөлгө түшүрүү чечимин кабыл алды (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 5407 20 190 0). Чаранын колдонуу мөөнөтү эки жылды түзөт, азыркы учурда алымдын чени 8% өлчөмүндө белгиленген.

"Чечим Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө килем жана килем буюмдарын өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган жана өздүк наркты төмөндөтүүгө, рентабелдүүлүктү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга, ошондой эле ички рынокко жана экспортко чыгаруунун жана жеткирүүлөрдүн көлөмдөрүн өстүрүүгө көмөк көрсөтөт", — деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Наталия Самойлова.

Мындан тышкары, каралып жаткан бажы-тарифтик жөнгө салуу чарасы ЕАЭБдин бир катар мамлекеттеринин экономикаларына санкциялык басымдын терс таасирин жумшартууга мүмкүндүк берет.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат

ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 46 чечимине ылайык, 2022-жылдын 28-мартынан тарта 2022-жылдын 30-сентябрына чейин кошо алганда каралып жаткан товарларга карата ЕАЭБдин ББТ алып келүү бажы алымынын 0% өлчөмүндөгү чени колдонулган.


 


Айыл чарба жана токой чарба тракторлору үчүн жарык берүүчү техниканы жаңы талаптарга ылайык жасоого жана алып келүүгө болот

30 Августа, 2023

Комиссиянын Кеңеши Бажы бирлигинин "Айыл чарба жана токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин коопсуздугу жөнүндө" (ББ ТР 031/2012) техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизди, анда БУУнун эрежелери менен белгиленген жарык берүүчү техникага жана жарыкты чагылдыруучу түзмөктөргө карата актуалдуу талаптар жана сыноо ыкмалары менен аны толуктоо каралган:

№ 148 "Механикалык транспорт каражаттары жана алардын чиркегичтери үчүн жарык сигнализациясынын түзүлүштөрүн (чырактарын) расмий бекитүүгө тиешелүү бир түрдүү көрсөтмөлөр";

№ 149 "Механикалык транспорт каражаттары үчүн түзмөктөрдү (чырактарды) жана жолду жарыктандыруу тутумдарын расмий бекитүүгө тиешелүү бир түрдүү көрсөтмөлөр";

№ 150 "Механикалык транспорт каражаттары жана алардын чиркегичтери үчүн жарык чагылдыруучу түзүлүштөрдү жана маркалоону расмий бекитүүгө тиешелүү бирдиктүү көрсөтмөлөр".

Көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр тракторлор же алардын чиркегичтери үчүн жарык берүүчү техниканы жана жарыкты чагылдыруучу түзүлүштөрдү колдонуудагы, ошондой эле жаңы талаптар боюнча өндүрүүгө (алып келүүгө) жана шайкештигин баалоого мүмкүндүк берет.

Тиешелүү өзгөртүүлөр расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

ЕАЭБде мамлекеттик сатып алуулар үчүн банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө келишимге кол коюлду

30 Августа, 2023

29-августта Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун жүрүшүндө ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын орун басарлары Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда банк кепилдиктерин өз ара таануу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Макулдашуу ЕАЭБдин ички рыногундагы чектөөлөрдүн бирин – Бирлик өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларда банк кепилдиктерин өз ара таануунун жоктугун четтетет.

Келишим менен мамлекеттик сатып алууларда кепилдиктери Бирликтин башка мамлекеттеринде тааныла турган банктарга карата бирдиктүү талаптар, мындай банктардын тизмегин түзүү боюнча мамилелер, ошондой эле берилген банктык кепилдиктердин реестрин жүргүзүү тартиби аныкталат.

Ошону менен бирге мындай банктардын тизмегин жана банктык кепилдиктердин реестрин жүргүзүү, эгерде бул буюртма берүүчү-мамлекеттин мыйзамдарында каралган болсо жүзөгө ашырылат.

"Ошентип, ЕАЭБдин кайсы мамлекетинен болбосун потенциалдуу жеткирүүчү Бирликтин башка өлкөсүнүн буюртма берүүчүсүнө белгиленген критерийлерге ылайык келген өзүнүн "үй" банкынын кепилдигин бере алат жана бул кепилдик буюртма берүүчү тарабынан кабыл алынышы керек. Эгерде буюртма берүүчүнүн өлкөсүнүн мыйзамдарында мындай критерийлер каралбаса, анда банктык кепилдиктер эркин таанылат", — деп ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бакыт Султанов Макулдашуунун ченемдерине комментарий берди.

Макулдашууга кол коюу менен бирге Кеңеш ЕАЭБ мамлекеттеринин банк кепилдиктерин берүүнү жүзөгө ашырган банктары ылайык келүүгө тийиш болгон критерийлерди, ошондой эле банктарды кепилдердин тизмесине киргизүү жана чыгаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдар менен маалымат алмашуу тартибин бекитти.

Мунай паспортунун бирдиктүү формасы жана аны толтуруу эрежелери бекитилди

30 Августа, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ЕАЭБдин "Ташууга жана (же) пайдаланууга даярдалган мунайдын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ЕАЭБ ТР 045/2017) өзгөртүүлөрдү киргизип, аны мунай паспортунун бирдиктүү формасы жана аны толтуруу эрежелери менен толуктады, анын болушу техникалык регламентте каралган.

Техникалык регламенттин, анын талаптарын бир түрдүү колдонуу үчүн паспорттун формасына байланыштуу айрым жоболору такталды.

Паспорттун унификацияланган формасына өтүүнү камсыз кылуу максатында, мунайдын партиясына ушул чечим күчүнө киргенге чейин, башкача айтканда бирдиктүү форма боюнча эмес жол-жоболоштурулган паспорттор 2023-жылдын 1-ноябрына чейин жарактуу.

Ошондой эле өзгөртүүлөрдө мунайга сыноолорду жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү техрегламентке ыкмалардын стандарттарынын тизмесине киргизилген стандарттарда белгиленет деп каралган.

Кабыл алынган өзгөртүүлөр Бирликтин аймагында мунайды чыгарууда жана аны жүгүртүүдө, анын ичинде документацияларды жол-жоболоштуруу жагында бирдиктүү мамилелердин калыптанышын камсыз кылат.

 

Тамак-аш кошулмаларынын, жыт бергичтердин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугу жөнүндө техрегламентке өзгөртүүлөр киргизилди

30 Августа, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 29-августта өткөн отурумда "Тамак-аш кошулмаларынын, жыт бергичтердин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар" техрегламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Өзгөртүүлөр Казакстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ЕАЭБ мыйзамдарына ылайык тамак-аш кошулмаларына талаптар бөлүгүндө, ошондой эле эт продукциясында фосфор кычкылдыгы жана тамак-аш фосфаттары бөлүгүндө иштелип чыккан. Мындан тышкары тамак-аш кошулмаларынын, жыт бергичтердин, технологиялык каражаттардын коопсуздугу чөйрөсүндөгү эл аралык жана европалык мыйзамдарга, анын ичинде Алиментариус Кодексине киргизилүүчү өзгөртүүлөр эске алынган.

Өзгөртүүлөр комплекстүү документ болуп саналат, аларда техрегламенттин беш бөлүмүн жана ага карата 29 тиркемени, анын ичинде тамак-аш продукциясы үчүн уруксат берилген тамак-аш кошулмалары жана жыт бергичтер үчүн уруксат берилген даам-жыт берүүчү заттардын тизмегин актуалдаштыруу каралат.

Атап айтканда, өзгөртүүлөр менен төмөнкүлөр каралган:

- уруксат берилген тамак-аш кошулмаларынын тизмегинен өзүнүн актуалдуулугун жоготкон 19 позицияны алып салуу, ошондой эле 6 позиция менен толуктоо;

- ферменттик препараттардын тизмегин жана даам-жыт берүүчү заттардын тизмегин кеңейтүү;

- айрым тамак-аш кошулмаларын колдонуу жаатын түзөтүү жана тамак-аш продукцияларынын топторунун аталыштарын редакциялоо, анын ичинде заманбап номенклатураны эске алуу менен.

ЕЭК Кеңешинин Чечими расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 180 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бизнестин жаңы талаптарга акырындык менен өтүшү үчүн Комиссиянын Коллегиясынын бул өзгөртүүлөрдү ишке киргизүү тартиби жөнүндө чечиминин долбоору иштелип чыккан, анда жаңы талаптарга акырындык менен өтүүгө 18 ай жана маркировкага карата талаптарга карата 36 ай өтүү каралат. Документ белгиленген тартипте каралат жана кабыл алынат.

Арменияда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отуруму болуп өттү

25 Августа, 2023

24-25-августта Цахкадзордо (Армения) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз отуруму болуп өттү.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары – ЕӨАК Төрагасы, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышышты.

ЕӨАК мүчөлөрү ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди тереңдетүү маселелерин жана Бирликти өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекке стратегиялык багыттарын талкуулашты. Буга чейин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Төрагасы, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин башчыларына кайрылуусунда ЕАЭБдин узак мөөнөттүү стратегиясын 2023-жылы иштеп чыгууну баштоо сунушталган.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки отуруму 26-27-октябрда Бишкек шаарында (Кыргызстан) өтөт.

ЕЭК Кеңешинин 23-июндагы жыйынтыктары

26 Июня, 2023

ЕЭК Кеңеши каржы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчетту бекитти. Мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча чараларды ишке ашыруу финансы рыногунун үч сектору боюнча жүзөгө ашырылат: банк, камсыздандыруу, баалуу кагаздар рыногу. Шайкеш келтирүү планы 2020-жылдын ноябрында кабыл алынган.

ЕЭК Кеңеши Бирликтин Бажы кодекси жөнүндө келишимге тышкы электрондук сооданы жөнгө салууга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоорун жактырды. Жаңы укуктук институт – электрондук соода оператору түзүлүүдө, ал мындай товарлар менен операциялардын логистикасын, ошондой эле интернет-платформалар жана бажы органдары менен өз ара аракеттенүүнү комплекстүү камсыз кылат.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн вице-премьерлери мамлекеттик сатып алуулар үчүн товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелерине карата өндүрүштүн жаңы шарттарын макулдашышты. Чечимге ылайык, "Энергетикалык машина куруу, электротехникалык жана кабелдик өнөр жай" тармагынын алты товардык позициясы үчүн, мамлекеттик сатып алууларга катышууга жеткилик Комиссия тарабынан түзүлгөн Өнөр жай товарларынын евразиялык реестриндеги маалыматтардын негизинде ишке ашырылат.

Жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарында камтылышы мүмкүн болгон ветеринардык дары каражаттарынын калдыгынын максималдуу жол берилген деңгээлдери белгиленди. 

ЕАЭБдин тийиштүү өндүрүштүк практика эрежелеринин талаптарына өндүрүштүн шайкештик сертификатына өзгөртүүлөр киргизилди.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБде стандартташтыруу боюнча иштерди координациялоо тартибин бекитти.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу планына өзгөртүүлөрдү бекетти. Ал "Энергияны керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" жана "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана өрт өчүрүү каражаттарына талаптар жөнүндө" техрегламенттерге өзгөртүүлөрдү караган эки жаңы пункт менен толукталды.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБде стандартташтыруу боюнча иштерди координациялоо тартибин бекитти

26 Июня, 2023

2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарына ылайык иштелип чыккан тартип, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн органдарынын бир катар багыттар боюнча өз ара иштешүүсүн камсыздоочу жол-жоболорду аныктайт.

Алардын арасында - техникалык регламенттердин талаптарын колдонуу жана аткаруу үчүн зарыл болгон мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгууну пландаштыруу, аларды иштеп чыгуу боюнча программаларды даярдоо жана бекитүү; программаларда каралган мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгууда (өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, кайра карап чыгууда) стандартташтыруу боюнча улуттук органдардын иш-аракеттерин координациялоо; техрегламенттер кабыл алына элек, бирок ага карата ЕАЭБде милдеттүү талаптар белгиленген (мисалы, жогорку вольттогу жабдуулар, кызматтык жана жарандык курал, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана башкалар) продукциянын бирдиктүү тизмегине киргизилген продукцияларга карата стандарттарды иштеп чыгууда жана кабыл алууда өз ара аракеттенүү.

Улуттук органдар ошондой эле техрегламенттердин талаптарын колдонуу жана аткаруу үчүн зарыл болгон мамлекеттер аралык стандарттарды, улуттук стандарттарды жана өлчөө методикаларын ишке киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча; өнөр жай, транспорт, энергетика чөйрөсүндө жана башка чөйрөлөрдө мүчө мамлекеттердин кооперациялык кызматташтыгын камсыздоо менен байланышкан стандарттарды иштеп чыгуу боюнча; техникалык жөнгө салуу жаатында стандартташтырууну өнүктүрүү боюнча аракеттерди координациялоо боюнча кызматташат.

Тартиптин жоболорун колдонуу ЕАЭБде стандартташтырууну өнүктүрүүгө, бирликтик техрегламенттерди колдонууну камсыздоо боюнча иштерди системалуу пландаштырууга, прогрессивдүү эл аралык жана аймактык стандарттарды колдонууга өбөлгө түзөт.

Жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарында камтылышы мүмкүн болгон ветеринардык дары каражаттарынын калдыгынын максималдуу жол берилген деңгээлдери белгиленди

26 Июня, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Бирликтин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине жаныбарлардан алынган тамак-аш азыктарында камтылышы мүмкүн болгон ветеринардык дары каражаттарынын калдыгынын максималдуу жол берилген деңгээлдерин белгилөөгө тиешелүү өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Бул Комиссиянын жана өлкөлөрдүн бардык ыйгарым укуктуу органдарынын дээрлик төрт жылдык ишинин натыйжасы.

Өзгөртүү менен жаныбарлардан алынган кайра иштетилбеген жана кайра иштетилген тамак-аш продукцияларындагы 75 ветеринардык дары каражаттары (фармакологиялык жигердүү заттар) үчүн калдык сандын максималдуу жол берилген деңгээлдери белгиленген, бул эл аралык практикада аналогдору болбогон жаңы концептуалдык багыт болуп саналат. Ошондой эле техрегламентте аты аталбаган жана (же) ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагында катталбаган ветеринардык дары каражаттарынын калдыктарын контролдоого карата талаптар белгиленген, бул импорттук продукцияны контролдоо үчүн өзгөчө маанилүү.

Кабыл алынган өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу Бирликтин бажы аймагында жүгүртүүгө чыгарылган тамак-аш продукциясынын коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берет, контролдоо (көзөмөлдөө) органдары тарабынан жаныбарлардан алынган тамак-аш продукциясындагы ветеринардык дары каражаттарынын калдыгын аныктоонун натыйжаларын жана буга байланыштуу өз ара жеткирүүлөргө тыюу салууларды ар кандай чечмелөө көйгөйлөрүн жөнгө салууга өбөлгө түзөт.

ЕАЭБ Бажы кодекси жөнүндө келишимге тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилүүдө

26 Июня, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге тышкы электрондук сооданы жөнгө салууга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоорун жактырды. 

Протоколдун долбоорунда жарандар Интернет-ресурстарды колдонуу менен сатып алган товарлар үчүн жаңы жөнгө салуу – убактылуу сактоо, бажылык декларациялоо, бажы төлөмдөрүн колдонуу өзгөчөлүктөрү, бажы ("бонддук") кампаларынан жүктөө мүмкүндүгү каралган.

Жаңы укуктук институт – электрондук соода оператору түзүлүүдө, ал мындай товарлар менен операциялардын логистикасын, ошондой эле интернет-платформалар жана бажы органдары менен өз ара аракеттенүүнү комплекстүү камсыз кылат.

Бул Протоколду ишке ашыруу товарлардын бул категориясын бажылык тариздөөнү тартипке келтирүүгө, жүктөрдү иштетүүнүн ылдамдыгын жана бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

ЕЭК Кеңеши Протоколдун долбоорун ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорго Бирлик өлкөлөрүнө жөнөтүүнү буйруду.

ЕАЭБде каржы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү уланууда

26 Июня, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши каржы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчетту бекитти. 

Мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча чараларды ишке ашыруу 2020-жылдын ноябрында кабыл алынган шайкеш келтирүү планына ылайык финансы рыногунун үч сектору (банк, камсыздандыруу, баалуу кагаздар рыногу) боюнча жүзөгө ашырылат.

Жалпысынан иш Шайкеш келтирүү планына ылайык жүргүзүлөт, иш-чаралар параллелдүү режимде аткарылат. Бул планга ылайык, банк жана камсыздандыруу секторлорунда мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча иштер 2025-жылы, ал эми баалуу кагаздар рыногу секторунда - 2029-жылы аякташы керек.

Аткарылган иштин алкагында бир катар эл аралык макулдашуулардын долбоорлору даярдалган, алар менен баалуу кагаздарды жана брокерлерди/дилерлерди биржалык тооруктарга катышууга чек ара аркылуу киргизүүнү камсыздоо, ошондой эле стандартташтырылган лицензия институтун киргизүү болжолдонууда.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн вице-премьерлери Мамлекеттик сатып алуулар үчүн товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелерине карата өндүрүштүн жаңы шарттарын макулдашышты

26 Июня, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 23-июндагы чечими менен Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү максатында товарлардын айрым түрлөрүнүн чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелерине (ТЧЖ эрежелери) № 1 тиркемеге толуктоолор киргизилди. 

Маселе Казакстан Республикасынын демилгеси боюнча Комиссиянын Кеңешинин күн тартибине киргизилген.

Чечимге ылайык, "Энергетикалык машина куруу, электротехникалык жана кабелдик өнөр жай" тармагынын алты товардык позициясы үчүн, мамлекеттик сатып алууларга катышууга жеткилик Комиссия тарабынан түзүлгөн Өнөр жай товарларынын евразиялык реестриндеги маалыматтардын негизинде ишке ашырылат. Реестрге продукция өлкөлөрдүн профилдик мамлекеттик органдарынын жана бизнесинин өкүлдөрү тарабынан макулдашылган өндүрүш шарттарына ылайык келген учурда киргизилиши мүмкүн.

"Бүгүнкү чечимди эске алуу менен, ТЧЖ эрежелеринде 448 товардык позиция үчүн өндүрүш шарттары камтылган. "Боз зонадагы" товарлардын тизмеси бара-бара кыскарууда. Бүгүнкү күндө анда 27 гана товардык позиция калды", – деп атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу министри Бахыт Султанов комментарий берди.

ЕАЭБдин тийиштүү өндүрүштүк практика эрежелеринин талаптарына өндүрүштүн шайкештик сертификатына өзгөртүүлөр киргизилди

26 Июня, 2023

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин тийиштүү өндүрүштүк практика эрежелеринин талаптарына өндүрүштүн шайкештик сертификатынын формасынын өзгөрүшүн ЕАЭБдин тийиштүү өндүрүштүк практика эрежелеринин талаптарынын жана Европа бирлигинин ушундай эрежелеринин салыштырмалуулук декларациясы түрүндө бекитти. Бул Кариб бассейнинин, Азия жана Тынч океан региондорунун өлкөлөрүнө аталган сертификаттарды Бирлик мамлекеттеринин өндүрүүчүлөрүн үчүнчү өлкөлөрдүн фармацевтикалык инспектораттары тарабынан кайрадан текшерүүсүз колдонууга мүмкүндүк берет. 

Мындай өзгөртүүлөрдү кабыл алуу мүчө мамлекеттердин өндүрүүчүлөрүнүн фармацевтикалык продукциясын үчүнчү өлкөлөргө экспорттоону камсыздоого мүмкүндүк берет.

2023-жылдын 7-8-июнундагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары

9 Июня, 2023

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 7-8-июнда Сочиде өткөн отурумунун жыйынтыгы боюнча 22 маселе каралып, 14 документке кол коюлду.

Отурумга Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары – Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Төрагасы, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров; Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович; ЕАЭБдин байкоочу мамлекеттеринин өкмөт башчылары — Өзбекстан Республикасынын Премьер- министри Абдулла Арипов жана Куба Республикасынын Премьер-министри Мануэль Марреро Крус; ошондой эле чакырылган коноктор Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ходжамырат Гельдимырадов катышышты.

Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда ЕАЭБ мамлекеттеринде окумуштуулук даражалар жөнүндө документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн окумуштуулук даражасы жөнүндө улуттук документтерге ээ болгон жарандары узакка созулган нострификация процедурасынан өтпөстөн, башка мүчө мамлекетте ишке орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, бул жогорку квалификациялуу адистердин мобилдүүлүгүн жогорулатат жана илимий кооперацияны өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларына Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берилди. Аларды четтетүү арымдары медиативдик ыкманын аркасында эки эсеге өстү.

Өкмөттөр аралык кеңеш ЕАЭБ мамлекеттеринин аймактарында "Чыгыш – Батыш" жана "Түндүк – Түштүк" багыттарында, анын ичинде "Бир алкак, бир жол" кытай демилгеси менен айкалышуунун алкагында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча пландарды жактырды.

ЕАЭБ деңиз өткөрүү пункттарында электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн экинчи этабына өтүүдө, 2023-2025-жылдарга тиешелүү план бекитилди.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары кооперациялык климаттык долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле төмөн көмүртектүү өнүгүүнү өбөлгөлөөнү караган климаттык күн тартибинин маселелерин жөнгө салуу боюнча мамилелерди иштеп чыгууну тапшырышты. Тийиштүү мамилелерди Бирликтин органдарынын кароосуна 2024-жылдын I жарым жылдыгында берүү пландаштырылууда.

2022-жыл үчүн чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана алардагы жалпы атаандаштык эрежелерин бузууларды токтотуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө ар жылдык отчёту жактырылды. Өткөн жылы ЕЭК атаандаштык эрежелерин бузуу жөнүндө 26 арызды карап, монополияга каршы 12 иликтөө жүргүзгөн, алардын 7 Комиссиянын өз демилгеси менен дайындалган.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эксперименттерди ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгышты. Алардын жыйынтыктарын ушул жылдын аягында чыгаруу чечими кабыл алынган.

Отурумда ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутумун жана Бирликтин санариптик күн тартибин андан ары өнүктүрүү жөнүндө баяндама жактырылды. ЕАЭБде санариптештирүүнүн негизи интеграцияланган тутум болуп, анын базасында санариптик долбоорлор ишке ашырылмакчы.

Өкмөт башчыларына 2022-жылы ЕЭК чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоону (ЖТБ) өткөрүүгө мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчет сунушталды. ЖТБ жөнүндө оң корутундулардын үлүшү 2015- жылдан тартып эң жогорку деңгээлге — 97%га жетти.

ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунда электр энергиясын борборлоштурулган бир сутка алдыга сатуу оператору жөнүндө чечим кабыл алынды.

Мындан тышкары, Өкмөттөр аралык кеңешке тамак-аш продукциясынын коопсуздугу боюнча техрегламентке жаныбарлардан алынган тамак-аш продукциясында камтылышы мүмкүн болгон ветеринардык дары-дармек каражаттарынын калдыктарынын максималдуу жол берилген деңгээлин белгилөө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштердин жүрүшү тууралуу маалымдалды. Өзгөртүүлөрдүн долбоору мүчө мамлекеттерде катталып, жаныбарлардан алынган кайра иштетилбеген да, ошондой эле кайра иштетилген тамак-аш продукциясында да 75 ветеринардык препараттар үчүн калдыктардын максималдуу жол берилген деңгээлин белгилейт, ошондой эле Бирликтин мүчө мамлекеттеринин аймагында аты аталбаган же катталбаган ветеринардык препараттардын калдыктарын контролдоого талаптарды аныктайт. Өзгөртүүлөрдүн долбоору жана ага карата документтердин топтому жеткире иштелип чыккан, бардык өлкөлөр менен макулдашылган, ЕЭК Коллегиясы тарабынан жактырылган жана эми Комиссиянын Кеңешинин отурумуна чыгарылат.

ЕАЭБ алкагында окумуштуулук даражалар жөнүндө документтерди өз ара таануу камсыздалат

9 Июня, 2023

Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин 8-июнда Сочи шаарында өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттерде окумуштуулук даражалар жөнүндө документтерди өз ара таануу жөнүндө келишимге кол коюлду.

"Макулдашуу күчүнө киргенден кийин, ЕАЭБ өлкөлөрүндө окумуштуулук даражасы жөнүндө улуттук документтерге ээ болгон эмгекчилер узакка созулган нострификация процедурасынан өтпөстөн, ЕАЭБдин башка мүчө мамлекетинде ишке орношо алышат. Бул жогорку квалификациялуу адистердин мобилдүүлүгүн жогорулатат жана ЕАЭБде илимий кооперацияны өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев.

Макулдашуу ЕАЭБдин бардык мамлекеттери тарабынан тиешелүү мамлекеттик ички жол-жоболор аяктагандан кийин күчүнө кирет.

ЕАЭБде тоскоолдуктарды четтетүү арымдары медиативдик мамиленин аркасында эки эсе көбөйдү

9 Июня, 2023

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 8-июнда Сочиде өткөн отурумунда өкмөт башчыларына Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Азыркы учурда тоскоолдуктардын реестринде камтылган он бир тоскоолдуктун ичинен төрт тоскоолдук четтетилген, дагы төртөө боюнча аларды четтетилди деп таануу боюнча жол-жоболор жүргүзүлүүдө. Калган үч тоскоолдукка карата өлкөлөрдө тиешелүү ченемдик укуктук актылар даярдалган же жогорку деңгээлдеги даярдыкта турат.

Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногунда тоскоолдуктарды квалификациялоо методологиясынын жаңыртылган редакциясында жана ЕЭК Коллегиясы тарабынан кабыл алынган тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү четтетилген деп таануу мамилелери ишти күчөтүүгө өбөлгө түздү. Новацияларда тоскоолдуктарды кароонун оптимизацияланган мөөнөттөрү жана өркүндөтүлгөн механизми, аларды четтетилди деп таануунун жеткире иштелип чыккан тартиби, ошондой эле Бирликтин ички рыногунда тоскоолдуктардын белгилеринин болушуна байланыштуу кырдаалдарды жөнгө салуу боюнча медиация жол-жобосу каралат.

"Жумшак укук деп аталган медиативдик мамилелерди колдонуу жана мүчө мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү тоскоолдуктарды четтетүү арымдарын эки эсеге жогорулатты, — деп Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симонян белгилеп өттү. — Медиативдик жол-жоболордун аркасында, үстүбүздөгү жылы биз аларды тоскоолдук катары квалификациялоого чейин беш тоскоолдукту четтеттик, бир тоскоолдук боюнча аны четтетүү үчүн улуттук акт кабыл алынды, жети тоскоолдук боюнча улуттук актыларды жоюу үчүн даярдоо жана кабыл алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө".


Өкмөттөр аралык кеңеш тоскоолдуктарды жоюуга карата жаңы мамилени жогору баалап, иш улантылат.

Навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эксперименттердин жыйынтыктары 2023-жылдын аягына чейин чыгарылат

9 Июня, 2023

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эксперименттерди ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгышты. Алардын жыйынтыктарын ушул жылдын аягында чыгаруу чечими кабыл алынган.

Ушул жылдын 6-июнунда темир жол жана (же) автомобиль транспортунун түрлөрү менен ташылган өз ара соода товарларына карата навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эксперимент башталган. Жаңы долбоорго Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы катышат.

Эксперимент тараптарды жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларын Евразия экономикалык бирлигинде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну практикалык ишке ашырууга даярдоо үчүн өткөрүлөт. Аталган Макулдашуу ушул жылдын 3-апрелинде күчүнө кирген.

Ташуучулар экспериментке ыктыярдуу жана акысыз негизде катышышат.

Мындан тышкары, ушул жылдын 13-февралынан тарта навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эксперимент Беларусь Республикасында экспорт бажы жол-жобосуна жайгаштырылган жана Россия Федерациясынын аймагынан кетүүчү жыгач материалдарына жана жыгач иштетүү өнүмдөрүнө карата жүргүзүлүүдө. Бул эксперименттин ийгиликтүү ишке ашырылышына байланыштуу, башында 2023-жылдын 30-июнуна чейин пландаштырылган мөөнөт жылдын аягына чейин узартылды.

Жүргүзүлгөн эксперименттердин алкагында навигациялык пломбаларды колдонуу технологиясын иште пайдалануу 2024-жылдын январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин бүткүл аймагында товарлардын айрым категорияларына (алкоголь, тамеки буюмдары жана санкциялык продукция) карата навигациялык пломбаларды колдонууга бара-бара киришүүгө мүмкүндүк берет.

Евразия экономикалык комиссиясы тараптарга эксперименттерди уюштурууда пайда болгон маселелер боюнча зарыл болгон оперативдүү жардамдарды туруктуу негизде көрсөтүп келет.

Бакытжан Сагинтаев: "2022-жылы ЖТБ боюнча оң корутундулардын үлүшү эң жогорку деңгээлге — 97%га жетти"

9 Июня, 2023

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларына Евразия экономикалык комиссиясынын 2022-жылдагы чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоонун (ЖТБ) мониторинги жөнүндө отчет сунушталды.

Комиссиянын жөнгө салуучулук жигердүүлүгүнүн өсүшү туурасында 2022-жылы аларга карата ЖТБ жол-жобосу өткөрүлгөн долбоорлордун санынын олуттуу жогорулашы күбөлөндүрөт: ачык талкуулоодон өткөн долбоорлор боюнча — 32%га жана ЖТБ жөнүндө корутунду алган долбоорлор боюнча — 49%га көбөйгөн.

ЖТБ жол-жобосуна Бирлик өлкөлөрүнүн ишкер жана эксперттик чөйрөлөрүнүн катышуу деңгээлинин 20%га өсүшү катталган. Бизнестен келип түшкөн сунуштардын 50%ы Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун толуктап иштеп чыгууда эске алынган.

"Өткөн жылы ЖТБ жөнүндө оң корутундулардын үлүшү эң жогорку деңгээлге жетти (2015-жылдан баштап) – 97%", — деп белгиледи ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев.

2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун алкагында бизнес жүргүзүү шарттарына жөнгө салуунун таасирин баалоо инструментин андан ары өркүндөтүү үчүн, Комиссиянын иш регламентине, Комиссиянын кабыл алынган чечимдеринин иш жүзүндөгү таасирин баалоо жана ЕАЭБ алкагындагы эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата ЖТБнын жол-жоболорун жүргүзүүнүн тартибин белгилөөнү караган өзгөртүүлөрдүн долбоору даярдалды. Бул жол-жоболорду 2024-жылдан баштап киргизүү пландаштырылат.


Маалымат

ЖТБ – бул ЕЭКтин чечимдеринин долбоорлорунун ишкердик ишмердикти жүргүзүү шарттарына таасирин баалоо жол-жобосу, аны жүргүзүүдө Бирликтин өлкөлөрүнүн бизнесинин позициясы эске алынат.

ЖТБ жол-жобосу эки баскычтан турат: учурдагы баалоо – ЕЭКтин чечиминин долбоорун Бирликтин сайтында 30 календардык күндөн кем эмес мөөнөттүн ичинде коомдук талкуулоо жана жыйынтыктоочу баалоо – ЖТБ жөнүндө корутундунун ЕЭКтин атайын түзүлгөн жумушчу тобу тарабынан даярдалышы.

ЕАЭБ деңиз өткөрүү пункттарында электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн экинчи этабына өтүүдө

9 Июня, 2023

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши 8-июнда Сочиде өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин 2023-2025-жылдарга деңиз өткөрүү пункттарында электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү боюнча планын бекитти.

2021-2022-жылдары мамлекеттердин деңиз өткөрүү пункттарында электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн биринчи этабынын жыйынтыктары боюнча Бирликтин укугуна жана мүчө мамлекеттердин улуттук стратегияларына, эл аралык тажрыйбага жана деңиз өткөрүү пункттарында санариптик технологияларды колдонуу боюнча учурдагы кырдаалга талдоо жүргүзүлгөн.

2023-2025-жылдарга Планда биринчи этаптын жыйынтыгына негизделген беш иш-чараны камтылган. Алсак, деңиз өткөрүү пункттарында электрондук документ жүгүртүүгө жана санариптик технологияларды колдонууга толугу менен өтүү жана электрондук документ жүгүртүүнүн алкагында маалыматтардын унификациясын камсыздоо пландаштырылууда.

"Кагаз түрүндөгү документтерди колдонуудан баш тартуу деңиз порттору аркылуу үзгүлтүксүз ташуу үчүн шарттарды түзөт, бул өз кезегинде транспорттук коридорлордун жана каттамдардын натыйжалуулугун жогорулатат", – деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.

ЕӨАК ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунда электр энергиясын борборлоштурулган бир сутка алдыга сатуу оператору жөнүндө чечим кабыл алды

9 Июня, 2023

8-июнда Сочиде өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда өкмөт башчылары Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетикалык рыногунда (ЖЭР) электр энергиясын борборлоштурулган бир сутка алдыга сатуу операторун макулдашышты. Мындай оператор "Электр энергиясынын дүң рыногунун соода системасынын администратору" АК болду (Россия Федерациясы).

Оператордун милдеттерине ЕАЭБ ЖЭРде "бир сутка алдыга" тооруктарды уюштуруу кирет. Бул электр энергиясын споттук сатуунун спецификалык механизми, мында биржалык механизмдерди колдонуу менен кийинки сутканын ар бир сааты үчүн бул энергия ресурстарын жеткирүүнүн баасы аныкталат.

"Бир сутка алдыга сатуу узак мөөнөттүү келишимдерде ага бааларды аныктоодо колдонулуучу электр энергиясынын баа индикаторлорун аныктоого, ошондой эле электр энергетикалык объектилердин ишин пландаштырууну жакшыртууга мүмкүндүк берет, бул экономиканы жана калкты электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат", — деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.

Мындан тышкары, операторго электр энергиясынын жалпы рыногунда каттоо функцияларын аткаруу жана мамлекеттер аралык электр берүү линияларынын эркин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн аныктоо тапшырылат.

Эми ЕЭК Кеңеши тиешелүү тескемени кабыл алышы керек.

Ошону менен бирге ЕӨАК мүчөлөрү ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилеринин кеңешинин ыйгарым укуктарын күчөтүүнү макулдашышты. Профилдик министрлер рыноктун бардык катышуучулары үчүн дискриминацияланбаган шарттарды камсыз кылуу үчүн оператордун иш-аракеттерин ЕАЭБдин жалпы электр энергетикалык рыногунда бир сутка алдыга контролдоого тийиш.


Маалымат

Буга чейин ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 48 тескемеси менен "Беларусь универсалдуу товардык биржасы" АК, "Казакстандык электр энергиясы жана кубаттуулук рыногунун оператору" АК жана "Санкт-Петербург Эл аралык товардык-сырьелук биржасы" АК ЕАЭБ ЖЭР боюнча мөөнөттүү контракттар боюнча электр энергиясын борбордоштурулган сатуунун операторлору катары аныкталган. Көрсөтүлгөн уюмдар ЕАЭБ ЖЭР боюнча мөөнөттүү контракттар боюнча электр энергиясын сатууну уюштурууга өздөрүнүн соода тутумдарын даярдоо боюнча ишке киришти.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары климаттык күн тартибинин маселелерин жөнгө салуу боюнча мамилелерди иштеп чыгуу тапшырмасын беришти

9 Июня, 2023

Сочиде Евразия өкмөттөр аралык кеңеши климаттык күн тартибинин алкагында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн кызматташтыгы боюнча иш-чаралардын биринчи топтомун ("Жол картасын") ишке ашыруу жөнүндө маселени карады.

Көрсөтүлгөн иштин алкагында Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жана негизги соода өнөктөштөрүнүн төмөн көмүртектүү өнүгүү чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарын талдоо боюнча комплекстүү баяндама даярдалган.

Бул документтин тыянактарына негизденип, Бирлик өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕАЭБ алкагында кооперациялык климаттык долбоорлорду ишке ашырууну, ошондой эле төмөн көмүртектүү өнүгүүнү өбөлгөлөөнү караган климаттык күн тартибинин маселелерин жөнгө салуу боюнча мамилелерди иштеп чыгууну тапшырышты.

"Атап айтканда, кеп кызыкдар мүчө мамлекеттер жана үчүнчү тараптар тарабынан эл аралык тенденцияларды эске алуу менен кооперациялык климаттык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжаларын колдонуу үчүн шарттарды түзүү жөнүндө болушу мүмкүн. Ошондой эле эң мыкты эл аралык практикалардын жана негизги соода өнөктөштөрдүн тажрыйбасынын негизинде климатты коргоо чөйрөсүндө валидация жана верификация боюнча органдарды аккредитациялоонун улуттук тутумдарына макулдашылган мамилелерди түзүү мүмкүн", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Мындан тышкары, бул мамилелердин алкагында мүчө мамлекеттердин ар кандай климаттык жөнгө салуусунан келип чыккан чектөөлөргө жана тоскоолдуктарга жол бербөө, анын ичинде экономикаларды декарбонизациялоо пландары боюнча маалымат алмашуу жана координациялоо боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Тийиштүү мамилелерди Бирликтин органдарынын кароосуна 2024-жылдын I жарым жылдыгында берүү пландаштырылууда.


Маалымат

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 21-октябрындагы отурумунда кабыл алынган, климаттык күн тартибинин алкагында Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин кызматташтыгы боюнча иш-чаралардын биринчи топтому ("Жол картасы"), ЕӨАКНын 2021-жылдын 20-августундагы № 10 тескемесин аткаруу максатында түзүлгөн Бирликтин мүчө-мамлекеттеринин позицияларын жакындатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жогорку деңгээлдеги Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.

Өкмөт башчылары 2022-жыл үчүн ЕАЭБдеги чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жөнүндө жылдык отчетту бекитишти

9 Июня, 2023

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тескемеси менен 2022-жыл үчүн чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана алардагы жалпы атаандаштык эрежелерин бузууларды токтотуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө ар жылдык отчёту жактырылды.

Монополияга каршы аракеттенүү чараларын ишке ашыруу менен өткөн жылы Евразия экономикалык комиссиясы атаандаштык эрежелерин бузуу жөнүндө 26 арызды карап, монополияга каршы 12 иликтөө жүргүзгөн, алардын 7 Комиссиянын өз демилгеси менен дайындалган. Алар сыноо лабораториялары көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөр рыногуна, үрөндүк материалдын, кагаздын айрым түрлөрүнүн рынокторуна, жеңил автомобилдерди сатууга тийиштүү болду.

13 иш каралып, анын ичинен 3 Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн чарбакер субъекттери тарабынан ЕЭКтин суроо-талабы боюнча жүргүзүлүп жаткан иликтөөлөрдүн алкагында маалымат берилбегендиги фактысы боюнча козголгон.

Аяктаган иштердин жыйынтыгы боюнча Комиссиянын Коллегиясы 5 чечим кабыл алды. Алардын үчөө боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн чарбакер субъекттерине жазапул салынган жана атаандаштыкка каршы тажрыйбаларды четтетүү зарылчылыгы көрсөтүлгөн, экөө боюнча эреже бузуу фактыларынын жоктугу жөнүндө чечим кабыл алынган.

2022-жылы Комиссия чек ара аралык рыноктордо атаандаштыкты катуу айып санкцияларысыз калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берген "жумшак укук" инструменттерин — эскертүүлөрдү жана абайлатууларды жигердүү колдонгон. 

"Эскертүүнү колдонуу менен, биз сегиз чек ара аралык рыноктордо атаандаштыкты калыбына келтире алдык. Алардын арасында чай (Greenfield, TESS соода маркалары), программалык камсыздоо (жашы жете электерге көз салуу үчүн тиркеме), кычкыл сүт суусундуктары ("Имунеле" соода маркасы), косметикалык товарлар жана башкалар рыноктору бар", – деп белгиледи ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султанов отчетко комментарий берип жатып.


Министр ошондой эле мүмкүн болгон мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн Комиссия тарабынан өткөн жылы компания жетекчилерине (медициналык, туристтик кызмат көрсөтүүлөр, күрүч, пластмасса, пахта, сыра, автомобилдерди сатуу чөйрөлөрүндө) ММКларда атаандаштыкты бурмалоого же бузууга алып келген билдирүүлөрү үчүн 9 эскертүү берилгенин айтты.

ЕАЭБ жөнүндө келишимдин талаптарын аткаруунун алкагында өлкөлөр Комиссияга товарлардын айрым түрлөрүнө мамлекеттик бааны жөнгө салууну киргизүү жөнүндө алты билдирүү жөнөтүшкөн. ЕЭКтин колдонуудагы тартибине ылайык бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жана узартуу үчүн негиздерди белгилөө маселелери боюнча беш консультация өткөрүлгөн. Айрым өлкөлөр тарабынан бааны жөнгө салуу чараларын киргизүүнүн натыйжасында Бирликтин чек ара аралык рынокторунда атаандаштыктын чектөөлөрү Комиссия тарабынан аныкталган эмес.

ЕЭКтин атаандаштык чөйрөсүндө ыйгарым укуктар берилген улуттуктан жогорку жана регионалдык уюмдар менен эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча иштер улантылууда. 2022-жылдын июлунда регионалдык уюмдардын жолугушуусунун алкагында Евразия экономикалык комиссиясы менен Чыгыш жана Түштүк Африка жалпы рыногунун атаандаштыгы боюнча комиссиянын (КОМЕСА) ортосунда атаандаштык саясаты жана укук колдонуу чөйрөсүндө Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Отчеттун өзүнчө бөлүмү Бирликтин атаандаштык чөйрөсүндөгү укуктарын өркүндөтүү боюнча жасалган иштерге арналат. Комиссия тарабынан чарбакер субъекттин атаандаштыкка каршы макулдашуу түзүү же ага катышуу жөнүндө өз ыктыяры менен билдирген учурда жоопкерчиликтен бошотуу тартибинин долбоору иштелип чыккан. Жазапулдар боюнча методикага атаандаштык эрежелерин бузуучуга карата жоопкерчилик чаралары 3 жылдан 5 жылга чейин колдонулушу мүмкүн болгон мөөнөттү узартууну караган так өзгөртүүлөр даярдалган.

Өкмөттөр аралык кеңеш ЕАЭБде транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча пландарды жактырды

9 Июня, 2023

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши 8-июнда Сочиде өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин аймактарында "Чыгыш – Батыш" жана "Түндүк — Түштүк" багыттарында, анын ичинде "Бир алкак, бир жол" кытай демилгеси менен айкалышуунун алкагында транспорттук инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү маселесин карады. Мындай отчетту жыл сайын даярдоо Стратегия-2025те каралган.

Документте белгиленгендей, жогорку геосаясий чыңалуу шарттарында 2022-жылы евразия мейкиндигинде логистикада жана эл аралык транспорттук коридорлордун конфигурациясында өзгөрүү башталды.

"Жүк ташуу жолдорун диверсификациялоо зарылдыгы Кытай, Индия, Иран, Пакистан жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты", – деп айтылат баяндамада. — Бул шарттарда тараптардын жана Комиссиянын күч-аракеттери евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө жана транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган".

Евразиялык транспорттук коридорлордун жана каттамдардын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштерди координациялоо улуттук инфраструктуралык өнүгүү пландарына жана стратегияларына ылайык улуттуктан жогорку жана улуттук деңгээлдерде жүзөгө ашырылат. Алсак, Арменияда узундугу 556 км "Түндүк – Түштүк" автожол коридорун куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу, Беларусь Республикасында – 2025-жылга чейин 664,39 км автомобиль жолдорун оңдоодон жана реконструкциялоодон кийин пайдаланууга берүү, электрлештирилген темир жолдордун үлүшүн 25%га чейин көбөйтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда. Казакстандын пландарында — 2025-жылга чейин 12 миң чакырымдай автомобиль жолдорун реконструкциялоо, 900 км ашык темир жолду куруу жана 800 км ашык темир жолду электрлештирүү каралган. Кыргызстан 2025-жылга чейин эл аралык транспорттук коридорлорго кирген 1650 км автомобиль жолдорун реконструкциялоону, узундугу 186 км Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун курууну, ошондой эле 321,5 км узундуктагы Луговая-Рыбачье (Балыкчы) темир жолун электрлештирүүнү пландаштырууда. Россия 8,5 миң км автожолдорду курууну жана реконструкциялоону, 77 миңден км ашык регионалдык жана федералдык жолдорду 2024-жылдын аягына чейин оңдоону; 2025-жылга чейин жалпы узундугу 1,9 миң км жаңы темир жол линияларын курууну, жалпы узундугу 6,5 миң км кошумча башкы жолдорду курууну, жалпы узундугу 1,8 миң км болгон темир жол линияларын электрлештирүүнү пландаштырган.

Баяндамада 2022-жылы Комиссия пландаштырган бардык иш-чаралар аткарылгандыгы белгиленет. 2023-жыл боюнча айта турган болсок, ЕЭК "кууш жерлердин" тизмесин түзүү маселелерин иштеп чыгууну жана аларды четтетүү үчүн зарыл болгон каржылоону баалоо ыкмаларын иштеп чыгууну пландаштырууда. Ошондой эле ЕАЭБ алкагында транспорт жана транспорттук коридорлорду санариптештирүү чөйрөсүндө артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди улантуу пландаштырылат.

"Бирликте товарлардын эркин өтүшүн камсыздоо жана ички бажы чек араларынын жоктугу, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин транспорт чөйрөсүндөгү экономикалык интеграциясы жана аларда өнүккөн транспорттук инфраструктуранын болушунун фактору заманбап шарттарда мүчө мамлекеттердин экономикалары үчүн негизги турукташтыруучу факторлор болуп калышы мүмкүн", – деп эсептейт ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.

ЕАЭБде санариптик күн тартипти кайра форматтоо башталды

9 Июня, 2023

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 8-июнда Сочиде өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык тутумун жана Бирликтин санариптик күн тартибин мындан ары өнүктүрүү жөнүндө баяндаманы жактырышты, ошондой эле ЕАЭБ жөнүндө келишимде аныкталган кызматташтык чөйрөлөрүн санариптик трансформациялоо боюнча мындан аркы кадамдарды караган тескемени кабыл алышты.

Бир жылдын ичинде Евразия экономикалык комиссиясы Бирликтин интеграцияланган тутумун (ИМТ) өнүктүрүүнүн 2027-жылга чейинки Максаттуу программасы жана аны өнүктүрүүгө Техникалык тапшырма сыяктуу маанилүү документтерди иштеп чыккан жана бекиткен.

Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутуму аркылуу экономиканын ар кандай чөйрөлөрүндө чек ара аралык өз ара иштешүүнү автоматташтыруу боюнча иштер улантылууда.

77 жалпы процесстин ичинен графикке ылайык 51 жалпы процесстин техникалык даярдыгы камсыздалган (алардын ичинен 26сы ишке киргизилген, өлкөлөр кошулган жана маалымат алмашуу уюштурулган, дагы 25и өлкөлөрдү кошууга толук техникалык даярдыкта турат), үстүбүздөгү жылдын аягына чейин дагы 19 жалпы процесстин даярдыгы камсыздалат.

ЕАЭБде санариптештирүүнүн негизи ИМТ болуп, анын базасында санариптик долбоорлор ишке ашырылмакчы. Өкмөттөр аралык кеңештин кабыл алынган буйругу Бирликтин алкагында санариптик күн тартипти инфраструктуралык камсыздоо боюнча жол картасын даярдоого багытталган иштерге старт берет.

"2027-жылга чейин Бирликтин ИМТсын өнүктүрүүнүн максаттуу программасына ылайык, өз ара аракеттенүүнүн бардык түрлөрүн (G2G, B2G, B2B, C2G, C2B, EEU2S) толук масштабдуу камсыздоо санариптик күн тартибинин негизи болуп калат", — деп белгиленет документте. 


Маалымат

Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы жалпы процесс – ЕАЭБдин укугун түзгөн эл аралык келишимдер жана актылар жана ЕАЭБ мамлекеттеринин мыйзамдары менен регламенттелген (белгиленген), мүчө мамлекеттердин биринин аймагында башталып, башка мүчө мамлекеттин аймагында аяктаган (өзгөргөн) операциялар жана жол-жоболор.



II Евразия экономикалык форумунун жыйынтыктары

29 Мая, 2023

II Евразия экономикалык форуму 24-25-майда Москвада болуп өтүп, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин жана байкоочу мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына арналды. Иш-чаралар 2023-жылы Евразия экономикалык бирлигинин органдарында Россия Федерациясынын төрагалыгынын алкагында өткөрүлдү. Форумдун девизи — "Евразия интеграциясы көп полярдуу дүйнөдө".

Ишкердик программа

Форумдун ишкердик программасы 35ке жакын сессияны камтыды. Негизги темалар — ЕАЭБдеги интеграциялык процесстердин эң актуалдуу жана талап кылынган маселелери, анын ичинде узак мөөнөттүү пландаштыруунун жаңы документтерин даярдоо жана 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилге интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын аныктоо, ЕАЭБдин алыскы чет өлкөлөр менен кызматташтыгын өнүктүрүү, бажылык жөнгө салуу, ЕАЭБдин ички рыногунун келечеги, ошондой эле санариптик трансформация жана эл аралык эсептешүү механизмдерин өркүндөтүү болду.

Иш-чаралар жети тематикалык багыттарга бөлүндү:

            "Адамдык капитал",

            "Технологиялар жана кооперация",

            "ЕАЭБ өзгөрүп жаткан дүйнөдө",

            "Евразиялык айкалышуу",

            "ЕАЭБдин ички рыногу: бажылык кызматташтык, атаандаштык жана мамлекеттик сатып алуулар",

            "Стратегиялык блок",

            ЕАЭБ Ишкер кеңешинин блогу.

Ишкер программанын алкагында ошондой эле:

            ЕАЭБ Ишкер кеңешинин Президиумунун отуруму,

            "ЕАЭБ ички рыногу: чакырыктар жана өнүгүү перспективалары",

            "Евразияда эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр" СДА Ишкер эртең мененки тамагы,

            "ЕАЭБ — Индонезия" бизнес-диалогу,

            "ЕАЭБ — Индонезия" бизнес-диалогу эртең мененки тамагы,

            "ЕАЭБ — Индонезия" тармактык долбоорлорунун презентациясы.

Пленардык отурум

II Евразия экономикалык форумунун негизги иш-чарасы — пленардык отурум. Иш-чарага Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Армения Республикасынын Вице-Премьер-министри Мгер Григорян, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышышты.

Иш-чаранын модератору "Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлиги" жалпы россиялык коомдук уюмунун президенти, президиумдун төрагасы – ЕАЭБ Ишкер кеңешинин президенти Александр Шохин болду.

Мгер Григорян: "Биздин Бирликтин аймагы – дүйнөдө жаратылыш ресурстарына жана пайдалуу кендерге эң бай аймактардын бири. Бирок биздин эң баалуу байлыгыбыз — адамдар. Максаттарга жетүүнүн натыйжалуулугу жана биздин атаандаштык артыкчылыгыбыз адамдардан жана алардын мотивациясынан көз каранды экени шексиз. Бардык формалдуу аныктамаларды эске алуу менен биздин интеграциянын негизги мааниси – бул Евразиянын башкы дарамети жана келечеги катары адамдык капиталды өнүктүрүү".

Александр Лукашенко: "Акыркы убакта дүйнө туруктуу чыңалуу жана белгисиздик шартында жашап жатат. Экстраординардык шарттарда күчтүү казык болуп дайыма туруктуу экономика эсептелет. Бирок бүгүнкү күндө ар бир мамлекеттин экономикалык чек аралары ушунчалык айкын, ал эми соода тармактары ушунчалык деңгээлде чырмалышкан болгондуктан, экономикалык туруктуулукка жалгыз жетишүү — бир да мамлекет үчүн дээрлик аткарылбас маселе. Ошондуктан ар бир өлкө мисалы, ЕАЭБ, ШКУ, БРИКС, АСЕАН сыяктуу күчтүү регионалдык жана эл аралык бирикмелерге катышууга кызыкдар".

Касым-Жомарт Токаев: "Өткөн жылдагы окуялар жаңы глобалдык логистиканын негизги элементи катары "Түндүк ‒ Түштүк" транспорттук коридорун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн кайрадан айкын көрсөттү. Бул меридионалдык коридор кеңдиктик Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы менен макулдашылат. Ошондуктан, биз эки каттамдын координацияланган жана системалуу өнүгүүсүндө олуттуу синергияны көрүп турабыз. Бул өнөр жай, транспорт жана экономика үчүн гана өсүү чекити эмес. Бул каттамдар абдан чоң Евразиянын ичинде өз ара аракеттенүүнүн жана кооперациянын деңгээлин түп тамырынан өзгөртүүгө жөндөмдүү. <...> Жалпысынан алганда, биз азыр Евразиянын буга чейин болуп көрбөгөн жаңы транспорттук каркасын калыптандырып жатабыз десек аша чапкандык болбойт.

Садыр Жапаров: "Мамлекет тарабынан бизнестин кызыкчылыктарын коргоо жана аларды колдоо ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө артыкчылыктуу милдет болуп саналат. Бул жагынан алып караганда Бирликте бизнес-омбудсмен институтун түзүүнүн максатка ылайыктуулугу маселесин иштеп чыгуу зарыл деп эсептейм. <…> Ишкердик субъекттери туш болгон чектөөлөрдү четтетүү менен катар евразиялык рейтинг агенттигин түзүү евразия регионунун өлкөлөрүнүн каржылык көз карандысыздыгынын деңгээлин жогорулатууга жана инвестициялык ишмердикти күчөтүүгө мүмкүндүк бермек".

Владимир Путин: "Биз глобалдык аренада чынында терең, фундаменталдуу өзгөрүүлөр болуп жатканын көрүп турабыз. Барган сайын көбүрөөк мамлекеттер улуттук суверенитетти бекемдөөгө, өз алдынча, көз карандысыз ички жана тышкы саясатты жүргүзүүгө, өнүгүүнүн өздүк моделин карманууга багыт алууда. Алардын баары эл аралык экономикалык мамилелердин жаңы, кыйла адилеттүү архитектурасын курууну жакташат, дүйнөлүк процесстерге конструктивдүү таасир этүүгө, бири-биринин кызыкчылыгын урматтоого жана эске алууга негизделген өнөктөштүк байланыштардын тармагын кеңейтүүгө умтулушат".

Михаил Мясникович: "Келечекте өнүктүрүүнүн негизги фактору болуп инвестициялык ишмердик эсептелет. Импортту алмаштыруунун жалпы бирликтик программасы керек. Технологиялык суверенитет электрониканы, станок курууну, дары өндүрүүнү, химиялык жана биологиялык ишканаларды, жогорку технологияларды түзүү боюнча масштабдуу маселелерди чечүүнү болжойт. Бул максаттарда каржылоо булактарын жана мотивациялык механизмдерди аныктоо зарыл".

Катышуучулар

Форумдун ишине Россиядан жана 59 өлкө жана аймактардан 2700дөн ашык катышуучулар жана ЖМК өкүлдөрү катышышты.

Жогорку кызматтагы расмий адамдардын арасында Форумдун ишине Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин; Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко; Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев; Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.

Иш-чарага ошондой эле Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Мгер Григорян; Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко, Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары, соода жана интеграция министри Серик Жумангарин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын Биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын Орун басары Алексей Оверчук катышты.

Форумга тогуз министр катышты, алардын арасында:

Россия Федерациясынын энергетика министри Николай Шульгинов, Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев; Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев; Кыргызстандын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев; Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев; Кыргызстандын юстиция министри Аяз Баетов; Никарагуанын финансы жана мамлекеттик насыялар министри Иван Адольфо Акоста Монтальван; Беларусь Республикасынын экономика министри Александр Червяков; Беларусь Республикасынын эмгек жана социалдык коргоо министри Ирина Костевич; Беларусь Республикасынын энергетика министри Виктор Каранкевич; Беларусь Республикасынын билим берүү министри Андрей Иванец.

Форумга эл аралык уюмдардын жана бирикмелердин башчылары катышты, алардын ичинде:

Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Мин Чжан; Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун Төрайымы Эрна Айриян; Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын Жооптуу катчысы Сергей Поспелов; КМШнын Электр энергетика Кеңешинин Аткаруу комитетинин Төрагасы Тарас Купчиков; Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин Башкы катчысы Сергей Лебедев; Бирлик мамлекетинин Туруктуу комитетинин Мамлекеттик катчысы Дмитрий Мезенцев.

Биздин Америка элдери үчүн Боливариан альянсынын Аткаруучу катчысы Феликс Рамон Пласенсия Гонсалес сессиянын алкагында видео кайрылуу менен чыгып сүйлөштү.

Аянтчада ошондой эле 13 дипломатиялык корпустун башчылары келишти.

Форумга Индонезиядан көп сандагы делегация катышты, жогорку кызматтагы расмий адамдардын арасында аянтчага Индонезиянын энергетика жана минералдык ресурстар министринин энергетикага өтүүнү тездетүү стратегиясы жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча атайын кеңешчиси Эго Сяхриал; Индонезиянын Россиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хосе Антонио Морато Тавареш; Минахаса (Индонезия) Өкмөтүнүн Регенти Ройке Октавиан Роринг; Түндүк Сулавеси (Индонезия) провинциясынын губернатору Олли Дондокамбей; Манадо (Индонезия) шаарынын мэри Андрей Ангоу катышышты.

Иш-чаранын аянтчасын бардыгы болуп 38 өлкөдөн жана аймактардан келген чет элдик расмий делегациялардын өкүлдөрү келишти.

Форумга 400гө жакын компаниянын 550дөн ашык бизнес өкүлдөрү катышты.

ЕЭФ-2023 өнөктөш-өлкөсү

Форумдун өнөктөш-өлкөсү Индонезия Республикасы болду. ЕЭФ-2023 алкагында бул өлкөнүн бийлик органдарынын жана ишкерлер коомдоштугунун өкүлдөрү менен бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. "ЕАЭБ — Индонезия" бизнес-диалогунун катышуучулары кызматташтыкты тереңдетүү боюнча артыкчылыктуу милдеттерди карап чыгышты, туруктуу инфраструктураны түзүү, ошондой эле жеткирүү чынжырларын өстүрүү, санариптик демилгелерди өнүктүрүү жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды четтетүү маселелерин талкуулашты. Бизнес-диалог бизнес-эртең мененки тамак жана В2В-иш-чаралар — нетворкинг-сессия жана компаниялардын эки тараптуу жолугушуулары форматында улантылды.

"Жашыл Евразия" эл аралык климаттык конкурсу

Форумдун алкагында "Жашыл Евразия" эл аралык климаттык конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты өткөрүлдү. Конкурс Евразия экономикалык комиссиясы менен биргеликте "Жаңы долбоорлорду илгерилетүү боюнча стратегиялык агенттик" АКэУ тарабынан «Таза энергия жана энергиянын натыйжалуулугу», «Таза өнөр жай», «Туруктуу айыл чарба», «Төмөн көмүртектүү транспорт», «Жашыл курулуш», «Жашыл каржылоо», «Калдыктарды натыйжалуу башкаруу», «Экологиялык маданият жана климаттын күн тартибине калкты тартуу», «Айлана-чөйрөгө жана климатка көз салуу» жана «Аз көмүртектүү өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясат» сыяктуу он номинация боюнча өткөрүлгөн. Конкурстун алкагында сунушталган долбоорлор профессионалдык коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган эксперттик топ тарабынан бааланды.

Сыйлоого Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Мгер Григорян, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко катышты.

Макулдашуулар

Евразия экономикалык комиссиясынын Жаштар кеңеши жана Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Жаш дипломаттар кеңеши кызматташуу программасына кол коюшту.

Россиянын ТИМинин ММЭМИ, Беларус мамлекеттик университети, Беларус мамлекеттик экономикалык университети, Кыргыз Республикасынын ТИМинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы жана Ереван мамлекеттик университети Евразиялык интеграция жаатындагы консорциум жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Маалыматтык өнөктөштөр

Маалыматтык өнөктөштөр катары 31 ЖМК чыгышты.

Армения: Armenpress, АрмИнфо, «NovostiNK» тармактык басылмасы, «Ноев Ковчег» газетасы

Беларусь: БЕЛТА, «ПраймПресс»

Казахстан: «DKNews», «Казинформ» ЭМА, «24KZ» телеканалы

Кыргызстан: ЭлТР телекомпаниясы, Акчабар, «АиФ-Кыргызстан» газетасы, «Комсомольская правда» Кыргыстан БҮ, «News-Asia» Борбор Азиялык маалыматтык порталы, «Кабар» КУМА, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы

Россия: ТАСС, «Новости» РМА, Федерал пресс, Интерфакс, TV BRICS, NEWS.ru, «Парламентская газета», «Мир», «Российская газета», ИД «Комсомольская правда», «Лента.ru», «Газета.ru», «Секрет фирмы»

Иран: IranPress

Мир: Sputnik

Форумдун оператору

Форумдун оператору Росконгресс фонду – социалдык багыттагы финансылык эмес өнүктүрүү институту, эл аралык, конгресстик, көргөзмө жана коомдук иш-чаралардын ири уюштуруучусу болду.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2023-жылдын 25-майындагы отурумунун жыйынтыктары

25 Мая, 2023

ЕАЭБ жөнүндө келишимге оңдоолордун топтому — III Чоң Протокол кабыл алынды. Анын негизги максаты — укук колдонуу практикасынын жүрүшүндө аныкталган укуктук жөнгө салуудагы кенемтелерди четтетүү, Бирлик жөнүндө келишимде колдонулган терминологияны тактоо, Бирликтин органдарына техникалык жөнгө салуу, фитосанитардык чаралар, бирликке караштуу байкоочу-мамлекеттин статусу, мамлекеттик сатып алуулар жагында бир катар ыйгарым укуктарды берүү.

Мамлекет башчыларына Cтратегия-2025ти 2022-жылы ишке ашыруунун жыйынтыктары сунушталды.

ЕАЭБ жөнүндө келишимге өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол кабыл алынды. Биргелешкен өнөр жай кооперациялык долбоорлоруна финансылык көмөк көрсөтүү эл аралык жана улуттук каржы уюмдары тарабынан берилген кредиттер жана зайымдар боюнча пайыздык чендерди субсидиялоонун эсебинен жүзөгө ашырылат, алардын тизмесин ЕЭК Кеңеши аныктайт.

Мамлекет башчыларына 2022-жылы Евразия экономикалык бирлигинин эл аралык ишмердүүлүгүнүн Негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө баяндама сунушталды. Дүйнөлүк сооданын жана инвестициялардын басаңдашынын фонунда Азия-Тынч океан жана Жакынкы Чыгыш региондорундагы соода-экономикалык өнөктөштөрдүн ЕАЭБ мамлекеттери үчүн маанилүүлүгү олуттуу өстү: Бирликтин тышкы соода жүгүртүүсүндө Кытайдын, Индиянын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Ирандын жана башка өлкөлөрдүн салыштырма салмагы көбөйдү.

Жогорку кеңеш тарабынан туризм, метеорология, маркшейдерлик, мүлктү баалоо, курулуш жана кинематография чөйрөсүндө либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу боюнча колдонууга милдеттүү баяндама жактырылган. Анда либералдаштыруу көйгөйлөрү, анын ичинде жөнгө салуунун мазмундук эквиваленттүүлүгүнүн критерийлери, административдик кызматташтык жана аларды чечүүнүн жолдору келтирилген.


ЕАЭБ товарларды экспорттоого жана импорттоого лицензияларды жана уруксаттарды электрондук түрдө берүүгө даярданууда.



ЖЕЭК отурумунда кол коюлган жыйынтыктоочу актылардын тизмеси

1. "Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.

2. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда каржылык көмөк көрсөтүү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол.

3. "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери тарабынан өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү жөнүндө" чечим.

4. 2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасы тарабынан 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимди, Евразия экономикалык бирлигинин укуктарына кирген айрым эл аралык келишимдерди жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларын колдонуусу боюнча шарттары жана өткөөл жоболору жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол.

5. 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол ("III Чоң Протоколдун").

6. "Табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун 20-пунктунун 5-пунктчасына ылайык маалымат берүү жөнүндө (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 20 тиркеме).

7. "Евразия экономикалык комиссиясынын Иш регламентинин № 1 тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" чечим (товарларды экспорттоого жана (же) импорттоого лицензияларды жана уруксаттарды берүүнүн эрежелерин бекитүү).

8. "Евразия экономикалык комиссиясынын иш регламентинин № 1 тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" чечим. (бажы операциялары).

9. "Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым секторлору боюнча либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө" тескеме.

10. "Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин 2014-жылдын 23-декабрындагы № 112 чечимине өзгөртүү киргизүү жөнүндө чечим".

11. "2021-2022-жылдары Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери Кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну, уюштурууну жана ишмердикти жөнгө салуу эрежелеринде каралган жоболорду аткаруусуна мониторингдин натыйжалары жөнүндө" тескеме.

12. "Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы № 7 тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" тескеме.

13. "Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумун өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" тескеме.

ЕАЭБ товарларды экспорттоого жана импорттоого лицензияларды жана уруксаттарды электрондук түрдө берүүгө даярданууда

25 Мая, 2023

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары 25-майда кол койгон ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол лицензияларды жана уруксаттарды берүүнүн эрежелерин келишимде айрым ченемдерди сактоо менен өз алдынча документке бөлөт.

Протокол андан ары ратификацияланууга тийиш жана лицензияларды жана уруксаттарды берүү эрежелеринин жаңы редакциясы менен бир убакта күчүнө кирет. Алардын долбоорун азыр Евразия экономикалык комиссиясы даярдап жатат.

"Мүчө мамлекеттердин экономикаларын санариптештирүүнү өнүктүрүү шарттарында мындай чечимдер товарларды экспорттоого жана импорттоого лицензияларды жана уруксаттарды берүүдө документтердин кагаз жана электрондук көчүрмөлөрүн азыраак пайдаланууга өбөлгө түзөт. Бул, албетте, жол-жоболорду жөнөкөйлөтөт жана ЕАЭБде бизнес жүргүзүүгө жагымдуу таасирин тийгизет", — деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

ЕАЭБ жөнүндө келишимге түзөтүүлөр топтому кабыл алынды

25 Мая, 2023

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 25-майдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү камтыган III Чоң протоколго кол коюшту.

III Чоң протокол 2021-жылдын июлунан 2022-жылдын июнуна чейин иштелип чыккан. Анын негизги максаты — укук колдонуу практикасынын жүрүшүндө аныкталган укуктук жөнгө салуудагы кенемтелерди четтетүү, Бирлик жөнүндө келишимде колдонулган терминологияны тактоо, Бирликтин органдарына техникалык жөнгө салуу, фитосанитардык чаралар, бирликке караштуу байкоочу-мамлекеттин статусу, мамлекеттик сатып алуулар жагында бир катар ыйгарым укуктарды берүү.

Мисалы, ЕАЭБ жөнүндө келишимге Бирликтин карантиндик объекттеринин бирдиктүү тизмегине киргизилбеген, бирок фитосанитардык коркунучту камтыган зыяндуу организмдерге карата укуктук жөнгө салууну белгилеген бир катар ченемдер киргизилген. ЕАЭБ жөнүндө келишимге № 3 тиркемесинде "трансчек аралык ишеним мейкиндиги" түшүнүгүнүн аныктамасы такталган: ыйгарым укуктуу органдардын (G2G) ортосундагы өз ара аракеттешүүдөн тышкары, эми электрондук документтерди, маалыматтарды электрондук түрдө түзүү, жөнөтүү, берүү жана алуу процессинде чарбакер субъекттер менен ыйгарым укуктуу органдардын (B2G) ортосунда өз ара аракеттешүү мүмкүн. Товарларды экспорттоого жана импорттоого лицензияларды жана уруксаттарды берүү эрежелери күчүн жоготту деп табылат (III Чоң протокол күчүнө киргенден кийин бул эрежелер комиссия тарабынан белгиленет). ЕАЭБ жөнүндө келишимге 25-тиркеме электрондук форматта мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө электрондук санариптик кол тамганы өз ара таануу жөнүндө ченем менен толукталган.

Эми, III Чоң протокол ратификациялоо үчүн өлкөлөргө жөнөтүлөт.

Мамлекет башчыларына Cтратегия-2025ти 2022-жылы ишке ашыруунун жыйынтыктары сунушталды

25 Мая, 2023

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 25-майда Москвада өткөн отурумунда мамлекет башчыларына 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча 2022-жылдын жыйынтыгы менен баяндама сунушталды.

Баяндамада белгиленгендей, Стратегия-2025ти ишке ашыруунун экинчи жылы экономикалык жактан татаал мезгилге туш келди. Россия менен Беларуска каршы киргизилген санкциялар Бирликтин ишине таасирин тийгизбей койгон жок. "Бирок, экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана Стратегияны ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттердин аркасы менен көпчүлүк көрсөткүчтөр – ИДП, өнөр жай өндүрүшү, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана башкалар боюнча турукташтырууга же оң тенденцияларга жетишүүгө мүмкүн болду", — деп айтылат докладда.


Маалымат

ЕАЭБде ИДПнын физикалык көлөмүнүн индекси 2022-жылдын январь-мартына карата 2023 -жылдын январь-мартында алдын ала баалоо боюнча 98,8%ды түздү.

ЕАЭБде айыл-чарба продукциясын өндүрүү 2023-жылы өсүүнү улантууда. Биринчи чейректеги өсүш 2,9% түздү. ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө өсүш байкалган.

Үч ай ичинде ЕАЭБдин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 99,5% түздү. Кыргызстанда (+7,6%), Арменияда (+3,6%), Казакстанда (+2,8%) жана Беларуста (+1,8%) өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү белгиленди.

Өз ара соода өсүштүн оң динамикасын көрсөтөт. 2023 – жылдын январь-мартында Бирлик мамлекеттеринин ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 20% дан ашык өстү.


НСИ базасы дагы маалымат
Статистика дагы маалымат
Сертификациялоо
органдары
дагы маалымат
Бажы кампаларын
издөө
дагы маалымат
Бирдиктүү бажы

тариф
дагы маалымат
Изилдөө дагы маалымат
Товарлардын келген
жана кеткен жерлери
дагы маалымат
Үчүнчү тараптар менен соодалашууда тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонула турган товарлардын бирдиктүү тизмеси дагы маалымат
Атаандаштык дагы маалымат
Евразия интеграциясынын
китепканасы
дагы маалымат